Башталгыч класстарга мугалимдердин жетишсиздигинен 14-ноябрда борбор калаадагы №48-мектептин окуучуларына сабак өтүлбөй калды. Андан улам мектепте окуучулардын биринин апасы сабак берүүдө.
«Азыркы учурда мугалимдерди издеп жатабыз. Бишкектеги бардык мектептерде бир эле мугалим эки класска сабак берет, андыктан мектептерибиз жалпысынан 100 мугалимге муктаж»,- деди Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаева.
Эмгек акы төлөө боюнча өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, кошумча акы мектеп-гимназияларда 5-класстан, орто мектептерде 8-класстан жогору төлөнөт. Ал эми башталгыч класстын мугалимдеринин макамы токтомдо жазылбай калган. Андыктан алар башка мугалимдерден орточо 1000 сомго азыраак маяна алышат.