Бийчи Атай Өмүрзаков белгилүү бир партиянын колдоосу менен бий күйөрмандарына мастер-класс өтүп келди.
"Борбор шаарыбыздагы жаңы конуштарда жайгашкан ондон ашык мектепке барып, окуучуларга электрик буги бийин үйрөтүп, ийгилик сырларым менен бөлүшүп келдим",- дейт бийчи. Мындан сырткары Атай 18-ноябрда "Мен бийчи. Бишкек-2012" фестивалын өткөрөрүн билдирди. Жаштарды дени сак жашоого үндөгөн аракетиңе бали!