Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанда биринчи жолу бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өткөн. Анда 16 өлкөдөн келген 98 кий чебери беттешип, орусиялыктар утуп чыгышса, бизден Канат Сыдыков намыска жарап, 3-орунду алган. «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын супер спортчусу» наамына талапкерлердин бири Канат Сыдыков бизде конокто.
КАНАТ ЖӨНҮНДӨ
Туулган жылы – 1989-жыл, 31-май.
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Аманбаев айылы.
Жетишкендиктери – Кыргызстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону. Эл аралык класстагы спорт чебери.Бойдок, 3 бир тууган, 2 эжеси бар.
– Канат, кантип бильярд дүйнөсүнө аралашып калдың эле?
– Атам айылдын клубун иштетчү. Ал жерде теннис, компьютер оюндары ойнотулчу. Анан бильярд столун да алып келип койгон. 14 жашымда биринчи жолу кийди колума кармап, ошондон бери ойноп келем. Бул деңгээлге жетишиме машыктыруучум Каныбек Дүйшөбаевдин салымы чоң.
– Москвада өткөн Кремлдин Кубогунда эмне үчүн ийгилик жарата албай калдың?
– Кичинемден бери ооруп жүргөн бутума жакында эле операция жасаткам. Операция жасаган дарыгер Сабырбек Жумабековго ыраазычылык билдире кетким келет. Ошол операциядан кийин турбай, капталыма да оодарыла албай бир ай төшөктө жаткам. Анан көп даярдана албай эле жөнөп кеткем.
– Ханты-Мансийск шаарында болуучу бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна эмне үчүн барбай калдың?
– Каражаттын жоктугунан барбай калдым. Ал эми Каныбек Сагынбаев жана башкалар демөөрчүлөрдүн жардамы менен кетишти. Негизи эле мамлекет тарабынан бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Бардык турнирлерге өз каражатыбыздан барабыз.
– Чет өлкөлөргө чыкканда тил жагынан кыйналган учурлар болобу?
– Мындан эки жыл мурун Германиянын Виллинген деген жеринде бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 4 киши барып калдык. Франкфурт-на-Майне шаарынын аэропортуна конгонубузда турнирдин башталышына 3 саат калыптыр. Биз чүчү кулак таштоого жетишип калышыбыз керек эле. Эгер кечиксек, мелдешке кошпой коюшмак. Төртөөбүз тең англис тилин же немис тилин билбейбиз. Таксисттерге эптеп «Виллинген...» деп түшүндүрсөк, алакан жайышат. Көрсө, ошол аймакта Виллинген дегенден төртөө бар экен. Акыры «бильярд» деп жатып түшүндүргөнбүз. 185 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге араң жетсек, «чүчү кулак башталганына 5 мүнөт болду» деп киргизбей жатышпайбы. Анан суранып жатып киргенбиз. «4 эле бильярдчы экен...» деп киргизип алышып, кийин өкүнүп калышкан. Себеби ошондо Каныбек Сагынбаев 1-орунду илип кеткен.
– Ортого акча сайып да бильярд ойнойсуңбу?
– Ооба, кээде болуп калат. Мисалга, ушул эле жылдын жаз айларында Кара-Балта шаарына бармак элем. Мени менен кошо бара турган адам телефон чалып, «40 мүнөттө барып калам, күтүп тур» деп калды. Ал келгиче кофе ичип турайын деп бир кафеге киргем. Кофе ичип жатсам 1 киши келип, «кел, иним, бильярд ойнобойлубу?» деп сунуштап калды. "Мен жакшы ойной албайм" десем, «мен деле жакшы ойной албайм, мага жолдош болуп ойноп берчи» деп калды. Макул болуп оюнду баштап жатсак, «ортого 200 сомдон коюп койбойлубу, кызыктуураак болот» деп алдай баштады. Ага «менин 40 мүнөт убактым бар, анан кетишим керек. 500 сомдон эле коёлу да, 2 партия ойнойлу» десем сүйүнүп кетти. Ойноп отуруп, экөөбүздүн 40 мүнөтүбүз 4 саатка созулуп кетти. Качып кетпесин деп мен да анча-мынча утулуп берип коём. Ал болсо мени качып кетпесин дейт. Ошентип 4 саатта анын 46 миң сомун утуп алгам.
– Маегиңе рахмат, ийгиликтер болсун!