14-ноябрда эл өкүлдөрү Нариман Түлеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссиянын отчётун угушту. Жыйында башкы прокурор менен депутаттык топ Түлеевдин иши боюнча бир пикирге келе алышпай, акыры парламенттик комиссиянын маалыматын эске алуу токтомун кабыл алып, маселени токтотушту.
МИСТЕР ИКС КИМ?
Депутат Курманбек Осмонов комиссия Нариман Түлеевди кармоо мыйзамсыз деген тыянакка келгенин айтса, башкы прокурор Аида Салянова эл өкүлүн камакка алуу толук мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн билдирди. Аида айым жакында дагы бир нече эл өкүлдөрүнө кылмыш иши ачыларын айтты. «Жакын арада силерге дагы бир депутаттын кылмыш иши боюнча кайрылам. Башкы прокуратурада бул боюнча материалдар бар, бирок мен алардын ысымдарын азыр атагым келбейт»,- деди Аида Салянова.
«Бийликти күч менен басып алууга аракет кылышты» деген айып тагылып, УМККнын СИЗОсунда «Ата Журттун» 3 депутаты отурат эмеспи. Депутат Жылдызкан Жолдошова «аларга да кылмыш иши туура эмес козголгон» деп чыкты. «Андай болсо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да жоопко тартылышсын. Эмне үчүн 2005-2010-жылдардагы революцияны жамынып бийликке келгендер жоопкерчилик тартышкан жок?»- деп суроо салды Жылдыз айым.
СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР КЫЛМЫШ КЫЛГАН ДЕПУТАТТАРДЫ КАЛКАЛАБАЙТ
Бул арада КСДП фракциясы билдирүү менен чыкты. Анда фракция эгер депутатка кылмыш иши козголсо, анын кол тийбестигин алып салууга макулдук берүүнү жактап чыгышары айтылган. Буга чейин «Ата Мекен» фракциясы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров камалганда тергөө иштерине, сот процессине кийлигишпесин билдирип, «эгер министрдин күнөөсү болсо, жооп берсин» деп ачык айтып чыккан эле. Андан улам ой келет, «Ата Журттун» депутаттары да фракциялаштарынын жолу менен кетишсе, ансыз да абройдон кол жууп бараткан парламенттин баркы жогорулай түшөт беле?