13-ноябрда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Айта кетсек, бул мелдеш – бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча уюштурулуп жаткан II Дүйнө биринчилиги. Кубандырганы, туңгуч чемпиондук 2007-жылы Санкт-Петербургда өтүп, аны мекендешибиз Каныбек Сагынбаев жеңип алган. Ошондой эле бул ирет биринчи жолу ага кыз-келиндердин катышуусу күтүлүүдө. Ушул тапта мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн эркектер арасында 80ден ашуун жана кыз-келиндер арасында 20дан ашуун бильярдчы катышуу тилегин билдирди.
Мелдештин байге фонду 2 миллион 100 миң рублду түзөт. Машыктыруучу Константин Коробов кабарлагандай, кыргыздын намысын аталган биринчиликте төмөнкү кий чеберлери талашышат: Каныбек Сагынбаев, Камолиддин Есиддинов, Антон Нетесов, Зайлан Адамов, Азиз Мадаминов, Качкынбай Нурумбетов жана Улукман Карагулов.