«ЧАТЫРЫНАН СУУ ТАМГАН КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨ ЖАШАЙБЫЗ»

Нарын облустук админис­трациясынын алдына жумуштап келип калдым. Мекеменин алдында турак жай маселеси менен айымдар турушуптур. Журналист экенимди угуп, «ушу маселебизди чагылдырып бер­се­ңиздер»деп кайрылышты.

«ҮЙ ЭКСПЕРИМЕНТ КАТАРЫ САЛЫНГАН ЭКЕН»
Өзүн Аманат Бейшеева деп тааныштырган эже төмөн­кү­лөрдү баяндады:

– Бир көйгөйлүү маселебизди чечип бере турган киши издеп, кайрылбаган жерибиз калбады. Күнүгө өкмөттүн өкүлүнө келебиз, бирок жооп ала албайбыз, «дагы күткүлө»деп эле үмүттөндүрүп келет. Нарын шаарында биз жашап турган көп кабаттуу үй темир-бетон менен мындан 31 жыл мурун салынган. Көрсө, ал эксперимент катары салынган экен. Үй 4 кабаттуу, 1999-жылдан бери жылуулук берилбейт. Буга эмне себеп болгонун билбейбиз, жылуулук берүү мекемеси ошол жылы эле жылуулук берүүдөн баш тарткан. Ошол мезгилден баштап жер төлөгө булганыч суулар толуп, жайы-кышы каңырсыган жыт уруп турат. Кышында үйдү электр энергиясы менен жылытабыз. Суу түтүктөрүнүн баары чириген.
Колубуздан келген аракетибизди кылып, жакшы эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөбүз. Жылуулуктун жоктугуна байланыштуу жасаган эмгегибиз текке кетет. «Суу чарба»ишканасына бул маселе боюнча кайрылсак, «силердин үйдүн долбоору туура эмес курулган, эч кандай жардам бере албайбыз»деп коюшту.
Ушул эле көйгөй менен токтолуп калса жакшы эмеспи, көнгөн жаныбыз унчукпай жашай бермекпиз да. Мындан да эң көйгөйлүү маселебиз, үйдүн чатыры жок. Жаан-чачын болуп, жазында кар эригенде 4-кабаттан аккан суу өтмө катардан өтүп, 1-кабатка чейин кирет. Бул маселе менен шаардык мэрияга кайрылсак, эч кандай жооп болбоду. Акыры өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылдык. Канатбек Муратбеков биздин арызыбызды угуп, жардам берүүгө макул болгон.
Жашоочулар колубуздан чыккан бирин-экин тыйыныбызды жыйнап, 64 600 сом чогултканбыз. Калганын ар кандай фонддон жардам кылып бөлүп берейин деген. Темир чатыр менен жаптырып бермек болгон. Биздин чатырды жапчу прорабга
36 600 сом бергенбиз. «Ал акчага стропила алып келем»деп 2011-жылдын 9-сентябрь күнү тил кат жазып, мекемесинин мөөрүн басып берип, Бишкекке кеткен. Ошол бойдон ал адамдан дайын жок. Канатбек Муратбеков аркылуу тапкан киши эле деп ага кайрылсак, «ал адам келет, бүтөт»деп үмүттөндүрүп койду.
Кыш өтүп, 2012-жылдын жаз айында кайра баягы суу акмай, тамчыга чака-чайнегибизден бери тосо баштадык. Айлабыз кетип, өкмөттүн өкүлүнө кайрадан кайрылсак, «мен өз алдымча силердин чатырды жаптырып берүүгө укугум жок, ал үчүн атайын тиешелүү мекеме менен келишим түзүшүңөр керек экен»деп облустук архитектура менен келишим түздүргөн. Ал эми облустук архитектура «силердин үй темир чатырды көтөрө албайт, жеңил жабуу (мягкая кровля) менен жабабыз»деген. Ага да макул болдук. Келишим түзүп, сметасын чыгарып беришкен. Ошол сметаны түзгөндүгү үчүн мекемеге 28 000 сом акчалай төгүп бердик. Акча чолгултуп берген жашоочулар бизден сурап жатышат, «кана, акчаны чогултпадыңар беле, эми жыйынтык барбы?»деп. Айрымдары акча чогулткандарды да күнөөлөй башташты. Элдин үнүн жеткиргенге жардам берип койгулачы.

«БИЗ ӨЗ МИЛДЕТИБИЗДИ АТКАРДЫК»
Булардын кебин уккан соң «учурда шаардык кеңешке ат салышып, биринен бири озуп, «биз таза шаар үчүн»деп көкүрөк каккылап жаткандар кайда болду экен?»деген ой келди. Нарын облустук архитектурасынын кызматкерлерине кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдым.

Абдилжапар кызы Нурайым, башкы адис:
– Бул үйдүн жашоочулары бизге кайрылып, үйдүн чатырын жабууга керектелүүчү материалдарды эсептетип, смета түздүрүшкөн.
Биз түзүп берген смета, долбоор жана 28 000 сомдун дүмүр кагазы (квитанциясы) учурда экинчи тараптын колунда да турат. Ал эми чатырды жабууга жумшалуучу каражатты облустун ыйгарым укуктуу өкүлү мамлекеттик фонддон карап бермек экен. Сөз болуп жаткан
28 000 сом смета түзүп, долбоор чийип бергенге жана ушул иштерди кагаз жүзүндө күбөлөндүргөнгө кеткен каражат болуп саналат. Биз өз милдетибизди аткардык.

P.S. Макалада аты аталган КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлүнө жолугуубуз кыйынга турду. Маселе боюнча анын да оюн угууга даярбыз.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nazi25
2012-11-20 12:51:24
Мындай үйлөр кыргызстандын ар бир район,шаарларында толтура.Качан өнүгөбүз?Качан оңолобуз?
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан