«Шоколад курма! Шоколад курма алгыла!..» Ооба, бул учурда базардагы эң көп айтылган чакырыктардын бири экени баарыбызга маалым. Анткени курманын бышып, базарларга жайнап чыга баштаган мезгили. Андыктан курманын баалуулуктарына кенен токтолуп өтөлү.
Байыркы гректер курманы «Кудайдын кара өрүгү» деп сыйлашканын жана анын дарагы 500 жыл жашаарын билет белеңиз? Курманын дүйнө жүзүндө 200дөй түрү кездешет жана анын мекени катары Япония өлкөсү белгилүү. Курма дарагы тигилгенден 3-4 жылдан кийин мөмөсүн бере баштайт да, анын бийиктиги 8-12 метрге жетет. Орточо эсеп менен ар бир дарактан жылына 250 килограммдын тегерегиндеги курма жыйнап алууга болот. Дүйнөлүк коомчулук курма менен таанышканына көп боло элек, бирок азыркы учурда бир гана Японияда эмес, Кытай, Италия, Испания, Египет, Америка жана Орто Азияда өсөт. Анын 200гө жакын сорту бар, бирок анын ичинен «шоколад курма» деп аталган түрү өзгөчө суроо-талапка ээ.
Сатып аларда курманын кабыгына көз салыңыз, эгерде анда күрөң түстөгү сызыкчалар бар болсо, анын бышкандыгынан кабар берет.Сары-кызгылт түстөгү курманы жылуу сууга 5-6 саат салып койсоңуз, ооз куруштуруучу даамын жоготот.
Курманы кант оорусу менен жабыркагандарга жегенге болбойт. Анткени курманын курамындагы кант кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле
курманы чегинен көп пайдалануу ичеги оорусуна жеткирет.
КУРМАНЫН БААЛУУЛУГУ
АШКАНАДА
Ашканада курма көпчүлүк учурда десерт катары колдонулуп келет. Айрым учурларда таттуу азыктарды, салаттарды жасоодо жана кооздоодо керектелет. Бизде жасалбаганы менен, чыгыш өлкөлөрүндө курмадан как жана спирт ичимдиктерин, сыра, шарап даярдашат. Ал эми Японияда болсо белгилүү саке арагына да курма кошуп жасашары белгилүү.
КУРМА КАЛДЫРКАНЫ
Бул азыкты даярдоодо эч кандай кумшекер, өсүмдүк майы талап кылынбайт. Курманы ичке-ичке кесип, духовканын табасына салабыз да, 170 градус температурада 10-15 мүнөттө бышырып алабыз. Мөмө табага жабышып калбашы үчүн астына пергамент кагазын төшөп коюуну унутпаңыз.
КУРМА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Курма – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Лимон кислотасы – Жарым чай кашык
Суу – 2 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Катуу, эзилбеген курманы жууп-тазалап, 1,5Х1,5 сантиметр өлчөмүндө кубик түрүндө туурап алабыз.
2. Андан соң 2 стакан сууга кумшекерди салып кайнатып, шире даярдап алабыз.
3. Шире кайнап чыккан соң тууралган курманы салып, жай отто 30 мүнөт кайнатабыз да, лимон кислотасын кошобуз. Мындан кийин дагы 10 мүнөт кайнатып, ысык боюнча банкаларга куюп, оозун бекитебиз.
КУРМА МАСКАСЫ
Косметологдор бетине безетки чыгып кеткендерге курмадан жасалган масканы сунушташат. Ал үчүн бир курманы эзип, ага бир жумуртканын агын кошуп бетиңизге жабыңыз. Масканы 15-20 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүйкөп коюу жетиштүү. Бул масканы жумасына эки жолу жасоого болот.
КУРМА ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН ТОКТОТОТ
Алгач курманы эзип, ботко даярдап алабыз. Даяр болгон боткону чачтын түбүнө сүйкөп, жылуу ороп, 15-20 мүнөт кармоо керек. Андан соң жылуу суу менен таза чайкап, шампунь менен жууп коюу жетиштүү. Бул чачтын түбүн бекемдейт жана чачты өзгөчө жалтыратат.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg