ЖОЛГО КОЮЛБАГАН ЖОЛ МАСЕЛЕСИ

Митинг модасы дагы деле бүтө элек. 12-ноябрь күнү Баткен облустук администрациясынын жанында эл митингге чыкты. Алар Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго Өтүкчү айылынан Бел айылына чейин жол ачып берүүнү талап кылышууда. Коюлган маселени айылдын башчысы Садык Акматов төмөнкүчө түшүн­дүрдү.

«ӨЗҮБҮЗДҮ КАМАКТА ОТУРГАНДАЙ СЕЗЕБИЗ»
– Биз Сох анклавында жашаганыбызга байланыштуу Кыргызстандын чек арасына кеңири өтө албай, өзүбүздү камакта отургандай эле сезебиз. Ошонун айынан «жол куруп бергиле»деп талап коюп чыгууга аргасыз болдук. Өтүкчү айылынан Бел айылына чейин 14 чакырым жол куруп берүүсүн Жеңиш Разаковдон суранып жатабыз. Негизи, бул жолдун долбоору иштелип чыккан. 48 миллион сом акча бөлүнүп, 2012-жылдын 2-жарымында жергиликтүү администрация жолду куруп беребиз дешкен.Жолдун жоктугунан Өзбекстандын чек арасынан өтүү көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Ага далил, 6-ноябрь күнү Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын жыйырмадай автоунааларын жүргүнчүлөрү менен эртең мененки саат 10:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин кармап турушкан. Качан шаардык жана райондук Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана коё беришти.
Андан бери мына, 6 күн өттү. Облустук же райондук администрациядан бир да адам «ушундай жагымсыз окуялар болуптур, абалыңар кандай?»деп сураган жок. Эми облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков менен жолугушабыз.

Ошол жерде турган митингчилердин бири, Бөжөй айылынын тургуну АБДИКАРИМ КУРБАНОВГО да сөз бердик.

«ӨЗБЕКСТАНГА КӨЗ КАРАНДЫ БОЛУП КЕЛЕ ЖАТАБЫЗ»
– Ушул убакытка чейин Өзбек­стан­га көз каранды болуп келе жатабыз. Алар бизди чек арадан кааласа өткөрөт, каалабаса жок. Өзгөчө кышында жолдо ызгаардуу суукта калабыз. Айылда 500дөн ашуун жашоочу бар. Эгер жол маселеси чечилбесе, айыл тургундары 25-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого массалык түрдө катышуудан баш тарта тургандыктарын билдиришти. Өзбекстанга жолдон эле эмес, электр энергиясынан да көз карандыбыз. Жарык суткасына 4 саат эле берилет.
Мына ушундай талаптары менен чыккан митингчилер эртең менен келип, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугууну талап кылышты. Бирок анын ордуна орун басары чыгып, саат 13:00гө жолугушууну белгилеген. Көп убакыт өтпөй жолугушуу саат 15:00гө жылдырылды. Ошентип, айтылган убакытта эл топтолуп, облустук администрациянын жыйындар залында Жеңиш Разаков алар менен жолукту. Ал митингчилердин арыз-муңун угуп, аларды колдой тургандыгын билдирди жана азыр кырдаалды оңдоп жиберүү колунан келбей тургандыгын айтты.

«ӨКМӨТТӨН ҮМҮТ КЫЛГАНДЫК – БЕКЕР ИШ»
«Учурда бул жолду курууга каражат жок, өкмөттөн үмүт кылгандык бул – бекер иш. Анын ордуна акча топтогула. Андан кийин жолду ашар жолу менен баштасак, мен керектүү техникалык каражаттарды берем»,- деп бүтүрдү сөзүн облустун ыйгарым укуктуу өкүлү.
Жолугушуу аяктаган соң айыл башчысы: «Жооп толук канааттандырган жок, эми өзүбүз аракет кылабыз»,- деди.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kymyzkyz
2012-11-22 10:36:44
КР ичинде турган озбек анклавы ушунча онорун корсотсо да карап, колубуздан эч нерсе келбейт деген КР бийлигине тан бербей койо албайсын. Патриот корунгон биздин аткаминерлер бири-бири менен акыйнек айтышканча, ошол маселени чечкенге аракет кылышпайбы? Же биздин бийлик ошончолук алсызбы?
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан