12-ноябрь күнү УМККнын кызматкерлери тарабынан Нарын бажыcынын кызматкерлерине жана ишкер А.Кга Кылмыш жана жаза кодексинин 212-берене (жеке ишкердин салык төлөөдөн четтеши) жана 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
УМККнын маалымат кызматынын билдиришинче, 1991-жылы туулган А.К. 2011-жылдын октябрь жана декабрь айларында Кытайдан Кыргызстанга 77 миллион сомго товар (2649 тонна) алып келип, салык төлөгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 10 миллион 39 миң сом зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.