СТУДЕНТТИК КҮНДӨРДӨН БИР ЭЛЕС

Бул адам көбүнчө жатаканада жашоо кечирип, ачка-ток күн өткөрөт. Лекция эле эмес, практикалык сабакта да уктап жатып, сессия учурунда зачёттук китепчесин көтөрө мугалимдин артынан чуркайт. «Кийинки семестрдин биринчи күнүнөн тартып аябай катуу окубасам, карап тур!» деп дайыма өзүнө сөз берет да, убадасына турбайт... Кеп ким жөнүндө баратканын аңдадыңызбы? Албетте, сөз студент тууралуу жүрүүдө. 17-ноябрь – Студенттер күнү. Бул күндү утурлай биз атактууларга кайрылып, кызыктуу окуяларга бай студент кезин чогуу эстедик.

Керим Турапов, КРнын Эл артисти: «АЛТЫ ЖЫЛ БАТИРДЕ ЖАШАП, БАЛА-ЧАКАЛУУ БОЛГОНБУЗ»
– Жашоомдун эң маанилүү бөлүгү – студенттик күндөрүм. Оштогу Музыкалык училищеде окуп жүргөндө эле, 22 жашымда үйлөнүп алгам. Аны аяктаган соң жубайымды алып борбор калаага жөнөдүм. Келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүнө экөөбүз тең тапшырдык.
Алты жыл батирде жашап, ал арада балалуу болуп, тилекке каршы, ал чарчап калды. Кийин дагы 1 уул, 1 кыздуу болдук. Балдарды багып, кийим кийип, курсакты тойгузуш керек да. Ата милдетин аткарайын деп студент экениме карабай кароолчу, көчө шыпыргыч болуп иштеп, баарына жетишип жүрдүм. «Адам кыйналган сайын жашоого бышат»деген кептин чындыгы бар. Анткени азыр ойлоп көрсөм, ошондогу оор көз ирмемдер мага дем-күч берип, алдыга койгон максаттарыма жетүүгө чоң түрткү болгон экен.

Чолпон, «Nоn-Stоp»дуэтинин ырчысы:«КОНЦЕРТТЕРГЕ ДА КИТЕП КӨТӨРҮП БАРАМ»
– Бишкек финансы техникумунда окуп жүргөндө ырчы катары тааныла элек болчумун. Ошентсе да иш-чараларга активдүү катышып, алдыңкы студенттердин бири элем. Негизи, жогорку окуу жайларда ырдап-бийлеген таланттуу студенттерге жакшы көңүл бурулат эмеспи, ошонун таасириненби, зачёт, экзамен учурунда мага аябай эле жардамы тийип, көп жерден жеңилдиктер берилчү. Бирок эки колду жайып эле отуруп албай, албетте, тырышып окуп, техникумдун Ардак тактасында сүрөтүм илинип турчу. Анан да кызыл дипломдун ээси болгом.
Азыр Искусство институтунун режиссура факультетинде окуйм. Институтта окууга болгон талап абдан катуу. Андыктан керек болсо концерттерге барганда да жаныма китептерди алып жүрүүгө туура келет.

Динара Сагынбаева, КРнын Саламаттыкты сактоо министри: «ЧӨП ЧАПКАНДЫ ҮЙРӨНГӨМ...»
– 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырдым. 1-курсту аяктаарыбыз менен бизди Токтогулдун Тоолук деген айылына чөп чапканга жиберди. Өмүрүмдө чөп чаап, үйдөн алыс кетип көргөн эмес элем. Жеген тамак-ашыбыздын бардыгы эшикте, өзүбүз чатырларда жашадык.
Кийин айылга барып калганда байкап көрсөм, белгиленген жердин чөбүн чаап бүткөндөн кийин чалгыны кайрайт экен. Биз болсо бир ай жүрдүк, бир дагы жолу чалгыны кайрап койгон эмеспиз. Студентпиз да, күчкө толуп тургангабы, ошол эле чалгылар менен бүтүргөнбүз. Жаш кезде бардыгы колуңдан келет экен. Колумдан келбейт дегем, бирок ага деле көндүм.

Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти: «БӨЛМӨНҮ КЫРААН КАТКЫРЫККА БӨЛӨЧҮМҮН»
– Жаштайымдан актриса болсом деп кыялданчумун. Бирок ата-энем «кыз киши артист болбойт»деп менин бул оюма караманча каршы эле. Ошентип, 1957-жылы Фрунзедиги №5-мектепти артыкчылык менен аяктаган соң Москвадагы Полиграфиялык институттун технологиялык факультетине тапшырып калдым. Окуп жүргөнүм эле болбосо, жан дүйнөм актрисалыкты көксөп, жатсам-турсам оюм театрда. Окуудан чыккандан кийин курсташ кыздар менен спектаклдерге барып жүрүп, Москванын дээрлик бүт театрын кыдырып чыгыптырмын.
Жатаканага келгенде да кыздарга түлкүнүн, мышыктын образына кирип оюн көрсөтүп, бөлмөнү кыраан каткырыкка бөлөчүмүн. Ошондо алар актрисалыкка дилгирлигимди байкап, «Жамал, езжай в свой театр, тебе здесь нечего делать»деп мени колдошкон. Бул сөздөр мага чоң түрткү берип, үйдөгүлөргө калп эле «мен ооруп калдым»деп кат жаздым. Атам акча салган экен ошондо, билет алып, Кыргызстанга баса бердим. Келерим менен Кыргыз драма театрына келип сынак тапшырып, өтүп кеттим. Ошондон тарта актрисалык менен алпурушуп келе жатам.

Тата Улан, этноакын: «МУГАЛИМДИ БИЗДЕН КЕЧИРИМ СУРАТКАМ»
– Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алып жүргөн кезим. Аталган окуу жайда бий ийрими бар болчу. Орустардын каяктагы бир бийлерин бийлетип эле эсти оодарышчу. Бир күнү окуу жайдын жетекчилиги «кыргыз улуттук бийин даярдагыла, чакан фестиваль болот»деп калды. Анан жигиттер улуттук аспаптарда ойноп, кыздар бийлеп беришти. Фестиваль аяктагандан кийин бизге сабак берген бир мугалим токтотуп алып, «кыргыз балдар жалкоосуңар, кыздарды бийлетип коюп отуруп алдыңар»деп намысыбызга тийип жатпайбы. Мен анын сөзүнө арданып «кечирип коюңуз, кыргыз – баатыр калк. Кыргызга ат үстүнөн түшө калып, кылычын жерге таштап тарталаңдап бийлеген «западло»! Биздин элдин эркеги, үйдүн кожоюну төрдө отуруп кымыз иччү, эт жечү»дедим. Ошондо тиги мугалим бизден кечирим сураган.

Айгерим Расул кызы, ырчы:«СЕССИЯ УЧУРУНДА ГАНА ОКУУ ЖАЙГА БАШ БАГАМ»
– Мен студенттик күндөрдүн күнгөй-тескейин көрүп кыйналган деле жокмун. Сессия учурунда гана окуу жайга баш бакпасам, башка учурда барбайм деле. Себеби ырчы болгондон кийин көбүнчө гастролдордо жүрүүгө туура келет. Студенттер күнүндө аларды да, өзүмдү да куттуктап концерт берген учурлар көбүрөөк болот.

Мирбек Иманбеков, ырчы: «ЖАТАКАНАГА КИРЕ АЛБАЙ СЫРТТА УКТАГАМ»
– Студенттик кез ар бир адамдын жашоосундагы эң бир кызыктуу доор болуш керек. Меники деле кызыктуу окуяларга бай өттү. Жатаканада жашачумун. Бир күнү досторум отурушка чакырганынан барып кайра келсем, саат түнкү бирден ооп калган экен. Жатакана саат 11де эле жабылат да. «Киргизип коюңу-узчу...»деп жалдырасам да вахтёрша киргизбей койсо болобу! Аны да түшүндүм бир чети, сөзүнө турду, ха-ха... Анткени буга чейин дагы эки-үч жолу кечигип келгенде «экинчи кайталанбасын...»деп эскертүү берген эле. Анан айла жок жатакананын алдындагы отургучтардын биринде таңкы 5ке чейин отурдум. Чыдабай кеткенминби, узунумдан түшүп уктап калыптырмын. Ойгонсом таң агарып калган экен, өткөн-кеткендер мени таңыркай карап, курсташтарым жанымда турушуптур. Ыргып туруп эле «саат канча болду?!»десем, «сегиз болду, бас, сабакка кеттик»деп шылдыңдай күлүшөт! Ошондо уялганымдан бөлмөмө кире качканым эч эстен кетпейт.

Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты: «31 КЫЗ, 2 ЖИГИТ БОЛУП КЕЧЕ ӨТКӨРГӨНБҮЗ»
– Биринчи студенттик майрамым эле. Оштогу Турбаза спорт клубунда агаларымдын диско-бары бар болчу. Группадагы 31 кыз, 2 жигит болуп ошол жерге барып майрам уюштурмай болдук. Жөн гана дискотека эмес, лотерея менен ар кандай акцияларды уюштурушуптур. Биз билет албай эле «чёрный входдон»кирип кеттик. Көрсө, билетте лотерея бар экен. Догуруна баштадым, «мен дагы лотерея ойнойм» деп. Бир аяш агам алып келип, мага бирөөнү берди.
Лотерея ойнотулуп, утуштар чыга баштады, бирок мага эле чыкпайт! Аябай эрке элем да, Санжар акеме ыйлай баштадым, «мага эмнеге чыкпайт?» деп. Ал «көрсөтчү билетиңди» деди. Бир аздан кийин эле мага «Кока-Кола»чыгып калса болобу! Көрсө, Санжар акем билетимдин номерин жаттап алып, барып айтып койгон экен. Ишенесиңерби, «Кола» чыкканда ушундай бир сүйүндүм, ал чоң ийгиликтей сезилген. Болбосо кичинекей бөтөлкөдөгү эле таттуу ичимдик да, аны бардан бекер эле алмакмын. Анткени агаларымдын бардыгы ошол жерде турушат. Өзүм «Коланы» шампандай чачыратып ачканды билем, ошентип ачып, досторума өнөрүмдү көрсөткөм. Студенттик күндөрүм менин көптөгөн шык, таланттарымды ачкан, мен үчүн өмүрүмдүн эң кызыктуу учуру болду десем жаңылышпайм.

Асел Асанова
Самат Баялы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Студенттик күндөрдөн бир элес
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Айчурок
2012-11-19 13:42:23
Мен да озум студент болгондуктан жогоркулардыкынадй отуп жатат. Ошентсе да мага Керим Турапов, Жамал Сейдакматова жана Мирбек Иманбековтордун окуялары абдан жактыыыыыыыыыыыыыыы
0
aika2009
2012-11-23 18:21:13
мен да как раз студент кезимди эстеп аткан кунум биз да ата энелерибиздей ата журтка салымыбызды кошкон жакшы кадрлардан болсок экен дейм
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан