2013-ЖЫЛ: БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ НАЧАР

Өлкө бюджетинин 2012-жылга аткарылышын жана келерки эки жылга божомолун ушул жумада парламенттин тармактык комитеттери талкуулап баштады. Каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, 2013-жылы бюджеттин таңсыктыгы дээрлик 17 миллиард сомго чыгары болжолдонууда.
Билим берүү министрлиги быйылкы эле бюджети 350 миллион сомго кыскарып, окуу китептерин сатып алуу, транспорттук чыгымдары жана кызматтык сапарлары каржыланбай калганын айтып арызданды.
ИИМге болсо 2013-жылга 2,4 миллиард гана сом бөлүнгөн. Бул өткөн жылдарга караганда эки эсеге аз экенин айтып, жаңы министр Шамиль Атаханов нааразы болуп чыкты. «Бир күнгө шаарды көзөмөлдөөгө 3 литр бензин бөлүнүп жатса, биз кайдагы реформаны айта алабыз? Акыркы үч жылда милиция кызматкерлерине бир дагы жаңы форма берилбегенин айтпай эле коёюн. Ушундан кийин биз милицияны кантип таза иштөөгө чакыра алабыз?»- деп суроо салды.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги райондук бейтапканалардын жарымы гана унаа менен камсыз болгонун айтып кейиди. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттин дефицитин азайтуу үчүн чыгашалар кыскартыла турганын билдирген.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jurnalist.kg
2012-11-19 21:28:59
Мына Бактылуу окмоттун иштеп жатканын майнабы
0
Sherik200992
2012-11-21 18:00:36
Мына сага. Бакиевтен жаман жешетко. Баарыбызго Аллахым ыйман бер. Оомин!!!
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан