Бул окуяны угуп, таң калбай да, жаза албай да коё албадык. Баласыз бир тууганына эне өз баласын берип салганы боорукерликпи же өз баласын атасынан ажыраткан мерездикпи?
БАЛАНЫ БЕЛЕК КЫЛУУГА БОЛОБУ?
Бул окуя редакциябыздын Нарын шаарындагы аймактык бөлүмүнө келген жабырлануучу Бактыяр Баатыровдун (каармандардын аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) жактоочусу Орозбек Мадиновдун баяндоосу менен жазылды.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну Бактыярдын келинчеги Фатима 2011-жылдын 19-май күнү Балыкчы шаарындагы төрөт үйүндө үчүнчү баласын төрөйт. Алардын дагы уулу жана кызы болгон. Үчүнчү баласын төрөгөн күнү аялы «баланын абалы начар болуп жатат. Мени ооруканадан кеч чыгарышат экен. Сен келбей эле кой, баланы барганда эле көрөсүң» деп күйөөсү Бактыярды Балыкчыга келтирбей токтотуп коёт. Эртеси атасы жаңы туулган баласы чарчап калганын угат.
Чындыгында, Фатима ымыркайды өзүнүн бала көрбөй жүргөн бир тууган эжеси Надирага берип койгон болот. Күйөөсүн ишендирген соң Фатима эжеси Надира менен тиешелүү документтерди жасатып, баланы биротоло Надиранын наамына жаздыруунун аракетин көрө башташат. Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери Ч.М. жана Ш.Бнын жардамы менен Надиранын наамына «2011-жылдын 19-май күнү төрөт бөлүмүндө төрөгөн» деген медициналык аныктама жасатышат. Андан соң ымыркайга Чынтемир деп ысым ыйгарып, Надира жалгыз бой эне катары Балыкчы шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнөн 2011-жылы 20-майда Чынтемирдин наамына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышат.
«БАЛАДАН БАШ ТАРТАМ» ДЕП ТИЛ КАТ ЖАЗДЫРЫШКАН
Бактыяр өз айылында жубайы Фатиманы күтүп, келет деп жүргөндө бейтааныш эле адамдан «сенин аялың төрөп, баласын эжесине берип, эжеси төрөдү деп каттатып алган» деп угуп, Балыкчыга барат. Кайын журту «балаңды кайын эжең Надира багып алды, талашпа, эгерде талашсаң Фатима менен ажыраштырып, эки балаңды да алып коёбуз» деген талап коюп, колунан «баланы биротоло багууга бердим» деген тил кат жаздырып алышат.
Ошентип, жолдошу Фатиманы эки баласы менен үйүнө алып келип жашап калат. Баланын чыры үй-бүлөгө тынчтык бербей, бир күнү үйдүн кожоюну жок кезде Фатима эки баласын алып, үйдөгү оокаттарын жүктөп, Балыкчы шаарына кетип калат. Артынан бир нече жолу барган Бактыярга жубайы «үйүңдү, малыңды сатып Балыкчыга келсең жашайм, болбосо жашабайм» деп баш тартат. Кайын журтунун жана жубайынын мындай мамилесинен улам Бактыяр тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Натыйжада бир нече мыйзамсыз документтер жасалганы билинди.
Бактыярдын жактоочусу ОРОЗБЕК МАДИНОВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Жогорудагы жагдайлар аныкталгандан кийин Башкы прокуратурага бир тууган эже-сиңдилер Ф.Ж. менен Н.Жга жана Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери Ч.М., Ш.Бга кылмыш ишин козгоо жөнүндө арыз берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Андан сырткары биздин доо арызыбыздын негизинде Балыкчы шаардык сотунун 2012-жылдын 20-июлундагы чечими менен жасалма документтердин баары жокко чыгарылган.
20-ноябрда Балыкчы шаардык сотунда Фатиманы энелик укуктан ажыратуу, балдарды атасына алып берүү жана төрөлгөн балага аталыкты аныктоо жөнүндө жарандык иш каралат.
Бул кылмыш ишине иликтөө жүргүзүп жаткан Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү ШАПАТБЕК УУЛУ АВТАНДИЛ:
– Аталган арыз боюнча, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөрлөрдү, бланктарды мыйзамсыз жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Балыкчы ШИИБине өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Ф.Ж. күйөөсүн алдоо жолу менен баласын жалгыз бой эжеси Н.Жга берип койгондугу далилденди. Ф.Жнын үч кичинекей баласы бар экендигин, анын кылган аракети анча оор эмес кылмыштын курамына киргендигин эске алып, бул козголгон кылмыш ишин жеңилдеттик.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg