ЖКнын 14-ноябрдагы чоң жыйынында «Ата Журт» жана «Республика» фракцияларынын депутаттары арданып чыгышты. Эл өкүлдөрүн Ак үйдүн кире беришинен УМККнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери бир аптадан бери ит менен текшерип жатышкан. «Депутаттын статусу жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинде «кызматтык унаа текшерүүгө алынбайт» деп жазылган. Бирок ага карабастан, УМКК «жогору жактан буйрук болду» деп депутаттарды тинтип жатат. Бул бейбаштыкты токтотуш керек»,- деди «ата журтчу» Курмантай Абдиев. Ошол эле учурда коалицияга кирген фракция депутаттары текшерилбей жатканы айтылды.
Нааразы болгон депутаттарды спикер Асылбек Жээнбеков гана жооткотту. Тиешелүү органдарды чакыртып, бул боюнча маалымат укмай болушкан. УМКК атайын билдирүү жасап, текшерүүлөр Ак үйдүн алдындагы ар кандай митингдер менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ошондой эле УМКК 2011-2012-жылдары парламенттин аймагына айрым депутаттар тарабынан ок атуучу куралдарды алып кирген учурлар катталганын белгиледи. Эске салсак, 3-октябрдагы митингден кийин депутат Садыр Жапаровдун унаасынан Калашников автоматы, травматикалык жана Макаров үлгүсүндөгү тапанчалар табылган.