АКТЁРЛУК СҮЙҮҮСҮН АЛМАШТЫРБАГАН АЛЬ ПАЧИНО

БАКТЫСЫЗ ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Альфредонун ата-энеси Сальватор жана Роза аз эле убакыт чогуу жашаган. Бул бактысыз никеден төрөлгөн уул эки жашка чыкканда атасы үйүнөн чыгып кетет. Күйөөсү таштап кеткенине жини келген Роза кичинекей Альфредону өзүнүн энесине багууга берген. Ошентип, Альфредонун балалыгы кейпи кеткен тар үйдө, карыган таята-таене жана эки дүлөй таежесинин чөй­­рөсүндө өткөн. Альфредо 7 жашка чыкканча таенеси аны эшикке чыгаргандан коркуп, башка балдар менен ойнотпой чоңойтот. Ушундай тар чөйрөдө Альфредо тартынчаак жана коркок бала болуп өсөт. Анын балалык дүйнөсүндө кино чоң роль ойногон. Кунарсыз жашоосунда Альфредонун көңүлүн ачкан ар кандай жанрдагы фильмдер болгон. Таенеси менен дем алыш күндөрү театрга барып, спектакль көрүп келгенди да жакшы көргөн. Ал эми келгенде ал жактан көргөндөрүн дүлөй таежелерине укмуштуудай чебер кыймыл менен аткарып, түшүн­дүрүп берээр эле.

ТАЛАНТ БАШАТЫ
Альфредонун тубаса таланты мектепте байкалат. Танапис учурунда бал­дарды чогултуп алып өзү ойлоп тапкан нерселерди кызыгуу менен айтып, алтургай, аткарып да жиберчү. Ал эми мектепте коюлган алгачкы спектаклде анын аткаруучулугу көп­төрдү таң калтырат. Анткени, кусуп жи­бере турган жерине келгенде Альфредо чындап кусуп жибергендиктен, аткарып жаткан башка бал­дарга сахнадан чыга качууга туура келген.
Өзүндөгү талантты сезген 17 жаштагы өспүрүм чыгармачылыкты тандап алат да, мектепти таштап, курьерлик жумушка орношот. Анткени, актёрлук билимге ээ болуу үчүн каражат топтоосу керек эле. Айрым учурларда жээрге тамагы жок, түнөөргө үйү жок көчөдө калган учурлары да болгон. Бар­дык кыйынчылыктарга чыдап жү­рүп Альфредо Америкадагы эң мыкты деген Ли Страсберг аттуу актёрлук мектепке кирет. Бул мектепте Американын эң мыкты деген актёрлору билим алган эле.
Мектепти бүткөн соң, алгач театрда иштеп жүрүп акырындык менен киного өтөт. Пьесадагы алгачкы ролу үчүн «эң мыкты актёр» деген атка татыйт. Ал эми киного тартылган биринчи ролу Аль Пачиного эч кандай ийгилик алып келген эмес. Бирок, экинчи тартылган «Крёстный отец» фильминен кийин Аль Пачинонун жылдызы жаркып чыга келет.

АТАК АЛЫП КЕЛГЕН ФИЛЬМ
Френсус Форд Копполенин «Крёстный отец» криминалдык фильминин башкы каарманына Аль Пачинону сунушташат. 20 мүнөттүк киносынактан кийин башкы каарман Майк Карлеонинин ролу Аль Пачиного таандык болуп калат. Ал ролду Жек Николсон аттуу актёрго берүү керек деп талашкан продюсерге режиссёр Френсус Форд Копполе караманча каршы чыккан. «Эгерде бул ролду Аль Пачиного бербесеңер, анда кинону менсиз тарткыла» деген кескин бүтүмдөн улам бул роль Аль Пачиного ыйгарылат.
Тубаса таланты, чоң роль жаратуу үчүн умтулуусу чындыгында эле Аль Пачиного болуп көрбөгөндөй даңк алып келди. Съёмка бүтүп, бул фильм жарыкка чыккан соң, Аль Пачинонун сүрөтү басма сөз бетине жайнап калды. Мына ушундан баштап анын чыныгы актёрлук жолу башталды.

КИНОГО КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Тез аранын ичинде ушундай атакка жетишкендиги Аль Пачино үчүн бир четинен кубаныч болсо, экинчи четинен башка маселе жармашкан. Анткени, актёр ичкиликке ооп баштаган эле. Ошондон уламбы, 1980-жылдарда атактуу Аль Пачино жөнүн­дө эч нерсе угулбай калат. Алгач кинону таштап театрга кетип, аздан соң ал жактагы жумушун да таштап, биротоло ичкиликке ооп кеткен эле. Ичип, баңгиза­тын колдонуп, деги эле жашоосуна кол шилтеп койгон сүйүктүү актёрун эл төрт жылдан соң көрүштү.
Досу режиссёр Синди Поллок Аль Пачинонун кайрадан киного келишине чоң салым кошкон. Досунун жардамы менен атайын аракечтиктен жана баңгиликтен дарылоочу клиникага жатып дарыланган соң, Аль Пачино кайрадан киного кайтып келди. Анын кайтып келгендеги биринчи ролу да аракечтин ролу болчу. Бул роль дагы Аль Пачиного чоң атак алып келген.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
«Менин өмүрүмдө бир гана чоң сүйүү болгон. Ал сүйүүмдү мен өмүр бою эч нерсеге алмаштырбай келем. Менин өмүрүмдөгү чөң сүйүүм – бул актёрлук кесибиме болгон сүйүүм» деп айтып келет Аль Пачино.
Чындыгында эле Донжуан атка конгон Аль Пачино эч качан үйлөнгөн эмес. Ага ашык болгондор өтө эле көп болгон. Атай кетсек, атактуу актрисалардан Дайан Китон, Дебра Уингер, Пенелопа Энн Миллер, Тьюсдей Уэлд, Кэтрин Куингам...
Антсе да актёрдун узакка созулган сүйүү романдарынан балдары бар. Аларды Аль Пачино жанындай жакшы көрөт.
70-жылдары Жил Клейберг аттуу актриса менен, 80-жылдары «Крёстный отец» фильминде өзүнүн өнөк­төшү болуп тартылган Дайан Китон аттуу актриса менен чоң сүйүүнү башынан өткөргөн.
Ал эми 90-жылы Яна Таррант аттуу аял Аль Пачинону тунгуч перзенттүү кылган. ДНК аркылуу кыз өзүнүн кызы экенине көзү жеткен Аль Пачино кызы Жули-Мари-Пачинону «өзүмдүн кызым» деп жарыя кылган.
2001-жылы актёр 63 жашында кайрадан ата болду. Беверли Д Анжело эгиз бала төрөп бергени үчүн актёрдон бир топ акча талап кылган.
Эгиз балдары Антон жана Оливияны Аль Пачино эч нерседен кор кылбайм деп сөз берген. Анткени, ал балдарынын бактысын бардыгынан кымбат турат деп эсеп­тейт. Учурда Аль Пачино 66 жашта. Нью-Йорк шаарында жашайт.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан