Ба лыкчы шаарында кылмышкерлердин колунан каза болгон милиция кызматкерлерине айкел орнотулду. Айкел тургузуу демилгесин Балыкчы шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Кандыбек Дагенбаев көтөргөн. Белгилей кетсек, айкел Кубатбек Ибраевге, Дайырбек Курманалиевге жана Мусабай Сариевге тургузулду. Кубатбек Ибраев 1980-жылы куралдуу кылмышкерди кармоодо каза болсо, Дайырбек Курманалиев жана Мусабай Сариев издөөдө жүргөн кылмышкерлерди колго түшүрүүдө каза табышкан. Айкелди тургузууга Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өз ыктыяры менен каражат чогултуп беришкен.