Орустар менен армяндар биргеликте тарткан «От винта 3D»аттуу толук метраждуу анимациялык фильм жакында жарыкка чыккан эле. Дал ушул мультфильмдин сценарийин «Көк салкын»комедиясын тарткан режиссёрлордун бири Тилек Чериков жазганы маалым болду. Анын айтымында, сценарий 2004-жылы эле жазылып, 2010-жылы сатылып кеткен. Кыргыз жигити жараткан сценарий менен тартылган бул чыгарма жакында көпчүлүктүн сынына коюлду. Ал 3,5 миллион долларлык бюджетти камтыган экен.