Белгилүү ди-джей Назира Кадыева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду.
"Бул менин маданият жаатында биринчи ирет алып жаткан төш белгим. 7-ноябрь – Басма сөз күнүнө карата Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов
маданияттагы маалыматтарды чагылдырган эмгегим үчүн ушундай сыйлык тапшырды",- дейт кубанган Назира. Куттуктайбыз, Назира, элге сиңген эмгегиңдин үзүрүн көрүп жүрө бер!