11-ноябрда «Тамашоу» Лигасынын Ош облусундагы филиалынын 2-сезону ачылды. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 22 команда оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында Жалал-Абад шаарынан келген «Жалливуд»командасынын оюнчусу Жыпариза «Эң мыкты оюнчу», «Маанай»командасы «Эң мыкты тамаша», «Салиева»командасы «Эң мыкты команда»наамдарына ээ болушту. «Бул сезонго катышкандар мыкты оюн көрсөтүштү. Кийинки оюн декабрь айында өтөт. Жарым жана чейрек финалдардан өткөндөр Бишкекте боло турган чемпиондор финалына катышып, анан жогорку Лигага чыгууга мүмкүнчүлүк алышат»,- дейт «Тамашоунун» Ош облусундагы филиалынын жетекчиси Кадыр Жарматов.
Бул Лигага конок катары «Тамашоунун» негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев да келип, калыстар тобунун катарын толуктады. Өз сөзүндө «No name»командасы «Тамашоунун» 5-сезонунда ойногондон кийин Ош филиалынан курама команда топтоп, Алматы шаарында өтүүчү «Супер Евразия»Лигасына катышып келүүгө аттанарын кабарлады.