ЖКнын депутаты Карганбек Самаков Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды. Жаңы жүктү мойнуна арткан Карганбек мырза 20-ноябрда Санкт-Петербургда өтүүчү КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышууга барат. Анда Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты биринчи салтанаттуу тапшыруу уюштурулуп, ал 11 мамлекеттин алкагындагы эң мыкты адабий чыгарманын авторуна берилет. Бул сыйлыкты тапшыруу демилгесин депутаттар Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиев алып чыккан.
Айтмакчы, буга чейин Карганбек мырза Мустафа Кемаль атындагы Эл аралык фонддун алтын медалы менен сыйланган болчу. Фонд Карганбек Самаковду «Эң мыкты коомдук ишмер» деп атап, элдер ортосундагы достукту бекемдегенин, «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес тизмесине киргизүү боюнча эмгегин баса белгиледи.