Гүлмира Эргешова, ырчы:«ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АЗЫР ДЕЛЕ СУУСАЙ БЕРЕМ»

«Түшүмө кирдиң түндө сен», «Сагындым айыл кечтерин» аттуу ырларды аткарып элге таанылган ырчы Гүлмира Эргешова «ак көңүл жанмын. Кино көрсөм деле көзүмдөн жашым куюлуп кетет. Балдарымдын, жолдошумдун айтканын кылып, азыр концерт менен мультфильмдерди эле көрүп калдым» деп бизге ачык маек куруп берди.

«АТАМ МАГА УСТАТ БОЛГОН»
– Балалыгым Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында өттү. Ата-энемдин эрке кызы элем. Таң атпай тамдын башына чыгып алып, бар үнүм менен ырдай берчүмүн. Мектепте өтчү кароо-сынактар эжемдерден артчу эмес. Анткени үй-бүлөбүз менен ырдачубуз. 1981-жылы мектепте «Асман жаңырыгы»деген ансамбль уюшулуп калды. Ошол ансамблдин алгачкы ырчыларынын бири мен болдум. Ырга жакын болушубузга атам себепкер болду окшойт. Атам комуз чаап, түрдүү күүлөрдү чертип калар эле. Азыркыга чейин атамдын «Даткайымды»созгону элестей берет.
Мен концерттерге катыша баштаганымда кичүү инимди кароолчу кылып кошуп берип коюшчу эле. Иним мага кароол эле болбостон, урма аспапта да ойноп жүрдү. Ошондогу сезимдеримди азыр эстеп жылмайып алам. Музыка дегенде жүрөгүмдүн түпкүрүндө ээликкен бир сезим пайда болор эле.
Ошол учурда «Кыз-Бурак»тобундагы Гүлмира Эргешова аттуу ырчы «Тынчтык керек», «Көгүчкөнүм»деген ырлары менен популярдуу болуп турган. Ал ырчынын ырдаганын радиодон угуп, өзүмдү анын ордуна коюп алчумун. «Мен Гүлмира Эргешовамын»деп койчумун.
Ошентип, окууну аяктадым. Атам менен тең куракташ агайыбыз бар болчу. Атама келип «Гүлмираны кайсы окууга окутканы жатасың?»деп сурады. Мен медик болсомбу деп жүргөм. Ал кишинин кеңеши менен атам мени Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна алып келди. Ал учурда техникумда сабактар орус тилинде окутулчу. Орус элдик оркестри бар экен. Экзаменге кирип эле Асанкалый Керимбаевдин «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат»аттуу ырын ырдадым. Ырдап баштаганымда «сен өттүң, диапазонуң аябай бийик тура, бизде окуйсуң»дешти. Анда мен болгону 17 жашта элем. Окуп жүрүп оркестрди жетектеген дирижёр болдум.
Бир жолу чоң залда концерт берип жатсак, жарык өчүп калды. Мен 2-3 ырды залды жаңырта ырдап бүткөндөн кийин эл аябай кол чаап, алкаган эле. Азыр үнүм мурдагыдай эмес. Адамдын ден соолугу кедергисин тийгизбей койбойт тура. Бийик үндүү болсом да, мурдагыдай болбой, назигирээк ырдап калдым (күлүп). Бирок чыгармачылыктагы эргүү эч качан өлбөйт экен. Азыр деле көөдөнүмдөгү башкача сезим менен чыгармачылыкка тойбой, суусай берем. 1988-жылы Карамолдо Орозов атындагы оркестр уюшулду. Барсам, жашымды сурап эле «жаш экенсиң» деп кетирип жиберди. Анткени 17 жашта элем. Анда Саламат Садыкова менен Ибрагим Жунусов да чакырылган экен. Кийин дагы бир жолу барып, жаш курагымдан улам оркестрде ойной албай калдым.

«ЖОЛДОШУМ МЕНИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫ КОЛДОЙТ»
– Күйөөм менен окуу жайда окуп жүргөндө таанышкам. Тогуз-Торо районуна келин болдум. Үй-бүлө менен алышып, 14 жыл Тогуз-Тородо жашадык. Ал жактан да «Макмал»вокалдык-инструменталдык ансамблге кабыл алынып, Тогуз-Торого бат эле таанылып кеттим. Чоң байгеге жетише албасам да, ал мезгилдеги менин жан дүйнөмдөгү оргуштаган музыканы элге жеткиргениме сүйүнчү элем. Турмушка чыккандан кийин деле жолдошум чыгармачылыгыма эч тоскоол болбоду. Чыгармачылыгымды өркүндөтүү максатында Жалал-Абад шаарына көчүп келдик. Экөөбүз тең Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияга ишке кирдик. Жолдошум да ыр, обон жазат.
2003-жылы Арзыбек Бедияровдун «Күлгүн жаш»эстрадалык тобуна келип калдым. Мына ошондон бери 20га жакын чыгармамды элге тартуулап келе жатам. Мен ишке кирген учурда агай аябай эмгектенип, чыгармачылыгын бапестеп карап жаткан кези экен. Чыгармачылыкта кантип иштеш керек, элге сиңимдүү ырларды кантип аткаруу, элдин жүрөгүнө жеткире ырдоо жолдорун агай мага үйрөттү. Өзүнө гана тиешелүү болгон өзгөчө обону бар, жумурай журтка таанымал агайдын ырларын элге тартуулап келе жатканыма сыймыктанам. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, балдарымдын келечеги кең, элге кереги тийген адам болсун деп шаарга келдик эле, Кудайга шүгүр, кыздарым окуп, иштеп жатышат. Кызым диктор болуп жүрүп турмушка чыгып, азыр кыздуу болду. Биринчи неберем болгондуктан, аябай кубанып, элге сүйүнчү айтып жаткан маалым.

ЫРЧЫ АЙЫМ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1968-жыл, 9-август
Жылдыз белгиси – Арстан
Хоббиси – Үй-бүлөсүнө даамдуу та­мактарды жасап берүү жана кийим тигүү
Учурда – 2 кыз, 1 уулдун апасы «Күлгүн жаш»элдик-эстрадалык, фольк­лордук тобунун жападан жалгыз ырчы кызы
.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан