Адамзатка бүлүк салып, Улуу Ата Мекендик согуш деген ат менен тарыхта калган алаамат тууралуу кимдер гана билбейт. Ошол кан күйгөн алааматтын катышуучусу, тагдыры татаал Кожоке Мамбеталиев Германиядагы Түркстан легионунда аргасыз кызмат кылып, насип буюруп, мекенине аман-эсен кайтып келгенин айтып отурду. Учурда Кожоке ата Талас районунун Арал айылынын тургуну, 92 жашта. Анда кеп башынан болсун...
«Жаштыгым туткунда өттү»
Канчалаган мүшкүлдү башынан өткөрүп, жашы кылымга таяп калган Кожоке аксакал курагына карабай жаш жигиттей тамаша чалып, анан көзүн жумуп алып башынан өткөн кайталангыс тарыхын айтып берди.
– Мен 1918-жылы туулгам. 1941-жылы 21 жашымда каргашалуу согуш чыгып, өзүм курактуулар менен чогуу согушка аттандым. “Чү” дегенде эле курчоодо калып, туткунга түштүм. Ошону менен 44-жылдын күзүнө чейин 3 жыл бою немистердин колунда жүрдүм. Алгач барганда адам чыдагыс кордуктарга туш болдук. Эртеден кечке камакта жатабыз, анан күндө бир маал бизди мал жайгансып көк чөпкө коё берет. Кавказдык жигиттер чырмоок, чалкан сыяктуу ачкыл чөптөрдү жакшы көрүшөт экен. Көпчүлүгү ошондон ичтери өтүп, бүк түшүп эле өлүп калып жатышты. Өлгөндөрдүн сөөктөрүн белгисиз жакка машинага жүктөп кетише турган.
Өлбөстүн күнүн көрүп, мен каакымдан күндө бир тутамдан терип жейм. Байкасам сүттүү болот экен. Ошону менен өзөк жалгап, бир жума жашадык. Андан кийин гана тамак бере башташты. Бир күндө бир маал картөшкөсү жуулбаган, топурагы аралашкан атала сыяктуу шорподон бир чыны, 200 грамм нан берилет. Аны дагы идиш жеткендер ичет, жетпегендер калат.
Ошентип жүрүп тирүү калгандарды малайлыкка бөлүштүрө башташты. Чыгыш Германияда Барцлейн деген чоң станция бар эле. Анын жанында чакан кыштактагы бир кемпирдин колунда малайлыкта жүрдүм. Кемпирдин 2 уулу тең аскер адамы экен. Туткундардан 2 украин кыз, 1 поляк киши болуп ошол кемпирдин колунда иштейбиз.
Менин жумушум кемпирдин 40ка жакын уюн, 4-5 жылкысын багуу эле. Бир күнү учкуч баласы өргүүдөн келди. Кудай бетин салбасын, торопой, каз-өрдөктөрдү боо-боо кылып сойдук. Баягы 2 кыз тамак жасашып, чала мүлжүнгөн сөөктөрдү бизге алып келишет. Аны поляк экөөбүз мүлжүйбүз.
– Аттарды жакшы тазала, кожоюн аттарын жакшы көрөт, - деп калды бир күнү поляк.
Өмүр бою ат менен жүргөн жаным аттарды щётка менен туяктарына чейин аябай тазаладым. Менин бул кызматым аларга аябай жакты көрүнөт. Аткананы кыдырып көрүшүп, аябай сүйүнүштү.
– Мобу кара келгенден бери мал оңолду, - деди карындашы мени көрсөтүп.
– Анда мунун курсагын тойгузуп, кийимин жакшы карагыла. Булар Мухаммеддин үмөттөрү, малды жакшы көрүшөт. Жакында булардын баарынын бизге кул болоруна аз калды, – деп басып кетти.
Мен сөздөрүн түшүнгөнгө жарап калган элем. Ичимден «атаңдын башы, кул болгонду көрсөтөм силерге!» деп сөгүп калдым.
«Мен мусулманмын»
– Бир жолу кемпирдин уулу менен түрк улутундагы офицер келди. Узун бойлуу, үстүндө кители бар, кара торусунан келген, мурду коңкойгон неме экен.
– Сен кимсиң? - деди маңдайыма келип.
– Мусулманмын, - дедим.
– Күмөнүм бар.
– Лаа иллаха иллала, Мухаммадур расулалла, - деп аны ишендириш үчүн келме келтирип жибердим. Тиги мени таң кала тиктеп калды да, дароо «Ассалоому алейкум» деп кош колдоп салам берди.
Ал менин толук аты-жөнүмдү жазып алды да, «кийинчерээк Берлинге алып кетем» деп убада кылды. Арадан бир нече ай өттү. Бир күнү сырттан бирөөлөрдүн мен тууралуу сүйлөшкөндөрүн угуп калып эшикке чыксам, баягы түрк кожойке кемпир менен сүйлөшүп туруптур.
– Канча жылдан бери мамлекетке эт-сүт төгүп келе жатам. Эмнеге менден бир малайды аядыңар, башкасын таппай калдыңарбы? - деп кемпир нааразы болуп жаткан экен.
– Бул жигит бизге керек. Сизге 1 эмес, 3 малай алып келебиз, - деди.
Айтор, алдап-соолоп жатып, мени Берлинге алып кетти. Ошол жерден Мустафа Чокаев деген адам менен тааныштым. Көрсө, немистердин колуна түшкөн мусулман туткундардын баары ошол кишиге жөнөтүлчү экен. Аны көрөрүм менен биртуугандарымды көргөндөй эреркей түштүм. Ал киши менин саламыма алик ала мени тиктеп калды.
– Кыргызсыңба?
– Так өзү гой...
– А жарайсың бауырым, адам бол! –деген ал киши мени жактыра тиктеп калды.
«Туткундагы кыргыздарга жардамым...»
– Аз убакыттан кийин эле мени немистик офицерлер окуусуна жиберишти. 3 ай ал жерде окуп, “кенже лейтенант” (унтер офицер) деген наам берип, кызыл короздой кылып кийинтип чыгарышты. Анан кызматтык машина, жансакчы беришип, туткундарды кабыл алып, бөлүштүрүүчү кызматка орноштурушту. “Кулда кулак жок” дегендей иштеп калдым.
Ал жерде кадимки Азамат Алтай “Азаттык” радиосунда иштеп, аны менен катар «Биз Алла менен!» деген журнал чыгарчу. 2 жыл бою ал адамга дагы жардамдашып, иштерибиз тууралуу маалымат берип турдум. Бир күнү туткундарды жоокерлердин коштоосунда лагерге алып баратсам, арасында биздин райондон мен тааныган Акимбай, Орозобай, Кыялбек деген жигиттер жүрөт. Кара көз айнекчен болгонум үчүн алар мени таанышкан жок. Канчалык жандарына барып кучактап алгым келип турса да бара албадым. Анткени менин үстүмдөн да немис жоокерлери карап турчу. Кийин эбин таап, таанышып алдым. Ал тургай Орозобайды арабакеч, Акимбайды курал-жарак сакталган кампага кароолчу, Кыялбекти өзүмө жардамчы кылып алдым.
Бир күнү дагы туткундарды кабыл алып жатсам, арасынан «Кожоке» деп эле бирөө бышактап ыйлап жатат. Көрсө, менин айылдашым Төлө деген жигит экен. Көрө калып эле «жаагың сын!» деп кыйкырыпмын. Немистер «жердеш экенибизди билип коёбу» деп чочудум да. Ошол замат немис жоокер чуркап келди.
– Эмне деп жатат? - деди.
– Билбейм, акылынан айныган неме көрүнөт, - десем ишенип калдыбы, ары басып кетти.
Кийинчерээк аны эптеп алып чыгып, колбаса чыгарчу цехке орноштурдум. Кийин Мустафа мага дайындаган Жумабай деген көлдүк жигитти өзүмө шоопур кылып алдым.
Ушундай күндөрдү башыбыздан өткөрүп жаттык. Ошентип жүргөн күндөрдө “биздикилер Берлинге жакындап калышты” деген кеп уктук. Төрт кыргыз, унтер офицерлер чогулдук. Мен «болду кетем, мындан ары чыдай албайм, атса атып салышсын. Таластагы апамды, биртуугандарымды көрүп, сөөгүм ошол жакта калса болду» дедим. Өзүм куткарган балдарды чогултуп, «камынгыла, жолго чыгабыз, үйгө кетебиз!» дедим. Алар мага ишенбегендей карап, камына башташты. Батальондун командирин алдап, чыгыш фронтуна жөнөп калдык. “Кырк жыл согуш болсо да ажалы жок жигит өлбөйт” дегендей, ит көрбөгөн кордукту көрүп отуруп, айтор, мекенибизге келдик.
«25 жыл түрмөдө...»
– Мени тооруган кырсык ошол менен эле бүткөн жок. Туткунда жүрүп келгеним аз келгенсип, өз мекенимде түрмөгө отурдум. Ал окуя мындай болду. Мени тиги жакта жүргөндө менин котормочум болуп иштеген Калдарбек деген жигит бар болчу. Мени менен 3 жылча иштеген. Менин чыныгы атымды билчү эмес, бирок таластык экенимди билчү. Ал жигит менен бир жолу сүрөткө түшкөм. Бул жакка келгенде аялы менен урушуп кетет. Жини келген аялы ошол сүрөттү көтөрүп алып НКВДнын кишилерине “менин күйөөм менен бул жигит экөө туткунда отуруп келишкен. Мына сүрөтү” деп барыптыр. Ошону менен бизди 25 жыл күчөтүлгөн режим менен 5 жыл колония-поселениеге, 10 жыл сүргүнгө, айтор, баш-аягы 40 жылга кести.
1953-жылы Маленков бийликке келди. Ошол киши «туткунсуз согуш болбойт. Бардык туткундардын иштерин кайра карап, актачусун актайлы» деген чечимге келет. Анан баягы мен куткарган жигиттер күбө болушуп, бизди актап чыгарышты да камалган убактыбызга жараша компенсация төлөп беришти.
ххх
Аксакал баянын бүткөндөн кийин бир нече суроо узаттым.
– Жогоруда сиз Азамат Алтай менен иштешип калдым дебедиңизби. Ал киши менен кенен сырдаша алдыңызбы?
– Жок, сырдаша алган жокмун. Ал Түркстан легионунун штабында иштечү. Мен болсо экспедитор болуп, көбүнчө сыртта жүрүп калдым. Айына, жумасына бир жолу барып маалымат берип турчумун. Ал убакта кырдаал башкача эле. Ар бир кыймылыбыз көзөмөлдө болчу. Ошондуктан кенен отуруп сүйлөшө алганым жок. Бирок мамилебиз жакшы эле болду.
– Сиздин ал жакта колдонгон ысымыңыз кандай эле?
– Ысымым Кожомамбет, Алмамбет болчу. Немистер мени Мамбет деп коюшчу. Алардын тили Мамбетке эле келет экен. Азамат Алтайдын өзүнүн ысымы Кудайберген Кожомбердиев болчу. Кийин ал дагы которуп алган. Себеби атына немистердин тили келчү эмес.
– Сиз кайра акталып келгенден кийин айылдаштарыңыз кандай кабыл алышты?
– Жакшы кабыл алышты. Эми адам болгондон кийин душман деген болот экен. Көрө албаган кээ бир теңтуштарым «сен немиске кошулгансың, фашистсиң» деп тамаша-чынын аралаштыра чымчып алышчу.
Эмнеси болсо да Аллага ыраазымын, 92ге чыктым. Сүргүндөн келгенден кийин салык инспекциясында, метеорологиялык станцияда, анан колхоздо иштедим. Чөп чаптым, ат бактым. Учурда 6 балам, 11 неберемдин баары үйлөнүп- жайланган, байбичем кашымда. Эң негизгиси башка адамдардан өзгөчөлөнгөн кызыктуу тагдырды башымдан кечиргеним – менин бактым эмей эмне, балдар?!
– Ушундай жакшы күндөрдө калкыңызга айтар тилегиңиз?
– Кудай элибизге ыйман, жерибизге тынчтык берсин. Биз көргөн жамандыкты көрбөгүлө. Падыша нысаптуу болсун, мамлекетибиз гүлдөсүн, элибиздин кабагын дайым күлкү чалсын. Оомийин!!!
Адилет Айтикеев
lira@super.kg