ИИМ ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАП-ТОНООЧУЛУККА КАТЫШТЫГЫ ЖОКТУГУН ТАКТАДЫ

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы №1-СИЗОдо отурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү боюнча 246 адамды суракка алып, «Ата Мекендин» 4 депутатынын талап-тоноочулукка катыштыгын далилдей алган жок. Башкармалыктын жетекчиси Кубатбек Ноорузбаевдин айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө Юсупов менен депутаттар беттештирилип, көрсөтмөнүн бардык жагдайлары текшерилген. Бирок Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Турат Мадылбековдун тоноочулукка тиешеси жоктугу аныкталып, кылмыш иши токтотулган.
Ушул эле аптада ИИМ Алтынбек Арзымбаев кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турбасын тактап берди. Эскерте кетсек, ал интернетте жайылып кеткен видеодо Апрель окуясында талоончулукка катышканын ачык айтып жүргөн Айсулуу Дүйшөнкулова менен сүйлөшүп отурган. Арзымбаев өзү 12-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, «Республиканын» депутаты Алтынбек Сулайманов жана НТС телеканалы аны эч негизсиз эле «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» деп жатканын, жакында жогоруда аталгандарды сотко берерин шардана кылды. «Алтынбек Сулайманов өзү уюшкан кылмыштуу топтун лидери. Түштүктөгү күйүүчү-майлоочу жайларга, жүк ташууларга байланышкан аткезчиликтин баарын көзөмөлдөйт. Анын Ошто 500дөй спортчу балдары бар. Эгер криминалга тиешем болсо, Алтынбек Сулаймановдой 250 миң долларлык унаа тээп жүрмөкмүн»,- деди Арзымбаев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан