НАРЫНДА МАЛДЫН БААСЫ АРЗАНДООДО

Нарын облусунда мал жана картошка арзан болуп жатат. Мунун кесепетинен дыйкандар жана малчылар "жайлата иштеген түшүмүбүз жакшы баага чыкпай калат" деп кейип жатышат. Ошондой эле малын тиешелүү баага сата алышпай, айрымдары кредиттик компаниялардан алган насыяларды төлөй албай кыйналышууда. Кочкор районунун мал жана дыйкан базарларында 1 койдун баасы 5000 сом, 1 уй 30 000 сом, 1 жылкы тукуму 60 000 сомго бааланууда.
Малдын арзандашынын себеби бар. Нарында былтыр кыш узак болуп, малга деп жыйналган тоют жетпей калып, бир тобу кыргынга учураган эле. Быйыл да бөөдө чыгым болбойлу деген көптөгөн малчылар малдарын тез аранын ичинде арзан баага сатышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан