ФИНАЛДЫК ТАЙМАШ СТАРТ АЛДЫ!

«Супер сулуу-2012» сынагы жыйынтыктоочу баскычында. 1-турга өтпөй калган сулуулардын сүрөттөрү www.super.kg сайтыбызга жүктөлүп, бир апта бою добуш берүү жүрдү. Жыйынтыгында эң көп добуш алган алдыңкы үчилтик аныкталып, финалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Келерки сандарда сулуулардын купальникчен сүрөттөрү жарыяланат. Ал эми финал 7-8-декабрда Спорт Ордосунда өтүүчү концертте өтүп, жеңүүчү аныкталат!

ЖАНАРА АРАПОВА, Бишкектеги №20-лицейдин студенти.
– Сексуалдуумун деп эсептейсиңби өзүңдү?
– Менимче, сулуулуктун өзү эле сексуалдуулукка жатат болуш керек. Ооба, сексуалдуумун.

– «Супер сулуу» сынагынын жеңүүчүсү болоруңа ишенесиңби?
– «Мен жеңем!» деп ишенимдүү түрдө айта албайм. Бирок №1-болууга болгон аракетимди жумшайм. Кыздардын баарында эле ушул ой жашаса керек.

Альбина Ишенбек кызы, КМУнун студенти.
– Келбеттүү, бирок капчыгы жука мырзаны сүйүп калсаң...
– Акча деген колдун кири да. Мен байлыкка такыр кызыкпайм. Эгер кедей жигитти сүйүп калсам, ал мага үйлөнүү сунушун киргизсе, макулдугумду бермекмин. Байлыкты чогуу жасап алабыз.

– Мода кууйсуңбу?
– Мода деген мен үчүн – жарашыктуу кийим. Мисалы, быйыл модада эмес болсо, бирок менин табитиме туура келип, жарашып турса, ал кийимди сатып ала берем.

Айнура Тагайбекова, БГУнун студенти.
– Сулуулук сен үчүн...
– Сулуулук, албетте, жакшы нерсе. Анткени бардыгы татынакай деп кызыгып, көп жерден баа берилет эмеспи. Бирок мындан жапа чегип калган учурларды деле көрүп жүрөм. Ошондуктан ашынган сулуу эмес, келбеттүү, жакшынакай болгон эле жетиштүү мага.

– Сенин идеалыңдагы мырза...
– Мага шыңга бойлуу, арык балдар жагат. Анан да сулуу, таза жигиттер менин талабыма жооп берет.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nur-islam
2012-11-19 23:40:24
Мага Жанара жакты))) Чын эле сексуалдуу экен...
0
KyrgyzBala94
2012-11-20 13:26:14
Kakie nojki)))
0
Ulan Taalaibek
2012-11-21 01:56:27
Жанара...! Жанарааа... Менники болчу! дебеинби :) Чындап сулуу экен.
+1
yoma.kg
2012-11-23 10:39:21
купальникчен кандай болушат болду экен?:)
-1
zoro21
2012-11-25 08:14:47
Айнура сени коруп жактырып калдым,тилекке каршы аялым бар((( капа болбо,э?а так сулуулугун тим эле жигиттерди козгойт экен,ийгилик,5 баланын добушу кетти сага.
0
samat__kg..
2012-11-25 11:05:49
Ээ болбогон бир сынак болбогон бир сынак эмне кереги бар бул сынактын.ушул сынак отуп жатканда жанынан отуп бара жаткан башка бир кыз утуп алса экен супердин сулуусу 2012 деген наамды ..
0
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан