Эки айдан бери Ош шаарынын борбордук базарындагы Навои көчөсү автотыгындан арылбай келет. Базарды шаардын чекесине жылдыруу үчүн контейнерлер жабылган болчу. Бирок ага көнбөгөн сатуучулар жол боюнда соода кылып, тыгындын пайда болушуна өбөлгө болушууда. Узундугу 1 чакырымга жетпеген көчөнүн бир башынан экинчи башына эл ташуучу кичиавтобустар 45-50 мүнөттө араң чыгат. Бул көрүнүштөн жадаган эл «эл да, унаа да көп жүргөн ушул көчөнү оңдой албай калыштыбы?»деп шаар жетекчилигине нааразычылыгын айтышууда.
Гүлсана Абдраева, Ош шаарынын тургуну:
– Маршрутка менен үйдөн жакшы эле келесиң да, ушул көчөгө келгенде токтоп калабыз. Отура берейин десең, убактың кетет. Бул жерден жөө чыгабыз да, кайра башка маршруткага отуруп жолубузду улайбыз. Бир жолу экинчи маршруткага отурууга акчам жоктугунан тыгындан чыкканча маршруткадан түшпөй отура бердим. 50 метрдей жерден 30 мүнөттө араң чыктык. Муну кандай түшүнсө болот? Бул көйгөйдү чечүү кимге жүктөлгөн болсо да, эртерээк аракет кылса болмок.
Тыгын учурунда унаасын токтотуп коюп уйкуга кеткен айдоочуларды кезиктирдик. Бул көрүнүш жакканбы же шаар бийлигинен корктубу, айтор, айдоочулар «эмнеси болсо болсун, шаар бийлигинин ишине каршы пикир айта албайбыз» дегенден башка кеп айтышпады.
Бул кептерден улам Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакуновго кайрылып, маселенин жообун сурадык:
– Бул биздин башкы пландарыбыздын бири. Маршруттук каттамдар көп өтүүчү, ошол эле автотыгын болуп жаткан Навои көчөсүндөгү борбордук көпүрө кыйроо абалында турат. Базардагы контейнерлерди көчүрүп, жолго шагыл төгүү иштерин ушул жылга пландаганбыз. Биз бул иштерди бүтүрүп алсак, 2013-жылга көпүрөнү жаңылоо менен Навои көчөсүн асфальттоо иштерин баштамакпыз. Бирок соодагерлер биздин планыбызды бузуп, контейнерлерди жылдырып, шагыл төгүү иштерибизге тоскоол болуп жатышат. 1-2 жуманын ичинде шагыл төгүү иштерин баштайбыз. Маршруттук каттамдар башка көчөлөр менен жүрүүгө туура келет. Биз да тезинен бул тыгындын алдын алуу максатында иштеп жатабыз.
Жумушка тоскоол болгон соодагерлер эмне үчүн бул жерден кетпей, ишке тоскоол болуп жаткандарына айрымдары «өткөндө кеткиле деп кууп жатышты эле, азыр куубай калышты, ошого иштеп алалы деп жатабыз»дешсе, айрымдары «ушул жерге көнүп алганбыз, алуучулар да ушул жерге келип соода кылышат. Шаар четинен базар ачабыз дешти эле, чет жакка ким барып соода кылмак эле?..»деген жоопторун узатышты. Адамдар автотыгынга да, башкасына да көнүп кетиши мүмкүн. Бирок шаар маданияты деген бар, шаардын ортосу таштанды менен автоунаалардын тыгынына толуп турса, кимдин жини келбесин...
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg