7-12-ноябрда Минск шаарында өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан командалык эсепте 8 упай топтоо менен 9-орунду ээлегени мелдештин расмий сайтынан маалым болду. Коло медалдарга татыган Курманбек Адил уулу (82 килограммга чейин) менен Канатбек Абдуллаев (90 килограммга чейин) капчыгыбызга 3 упайдан алып келишкен. Ошондой эле 1 упайдан 5-орунга илинишкен Кылычбек Саркарбаев (100 килограммга чейин) менен Максат Мусабаев (+100) кошо алышкан. Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке өлкөбүздөн 8 спортчу катышып келди.