12-ноябрда КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков район башчылары менен жыйын өткөрдү. Иш-чарада негизги 3 маселе каралды. Алардын ичинде жакында боло турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, кышка даярдык жана жазга даярдык тууралуу кеп-кеңеш, сунуш, маселелер талкууланды. Мындан сырткары алдыдагы шайлоого болгон даярдык, кээ бир участоктордо шайлоо комиссияларынын түзүлүп бүтө электиги, участоктордогу шарттар, урна, кабиналардын даярдыктары боюнча эскертүүлөр болду. Өкмөт өкүлү тарабынан айрым район башчыларына милдеттенмелер берилип, 3 күндүн ичинде маселелерди чечүүнү буйруду.
Ал эми кышка жана жазга даярдык боюнча да бир топ маселелер каралып, көмүр, жылуулук берүү жана жазындагы сел каптоо, өзгөчө кырдаалдарды алдына алууга карата тапшырмалар берилди.