Жол кырсыктарын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жол кыймылы боюнча эрежелерине» Өкмөттүн 2009-жылдын 3-мартындагы Токтомунун негизинде өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Айдоочу окурмандарыбыздын суроолору боюнча ал эрежелерди кыскартып берүүнү чечтик. Бул эрежелер үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан баштап ишке кирет.
Өзгөргөн жол эрежеси боюнча айдоочулар штаттан тышкаркы милиция кызматкерлерине жана дружиначыларга сөзсүз түрдө токтоп, текшерүүгө документтерин берүүсү шарт эмес (“Жол кыймылы боюнча эрежелердин” 2.1.1- пункту).
Арзыбаган материалдык зыян келтирген жол кырсыгы болгон учурда чыгым төлөп берүү боюнча айдоочулар өз ара сүйлөшүп алууга болот. Бирок жол кырсыгы сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек (2.7-9.3).
“Айдоочуга тыюу салынат” пунктуна да толуктоолор киргизилген. Айдоочуларга төмөнкү учурларда тыюу салынат:
– МАИ кызматынын машиналарынын коштоосу жок туруп башаламан колоннада жарык күйгүзүп, авариялык жарыкты, жарык берүүчү приборлорду жандырып, сигналды кечке жаңыртып жүрүүгө;
– Жол кырсыгы болгон соң тиешелүү текшерүү бүткөнчө алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңгизаттарын жана адамдын психикасына таасирин тийгизүүчү заттарды колдонууга;
– Эмгек жана өргүү тартибин бузуу менен унааларды айдоого тыюу салынат. Эл аралык ташууларда бул маселе боюнча бекитилген эл аралык келишимдерди сактоо керек;
– Рулда баратканда атайын колдонууга ылайыкталган техникалык жабдыгы жок туруп уюлдук телефонду колдонууга;
– Токтоп турган машинанын жол кыймылы жүрүп жаткан жактагы эшиктерин ачык таштаганга.
Кызыл жана көк түстө маяк берилип, колонна менен жүрүп бараткан машиналардан озуп өтүүгө болбойт ( 3.3, 11.5).
Жаркырак, сары, кызгылт-сары түстөгү маяктарды оор жүк, бат жарылуучу, бат күйүп кетүүчү, радиоактивдүү, уулуу заттарды ташуучу унааларды коштоп жүрүүчү транспорттор гана колдоно алышат. Анда да Ички иштер бөлүмдөрүнүн уруксаты менен.
Жүргүнчүлөрдүн милдеттерине да толуктоолор киргизилди. Жүргүнчүлөргө төмөнкү учурларда тыюу салынат (5.3-пункт):
– Караңгыда милиция кызматкери унааны токтоткон учурда машинадан түшүп, анын кыймыл-аракетине каршы чыгып, жумушуна тоскоол кылууга;
– Автоунаада коопсуздук курун такпай коюуга;
– Мототранспортто тиешелүү баш кийимсиз жүрүүгө.
Балдарды автоунаада алып баратып аларды түшүрүүдө жана салууда жарык берүүчү авариялык сигнал күйүп турушу керек (7.1).
Белгиленген үч чийини бар эки тараптуу жолдо айдоочуга машина айдап баратып сол тараптагы акыркы чийинге же сол тараптан берки четке чыгууга тыюу салынат (9.3).
Эки тараптуу жолду бөлүп туруучу сызыкча же атайын белгилер жок учурда айдоочу кыймылдуу жолдун ортосундагы тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүүсү керек.
Көчөлөрдөгү коопсуздук аралчаларына иш үстүндөгү ИИБ жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин машиналарынан башка автоунааларды токтотууга тыюу салынат.
Автоунааларды көчөлөргө токтотуу эрежелери бузулган учурда токтотулган машинанын ээси жок болсо, унаа атайын каражаттарды колдонуу аркылуу эвакуацияланат.
Көчөлөрдүн кесилишинен солго бурулууда кесилиштин борбору унаанын сол жагында калыш керек (13.3.).
Жолдо эки жана андан көп чийин болсо, бетме-бет келе жаткан автоунаалардын бир багытка бир учурда бурулуусуна уруксат берилет (13.4).
Түрдүү белгилери бар кесилишке бир учурда келген унаалардын ичинен биринчи бурула турган айдоочу калгандарына жарык сигналын берип, бурула тургандыгын билдирүүсү керек (13.10).
Эл жашаган аймакта автоунаанын ылдамдыгы 10 чакырым/сааттан (мурда 20 чакырым/саат болчу) ашпашы керек ( 17.2).
Күндүз эл жашабаган аймактарда айдоочулар автоунаанын жакынкы жарыгын жандырып айдоосу керек (19.10).
Айдаганды үйрөтүү үчүн пайдаланылган машиналарда тормоздун, кошуунун (сцепление) педалдары инструктор отуруучу орунга да дубликатталып жасалышы керек. Ошондой эле арт жакты көрсөтүүчү күзгү сөзсүз болушу зарыл.
Айдаганды үйрөнүп жаткандар окутуучу мекеменин унаалары менен уруксат берилген аймакта гана жүрө алышат (21.7).
Буйрук берүүчү жол белгилерине түшүнүк берилди.
Өзгөрүүлөрдүн катарында жаңы жол белгиси киргизилди. Ал “жасалма өңгүл-дөңгүл” деп аталат. Бул белги айрым аймактарда автоунаалардын ылдамдыгын атайын азайтуу максатын көздөйт. Анткени ал мектеп, бала бакчалардын айланасындагы көчөлөргө коюлат.
Автоунааларды эксплуатациялоого төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилди:
– Сары жана кызгылт-сары өңдөгү жаркырактар көлөмү чоң, оор салмактуу, уулуу, радиоактивдүү, бат күйүп кетүүчү заттарды ташуучу, жол оңдоочу унааларга гана коюлат.
– Автоунаага жаркырак маяк орнотуу уруксаты ИИМ тарабынан берилет. Ошондой эле бул уруксат унаанын каттоо документтерине тиркелиши керек.
– Атайын сигнал, жарык маяктары орнотулган автоунааны колдонууга берүү КРнын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
– Атайын кызматтардын автоунаасына оперативдик номерлерди тагуу ИИМ тарабынан аныкталат.
– Автоунаага ар кандай жарнамаларды, сүрөттөрдү, жазууларды, белгилерди чаптоо жана унаанын заводдон чыккан өңүн өзгөртүү үчүн МАИден уруксат алуу керек.
– Автоунааларга туманга каршы фараларды экиден ашык орнотууга тыюу салынат.
– Жалпы эл колдонуучу автоунааларды аскердик өңгө (камуфляж) сырдоого тыюу салынат.
– Жолдорго, көчөлөрдүн кесилиштерине, темир жол өткөөлдөрүнө жол кырсыктарын, эреже бузууларды тартып калуу үчүн видео жана фото тартуучу каражаттар орнотулушу мүмкүн.
– Айдоочу мас абалында кармалган учурда анын абалын расмий түрдө далилдөө үчүн тиешелүү аппараттар колдонулат.
Автоунааны колдонууда тыюу салынуучу эрежелерге да толуктоолор киргизилди. Алсак:
– Автоунаанын бир сайына ар түрдүү өлчөмдөгү, үлгүдөгү, конструкциядагы, ар түрдүү сүрөттүү дөңгөлөктөрдү орнотууга болбойт.
– Картериндеги вентиляция системасы бузук автоунааны айдоого болбойт.
– Автоунаанын алдыңкы жана капталындагы айнектерин караңгылатууга, эшиктерге жана арткы айнектерге күзгү каптоолорду орнотууга тыюу салынат.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg