Бир кездерде кыздардын жүрөк оорусуна айланган Ильяз Абдыразаков – азыр Медина деген эркесинин сүйүктүү жолдошу. Анан да өзүнө куюп койгондой окшош Розан аттуу ширин балакайдын атасы.
– Ильяз, кандайсың? Жакында Казакстанда жеке концертиңди берип келдиң. Боордоштордун купулуна толо алдыңбы?
– Концерт көңүлдөгүдөй болуп, казак боордоштор жылуу тосуп алышты. Конок катары досум Кайрат Нуртас, «Бейбит Корган», «МузАрт»топтору катышышты. Казак туугандардын купулуна толгудай эле концерт болду окшойт, кол чаап, колдоп тургандарына караганда. Кыскасы, кыргыздарды уят кылган жокмун. Эми ошол топ менен жакында, буюрса, Бишкекте концерт койсомбу деп пландап жатам.
– Өзүңдү кино жаатында дагы сынап көрдүң. Тасмаларда өзүңдү жетиштүү деңгээлде ойнодум деп ойлойсуңбу?
– «Азап», жакында эле чыккан «Атымды башка коёмун» тасмаларында мен жалаң өзүмдү, ырчы Ильяздын ролун ойнодум. Ошол үчүнбү, мага "сен тигиндей ойнодуң, мындай ойносоң болмок" деп сын айткандар дээрлик болгон жок. Баары эле "жашоодо кандай болсоң, тасмада да ошол эле экенсиң" дешти. Мага өзүмдүн жараткан ролдорум жакты. Биз менен актёрлордун айырмачылыгы, клипте аз киши болсо, кино талаасында көп киши менен иштешүүгө туура келет экен. Анын ар бири менен тил табышып иштешиш өзүнчө түйшүк тура.
– Мурун жылаңач денеңе костюм илип алып сахнага чыгып калчу элең...
– Ал кезде кийим эле эмес, чач жасалгалар да башкача эмес беле. Жаңы чыгып жүргөн кезде сахнага чыкканда да өзгөчө чыксам дейсиң. Азыр жылаңач дене менен жүргөн видеолорумду көрсөм, «кантип чыктым экен?»деп уялам. Бирок түшүнүү менен карап, өзүмдү өзүм кечирип коём.
– Кичинекей кезиңден сахнада жүрөсүң, ырчылык сага эмнени үйрөттү?
– Оо, бул кесибим мага көп нерсени үйрөттү. Ырчылыктын артынан ар кандай сындардан өттүк. Ак-кара, жакшы-жаманды ажырата билип, ысык-суукка туруштук берчүдөй эле болуп калбадыкпы. Азыркы ийгиликтердин баарын ырчылыктын артынан таптым десем болот.
– Бизге берген бир интервьюңда «жаш балага такыр жакын эмесмин. Ооздорун кыйшайтып ыйлаганда жиним кайнап кетет»деген элең. Ата болдуң, уулуң ыйлаганда жинденип жатасыңбы?
– Туура, ал жагым бар. Кээде Розан ыйласа, чыдай албай апасына таштап кетип калам. Соороно калса эле кайра эзилип, жакшы көрүп кетем.
– Балаң торолуп калыптыр. Кылык-жоруктары чыгып сүйүнтүп жаткан турбайбы...
– Уулубуз Розан үч айга толду. Баары баламды мага окшоштурушат. Чоңойгондо эле өзгөрүп кетпесе... Бирок мени тартса жакшы болмок. Күн өткөн сайын өнөрү чыгып жатат. Наристелердин өздөрүнүн тили болот эмеспи. Розан да азыр бизге түшүнүксүз, өзүнүн тилинде сүйлөп баштады. Оюнчуктарынан музыка чыкса, кадимкидей «ау-уу»деп кошулуп ырдайт. Эртең менен бизден биринчи ойгонуп, анан Медина экөөбүздү ойготот. Биз да ар бир кыймылына толкунданып, эркелетип отура беребиз. Балам азыртадан эле музыкага жакын, токтоп калса кадимкидей чатак салып ыйлайт, музыка болсо алаксып жата берет.
– Балага мээрим төгө берип, Мединаны унутуп коюп жаткан жоксуңбу? Сүйүүңдү билдирип турасыңбы дагы деле?
– Медина экөөбүздүн ортобузда эч кимге айтпай турган сүйүү сезимдерибиз бар. Сүйүүмдү дайым билдирип турбасам да, ал жүрөгүмдө жашайт. А бирок, ишенесизби, кээде «чын эле сүйүү балага өтүп кетеби?»деп да ойлоп кетем. Анткени Медина бала менен болуп, мени көп ойлонбой деле калды. Күнү-түнү Розан менен убара.
– Жаңы үйлөнгөндө «Медина кызгана берет»дечү элең. Ишеничине кире алдыңбы?
– Мурун жөн жерден деле кызганып, ар кандай суроолорду бере берчү. Азыр болсо мени менен иши деле жок. Жаңы үйлөнгөнүбүздө «бир жакка кетсең айтып кет»деп турса, азыр унчукпайт. Жадакалса эмне кылар экен деп текшерип айтпай деле кетип көрдүм, "кайдасың, качан келесиң?" деп чалган жок. Балким, чын эле ишеничке кирип калгандырмын. Бирок анча-мынча кызганыч сезимдери кала элек.
– Сенчи, келинчекти катуу кармаган эркектерге киресиңби же өз эркине коёсуңбу?
– Ар бир адамда кызганыч болуш керек, түбөлүк жары болгондон кийин. Антпесең Кудайга да жакпайт болуш керек бул нерсе. Өтө катуу кармап, "аны кылба, муну кийбе" деп ашыкча чек коё бербейм. Жаңы турмуш курганыбызда классташ, группалаштары менен туулган күндөргө өзүм алып барып, бүткөндө алып келип жүрдүм. Азыр кимдир бирөө чалса «ал ким?»деп такалабайм, көңүл деле бурбайм. Бирок, албетте, алыска жалгыз жөнөтпөйм.
– Сүйүктүү жубайың кандай келин? Кайненеси менен кер-мур айтышкандардын катарында эмеспи?
– Аны апамдан сурабасаңыздар, мен билбейм. Бирок апамдын Мединаны жамандаганын уга элекмин. Келинчегим 1-2 күнгө туугандарыныкына кетсе, апам «Медина качан келет экен?»деп менден сурап баштайт.
– Мурунку продюсериң Баяке Чааров мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Кандай адам катары эсиңде калды?
– Баяке менен байланышпаганыма 1 жылдай болуп калган. Угушумча, ал Нарындан тойдон келатып кырсыкка кабылып, көз жумуптур. Ар бир адамдын башында өлүм бар эмеспи. Жакшы киши болчу, биздин байкебиз болуп кала берет. Жаткан жери жайлуу болсун. Жаназасына барып топурак салып келдим.
– Маегиңе рахмат!
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg