Нарын райондук балдардын спорт мектебинде эркин күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. КРнын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна ар кайсы район-шаарлардын атынан 11 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүм улан-кыздар катышышты. Жалпы катышуучу балбандардын саны 286 жана алардын 29у кыздар.
Мелдештин жыйынтыгында кубокту Нарын шаары жеңип алды. Ошондой эле 2-орунду Нарын району, 3-орунду Ак-Талаа районунун «Тайлак»спорттук клубу ээледи. Ал эми 1-орунду ээлеген 13 улан 13 түстүү телевизор, 2-орунду алган балдарга DVD-ойноткучу, 3-орунду камсыз кылган 26 бала спорттук сумкалар менен сыйланышты. Кыздардан алтоо 1-орунду алып, 2 телевизор, 4 DVD-ойноткучка ээ болушту. 2-орунду алган 6 кыз DVD-ойноткучун, 3-орунду алган 12 кыз спорттук сумкаларды белекке алышты.