АБОРТТУН КУРМАНДЫКТАРЫ КАЙДА БАРАТ?

Замандын тартыштыгыбы же коомдун бузулуп бара жатканыбы, айтор, «күкүк» энелер көбөйдү. «Күкүк» дебегенде эмне дейбиз, окурман. Айрымдар эптеп төрөгөн соң көрүнгөн жерге таштап кетип жатышса, айрымдар колун кол, бутун бут кылып аборт жолу менен наристесин жок кылышууда. Эмесе, сөз аборт тууралуу болмокчу.

Үнсүз үшкүрүк

Алгач эле аборт тууралуу маалымат алганы борбордук ооруканалардын бирине башбактым. “Журналистмин” десем бардыгынын иштери чыгып, бош эместигин айтышкандан кийин айла жок ролумду өзгөрткөнгө туура келди. Борборубуздагы төрөтканалардын бирине барып, акушер-гинекологго кайрылдым.
– Эже, аборт маселеси менен келдим эле,- дедим жайланышып отургандан кийин.
– Канча ай?
– Мен эмес, курбумдун боюнда бар эле.
– Өзү келсин, анализдерин тапшырсын,- деди ал зирк эте.
Өзү келет. Бирок мен акысы жана аборт түрлөрү боюнча сүйлөшүп кетейин деген элем.
– Эртең саат 8ден 12ге чейин аборт жасалат. Халат, тапочкаларын ала келсин. Баса, УЗИни бизден жасатсын. Ал эми аборттун акчасы 1700дөн өйдө.
Ушуларды айткан врач шаша-буша башка кабинетке жөнөдү. Башка суроолорум жоопсуз калды. Ал жерди айланчыктап жүрүп айрым бир маалыматтарга ээ болдум. Көрсө, төрөткананын мекемесинин “УЗИден өтүп келсин” деген талабы да бекеринен эмес экен. Түйүлдүк канчалык чоң болсо, ошончолук акча көбүрөөк талап кылынат тура. Алгач УЗИден текшере турган адам “төрөйсүңбү же алдырасыңбы?” деген суроо берет дешет. Аборт жасата турганын билгенден кийин мөөнөтүн көбүрөөк кылып жазып берип коюшат экен. Врачтардын айлакерлигинин бардыгына кайыл болушуп, эптеп баласын алдырууну көздөгөн аялдар байкабай деле калышат имиш.
Аңгыча бир кабинеттен чыга келген кыз бетин басып отуруп онтоп алды. Күтүп турган курбусу колтуктай калды. “Мен күнөөлүү эмесмин. Мен...” деп сүйлөнүп жатып коридорду жаңырта бакырып, ыйлап жиберди. Ары жактан келген врач: “Алып кетпейсиңби, жалдырабай! «Наркоз бериңиз» дегенинен айтканын кылсаң минтип...”,- деп күбүрөнүп жатты.
Ушул төрөтканада канча адамдын тагдыры чечилип, канча жан чымчык болуп учуп кетип жатты экен?

Наристенин өмүрү канчага бааланат?

Кийинки сапарым жеке клиникалардан башталды. Бул жердеги айырмачылык, аборттун түрлөрү, акчалары тууралуу айтып беришти. Албетте, акысы кымбат. Ошого жараша “эненин кийинки ден соолугуна жакшы кам көрүшөрүн” айтып саймедиреди мени тосуп алган кыз. Мини-аборт 3 жумадан 6 жумага чейин жасалып, баланы сордуруп алышат. Акысы – 1700 сом. Ал эми 17-20-жума болуп калган түйүлдүктү наркоз жолу менен кесип алышарын, акысы 2500-3000ге барарын айтты. Эртең менен келип акчасын кассага төлөп, анан врачка кайрыла турганыма чейин түшүндүрүп, мени эшикке узатып чыкты.
Таң калганым, аборт жасата турган курбумдун жашын да, канчанчы баласы экенин да сураган адам болбоду. Жанталаша сүйлөп өзүнүн клиникасын жарнамалап, бардыгын айтып бергенине караганда, мындай кардарды колунан чыгарбоонун аракети экени көрүнүп турду.
Заманың түшкүр, түйүлдүктү өлтүргөндөн пайда таап, жашап калдык белем?!

Түйүлдүктөр мончого жагылат

Айрымдардын айтуусунда, түйүл­дүк­төрдөн да бизнес жасагандар, аларды кадимкидей таразага тартып сатышкандар бар имиш. «Беттин бырышына сүйкөлгөн бетмайлар түйүлдүктөрдүн клеткаларынан да жасалат» деген нерселерди кулагыбыз чалды. Ал эми түйүлдүктөрдүн ички органдарынан жана клеткаларынан ар кандай дары май, эритмелерди жасап сатышат дешет. Бирок бул имиш-имиштердин чын-төгүнүн тактай албадык. Мындай шумдуктуу кептердин аягы түгөнчүдөй эмес. Ошондон улам ушул жаатында изилдеп көрүүнү чечтим.
Аборт кылынгандан кийин түйүл­дүк­төрдү эмне кылышат? Бул суроого жооп алуу үчүн көп жерди кыдырдым. Айрымдары “жашыруун сырды айтканга акыбыз жок” деп моюн толгошсо, айрымдар “ошондон башка жазар эч нерсе калбай калдыбы?” деп жооп беришпеди. Гиппократтын антын беришкен дарыгерлерибиз бул сырга келгенде өтө бек экен. “Ал эми түйүлдүктүн өмүрүн кыйып жатканда Гиппократтын антын унутуп коюшабы?” деп ойлоп турдум.
Айтор, көп убарачылык менен бул суроого да жооп таптык. Борборубуздагы бир бейтапкананын гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген эже гана бул тууралуу ачык айтып берди.
Чакан поликлиникаларда аз мөө­нөттөгү аборт жасалат. Түйүлдүктөр сордурулуп алынганда көпчүлүк убактарда кан-жинге аралашкан суюктук болуп чыгат экен. Алар атайын айнек идиштерге куюлат. Түйүлдүктүн калдыктарынын үстүнө атайын дары куюлат. Анан түйүлдүктүн калдыктарын топтоп туруп борбордогу мончолорго алып кетишет экен.
Ал эми чоң мөөнөттөгү тү­йүл­­­­дүк­төргө көбүнчө атайын төрөтканада аборт жасалат. Алардын сөөктөрү, колу-буттары кадимкидей пайда болуп калгандыктан, атайын климаторияга жиберишет. Мына ошол жерден түйүлдүктөрдү өрттөп салышат. Ал эми кээ бир төрөтканаларда жерге көөмп да салышарын айтып өттү.

Бирөгө кор, бирөөгө зар...

Сураштырсак, болжол менен Кыргызстанда 15-18 жашка чейинки кыздарга1000ден ашык кош бойлуулук жана 800 аборт туура келет экен.
Мына замандаш, канча жан чымчык болуп учуп кетип жатканын ушундан эле билсе болот. Бул сандар жакынкы жылдары кескин кыскарбаса, арты эмне болот ким билсин...
Боюнан алдырып жаткан ар бир жаш эне, өзгөчө биринчи төрөттөгүлөр аборттун залакасынан кийин балалуу болбой калышы мүмкүн экендигин унутушпаса деп айтат элек.
Ошондуктан бул кадамга баруудан мурда жети өлчөп бир кесиңиз демекчибиз, ардактуу айымдар!

Абортко тыюу салынган өлкөлөр

Кыргызстанда жылына канча аял аборт жолу менен боюнан алдырары так эмес. Бирок соңку социологиялык иликтөөлөр боюнча, төрөт жашындагы аялга экиден ашуун аборт туура келиши ыктымал.

Ал эми көпчүлүк өлкөлөрдө аборт жасатууга тыюу салынган. Айта кетсек, Бириккен Араб Эмиратында, Ооганстанда, Египетте аборт кылууга таптакыр тыюу салынган. Ал эми Непалда жашырынып аборт кылдырган аялдарды «адам өлтүрдү» деген айып менен темир тор артына айдашат.

Японияда презерватив сатканга тыюу салынса, Түркияда күйөөсүнүн уруксаты менен гана аборт жасалат. Ал эми саны 5 миллиондон ашкан биздин элге бул сыяктуу мыйзам канчалык деңгээлде керек экени айтпаса да белгилүү эмеспи. Айтмакчы, мындан бир нече жыл мурун бул маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстанда 12 жумалык түйүл­дүктү боюнан алдырууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте каралган эле. Өлкөнүн Акыйкатчысы мындай мыйзам долбоорун даярдоого Кыргызстанда соңку мезгилдерде боюнан алдыруу тенденциясы күч алгандыгын жүйө келтирген. Бул долбоорго ылайык, 12 жума жана андан өтүп калган түйүлдүктү боюнан алдыруу кылмыш жасоого тете делген. Бул мыйзамды дин өкүлдөрү да колдошот. Ислам дининде аборт кылдыруу алтымыш адамды өлтүрүү менен барабар делет. Анткени өзүн-өзү коргогонго али күчү жете элек наристе өлтүрүлүп жатпайбы. Өкүнүчтүүсү, бул маселе аягына чейин каралган эмес.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан