12-ноябрь күнү Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы Олимпиадалык спорт мектебинин машыгуу залынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«2010-2011-жылдары Олимпиадалык спорт мектеби өздөрүнө машыгуу залын куруу үчүн 1 422 000 сомдук грант утуп алган. Гранттын өздүк салымы 150 000 сом болсо,
шаардык мэрия тарабынан 75 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилди»,- дейт аталган спорт мектебинин башчысы С.Бекманбетов.
Машыгуу залынын ачылышына келген өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков үй-бүлөсүнүн атынан 5000 долларлык заманбап спорттук жабдууларды белек кылды.