Акыркы жылдары жаш эстрада ырчыларына көмөк көрсөтүп, таптап, кыргыз маданиятына өз салымын кошуп келген продюсер Баяке Чааров мезгилсиз дүйнө салды. Автокырсык 10-ноябрдан 11-ноябрга оогон түнү саат 3төр чамасында Торугарт жолунда катталган. Кырсыкта эки унаа кагылышып, 3 адам түрдүү жаракаттарды алышса, Баяке Чааров ошол жерден жан берген.
Маркум бир канча жыл Ильяз Абдыразаковго продюсер катары колдоо көрсөтүп жүргөн. Эми гана кырктын кырын ашкан Баякенин артында жакындарына медер болчу туягы калбагандыгы өкүндүрөт. Баяке Чааровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун.