ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)  

Азирет кат келген датаны карады. Бир күн өтүп кеткен экен, демек, жетишпей калды. Ошол күнү, кийинки түнү да ал иш бөлмөсүнөн чыккан жок. Эртеси катчысынан кофе сураганда кирип келген кыз аны таң кала тиктеди. Ар дайым тамашалай күлүп, жылмайып турчу жигиттин көзүнүн нуру өчкөн экен. Жетекчиси токтолуп, кандайдыр бир түпкүрүнө айтылгыс арманды катып алгандай муңдуу отурат. Ушул күндөн тартып эч бир жан Азиреттин көзүндөгү жалындаган отту көрө албады. Жашоо өтүп жатты. Ал демейдегисинен өзгөрбөдү. Мурункудай эле иштеп, жашап, үй-бүлөсүнө камкор адам болду. Анын жашоосундагы отту, ысык сүйүүнү, шаңды Бегимай алып кеткенин өзүнөн башка эч бир адам байкабады.
Мезгил сабалаган куш, ошентип арадан 5 жыл өтүп кетти.

xxx

Ысык, думуктурган аба. Мураттын ооруп жатканына көп болгон. Чуркап келген уулу адатынча атасынын керебетине ыргып чыкты да, анын купкуу жүзүн абайлай карады.
– Ата...
– Эмне болду, балам? Коркуп кеттиңби?
– Корккон жокмун. Бирок сен башкача болуп калыпсың.
Мурат оор улутунуп гана тим болду. Сырттан кирип келген Бегимай уулуна акырын дегендей жаңсап койду да, алып келген дарыларын текчеге коё баштады.
– Эмне болду? Сүйлөштүңбү?
– Сүйлөштүм. Германиядагы белгилүү бир дарыгердин дарегин айтты. Ошол жардам берет деди. Бирок...
Мурат кичинекей баланы карап токтоп калгандыктан, Бегимай акырын уулунун башынан сылады.
– Атаң экөөбүз сүйлөшүп алалычы, балам. Сен өз бөлмөңө барып ойноп тур.
Зирек бала апасы менен атасы өздөрүнчө сүйлөшөрүн түшүнүп, акырын чыгып кетти. Мурат ооруп калгандан бери Бегимайдын жашоосу будуң-чаң түштү да калды. Жол кырсыгына кабылгандыктан, жапжаш жигит минтип төшөк тартып баспай калганына көп болгон эле. Үй-бүлө оор абалга түштү. Бегимайдын бир буту жумушта болсо, экинчи буту үйдө. Мураттын жумушунан төлөнүп берилген каражат аны дарылатууга гана жетет.
– Бегимай, жарыгым, сен кыйналып кеттиң. Эс алчы.
– Мен баары бир ошол дарыгерди таап, сүйлөшүшүм керек. Ал «жолугуп, сүйлөшмөйүнчө эч нерсе айта албайм» деди.
– Канча акчаң бар? Барып келгенге жетеби? Аскат эмне болот? Мен төшөктө жатсам, баланы караганга бизге ким жардам берет? Апам менен атам «ошол боюнча көзүмө көрүнбөсүн» дептир. Сен бекер эле...
Бегимай ордунан ыргып турду. Үлбүлдөгөн үмүтү көз көрүнөө өчүп кала тургандай жан далбастады.
– Сен антчү болбо! Сен басасың! Түшүндүңбү? Мен акырына чейин күрөшөм. Мени карачы, экөөбүз үмүт үзгөнгө таптакыр акыбыз жок. Мейли, мен акыркы колумда бар нерсемди сатсам да, сени ошол дарыгерге алып барам. Мага жардам бергениң ушул болсун, үмүтүңдү үзө көрбө. Суранам сенден, Мурат! Калганын мага кой...
Мурат аргасыз башын чайкады. Ал аялынын күчүн, деги эле аялзатынын күчүн билбейт эле. Бирок жанындай сүйгөн адамынын үмүтүнө суу сепкиси келген жок. Аргасыз шыпты тиктей оор улутунду.
Бул кырсык болбогондо, балким, Бегимай өмүр бою көлөкөдө өскөн гүлдөй үлбүрөк, назик боюнча калмак беле, ким билсин... Бирок аны тагдыр дагы башка жагынан сынады. Бегимай аргасыз бул сыноону да кабыл алды. Бешенеге жазды деп кол куушуруп отуруп кала албайт эле. Ошол күнү эле уулун, күйөөсүн уктатып коюп, компьютерин тиктеп отурду. Азиреттин сүрөттөрүн тиктеп, өзүнчө сүйлөндү. «Мени унутуп койгондурсуң. Жашооңо аралашпайм дегем. Бирок баары бир сенден алып кеткен нерсени өзүңө кайтарып беришим керек. Аскатты да, Муратты да жалгыз сүйрөй албасым чын. Эки кымбат адамымдын бирин сактап калуу үчүн экинчисин сага кайтарып берүүгө тийишмин. Кызык, бул окуя  кайталанып жаткандай. Сенин апаң да бир уулун сактап калуу үчүн экинчисин курмандыкка чалбады беле? Балким, бул биз үзүп кете албаган тагдырыбыз чыгар». Эки колу менен башын мыкчып отуруп ушинтти. Башка чарасы жок. Карегине имерилген жашты чымыркана токтотту. «Жетет! Эми эч качан ыйлабайм. Мен күчтүү болушум керек! Менин мындан башка чарам жок». Ордунан шарт турду да, чечкиндүү кадам шилтеп күйөөсүнүн бөлмөсүнө жөнөдү.

xxx

Азирет бул күнү бейкапар жүргөн. Дем алыш болгондуктан, апасы менен Айданектин кыжы-кужусун тыңшап, кээде жылмайып отурду. Кыздын шоктугу башкача. Бир орунга байлап койсо да турбагандай. Чоң апасынын бар эрмеги ушул кызы.
– Чоң апа, бүгүн сейил бакка алып барам дегенсиз. Атам «сөзүнө турбаса, уят болот» деген. А сиз сөзүңүзгө турбай жатасыз.
– Кызым, апаң келсин, чогуу барабыз дебедим беле. Жалгыз экөөбүз шаардан адашып кетпейбизби...
– Ата, анда сен алып бар,- деди мурчуңдаган эрке кыз.
Колунан тартып тургузганга аракет кылып жаткан кызды тиктеп, Азирет аргасыз күлдү.
– Ишим көп менин, бүгүн гана эс алып жатпайымбы. Ошондуктан апаңды күткөнгө туура келет...
Аны менен сүйлөшүп жаткан учурда телефону шыңгырап калды. Башка өлкөдөн чыгып жаткандай. Алгач бир топко тиктеп туруп, тынчтыгын бузгусу келбей албай коймок болду. Бирок коңгуроо өчөшкөнсүп көпкө шыңгыраганынан аргасыз алды.
– Алло...
Кимдир бирөө демин ичине алып тыңшап тура бергендиктен жини келип кетти.
– Алло, эмне унчукпайсыңар? Бул эмне деген оюнуңар?
– Азирет!
Тааныш добуш! Миң жылдан кийин эшитсе да көз ирмемде тааный турган.
– Салам!- деди үнү калтырай. Апасы аны чочуй карап калды эле, алардан оолактай башка жакка басты.
– Азирет, кандайсың, үйдөгүлөр жакшыбы, кызың чоңоюп жатабы?
– Баары жакшы, а сен?..
– Менде анча жакшы эмес. Ошондуктан аргасыз сага чалып жатам.
– Бема! Сагынычым менин...
– Азыр экөөбүз тууралуу боло турган сөз эмес. Мен сага Мурат үчүн чалып жатам. Бир жыл мурун ал жол кырсыгына кабылган. Андан бери төшөктө. Азирет, мага сенин жардамың керек.
Азирет селейип калды.
– Макул. Эмне жардам керек?
– Аны телефон менен айтчу нерсе эмес. Сенин келишиңди күтөм. Даректи почтаңа жазып жибердим.
Трубка коюлду. Азирет өңү же түшү экенин түшүнбөй калды.
– Тынч элеби?- деген апасынын үнүнөн селт этти.
– Ооба, ошондой эле го. Алыстан...
Ушинтип күбүрөнүп алып иш бөлмөсүнө жөнөдү. Дагы эмне деген тагдырдын табышмагы?! Көпкө түйшөлдү. Ал тургай бир топ күн... Бирок ушул боюнча калып кала албасын сезди да, жолго камынды.
– Кайда барасың?- деди жолго кийимдерин салып жаткан келинчеги.
– Анкара...
Бул шаарда Бегимай турарын билген Алинанын өңү дароо өзгөрүлө түштү.
– Мен барышым керек, Алина. Анын күйөөсү кырсыкка кабылыптыр, жардам керек. Баш тарта албайм.
Өңүнөн кетип отуруп калган келинчегин кучактай калып акырын үн катты.
– Мени түшүнөсүң, билем. Бегимай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Барбасам мобу жерим тынч албачудай. Андыктан мени чыр-чатаксыз эле коё бер.
Алина үнсүз башын ийкеди. Көзүнүн жашын сүртүп Азиретке суроолуу тигилди.
– Сенин мүнөзүңдү билем. Баары бир айтканыңдан кайтпайсың. Болгону, үй-бүлөң бар экенин, алардын алдында милдетиң бар экенин унутпа...  

(Уландысы кийинки саныбызда)

СЕРИАЛДАРГА СЫНАК
Окурман, сиздин мазмундуу, көлөмдүү, кызыктуу сериалыңыз барбы? Анда биздин гезитке жибериңиз. Мыкты делген сериал тандалып, гезит бетине жарык көрөт. Эске алуучу нерсе, сериал аягына чыккан электрондук вариантта, көлөмдүү, кызыктуу болсун.
Бул сунуш сизди кызыктырса, биздин редакцияга келип же телефон аркылуу байланышсаңыз болот.

Тел.: (0312) 32-31-67
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Nur_meerim
2012-11-19 09:49:14
Jarymyna ulap jazyp koibogonuna wugur dep oturup turaily, bir juma bat ele otot emespi, al emes omurlor suudai agyp atkanda...
0
aliya-leyla
2012-11-19 09:52:07
Мурат олбой эле койсунчу...
0
Sherik200992
2012-11-19 10:03:14
Кызык эми башталдыго.
0
listopad_toy_oseni
2012-11-19 10:24:32
Иииииий менин жазган чыгармам бар,бирок жазып буто элекмин.Канчасына чейин алып келуу керек?!Сураныч,айтып койгулачы?!
0
Elizat94
2012-11-19 10:32:41
Эми бир жума кутуш керек......
0
Cunade
2012-11-19 10:51:47
jakynda bytot okwoit jany chygarmaga synak jariyalangandan kiyin
0
ouma
2012-11-19 12:45:25
менимче бул сериалда баары барып акчага такадат деген суроо койулуп калган .. жок дегенде ушул китепке акчаны алаштырбай жазсанар жакшы болмок. муну окугандан кийин копчулугунун оюуна акчан болсо баары сеники деген ой келип калат.!
0
Агата Кристи
2012-11-19 12:52:57
Урматуулар, чыгармалар 3 жумага чейин кабыл алынат. Тездеткиле шашкыла.
0
Basmachy111
2012-11-19 16:32:51
Бутойун деп калган турбайбы.
0
Shairgul
2012-11-19 16:59:04
Бул сериалдын мурункуларын кантип окусам болот?
0
Jyku
2012-11-20 17:33:38
Shairgul, Супер кg ге кирип, Супер инфодон башынан баштап окусан болот.
0
Nur_meerim
2012-11-19 17:13:20
Ak4aga takalat degen oido jazgan degen tuura emes, Bema Aziretti uulun beriw u4un 4akyryp atat go.. Albette, jeke ojum!
0
koky85
2012-11-20 16:27:59
уфффф .... бирррр жума кутосун анан 3 минутада эле окуп коесун.Сураныыыч кобурооок жазгылачыыыыыы
0
milashka31
2012-11-21 18:03:27
ушул тагдыр оюну куто берип карып да кете турган болдум кобуроок жазгылачы сураныч суперчилер. электрондук варианты бар бекен
0
altysha.kg
2012-11-22 01:09:49
Журокту эзип жибердигоо!!!
0
adelima
2012-11-22 16:52:00
Ouma эки кымбат адамымдын бирин сага кайтарып беришим керек деп айтып жатат го. Кайдагы акча? Куйосун сактап калыш учун ушул жолду тандады.
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан