7-ноябрда Казакстандын Чымкент шаарында көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш аяктады. Ага Казакстан менен Кытайдын спортчуларынан тышкары биздин ат үстүндөгү азаматтарыбыз да катышышты. Чемпиондук үчүн финалда кыргызстандык "Кабылан" жана "Кожомкул" командалары беттешип, "Кабылан" 8:2 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу "Кабыландын" машыктыруучусу Азиз Уралиев билдирди. "Бул жеңиштин мааниси чоң. Акыркы жылдары казак көк бөрүчүлөрү Борбор Азияда жеңишти бербей келишкен",- дейт Азиз мырза.