«Супер-Инфо» гезитинин супер концерти күн санап жакындап келет. Эң мыкты аталып, «супер» деген наамды багынтууну каалаган талапкерлер, албетте, кызуу даярдык үстүндө жүргөн кези. Ким мыкты, ким супер аталууга татыктуу? Бул суроолордун жообу 7-8-декабрда Спорт Ордосунда билинет. Бир жылда бир келчү эстен кеткис кечеге күбө болуңуз, кадырлуу окурман!
Жыл сайын толкундануу менен бул саамалыкка катышып, жыл ичинде көргөзгөн эмгектеринин акыбетин күткөн маданият, шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү быйыл да бактылуу мүнөттөргө камынууда. Бири өзү үчүн кабатырланып интернет тармактарында добуш берүүгө чакырыктарды жасап жатса, бири сүйүктүү ырчысы, актёру же жактырган ыры үчүн жан үрөп добуш топтоодо.
Айта кетчү жагдай, учурда жүрүп жаткан www.super.kg сайтындагы добуш берүү «Супер ырчы мырза», «Супер ырчы айым», «Супер тасма», «Супер актёр», «Супер актриса», «Супер ыр», «Супер клип», «Супер ремейк», «Супер топ», «Супер дебют», «Супер күлкү жаратуучу» наамдары боюнча 19-октябрда токтотулуп, алдыңкы үчилтик калыстар тобунун сынына коюлат. Ал эми калган наамдар боюнча алдыӊкы үчилтик аныкталып, добуш берүү жаӊыланып, 8-декабрга чейин улана бермекчи.
Учурда добуш берүүнүн көрсөткүчү боюнча алдыңкы саптарда келаткан талапкерлердин даярдыктарына кызыгып көрдүк.
«МАГА ДОБУШ БЕРГЕНДЕРГЕ ИЧИМ ЖЫЛЫДЫ»
Айнура Салахидинова,«Супер ырчы айым» наамына талапкер:
– Супер концертке катуу даярдык көрүп жатам, жаңы көйнөк тиктирип, бийчилерди камдап дегендей.
Анан да www.super.kg сайтына катталып, күйөрмандарымдан мага добуш берүүсүн сурандым. Жагымдуусу, аларга добуш берип койгула десем, «сиз айтпасаңыз деле сизге добушубузду эчак берип койгонбуз» дегендери болду. Тим эле ичим жылып, кубанып калдым. Өзүмдүн тааныштарыма айтсам, көпчүлүгү интернет менен дос эмес экен. А бирок чыгармачылыгыңды баалап, уккан адам суратпай өзү эле добуш берип коёт тура.
«ЖЕҢБЕЙ КАЛСАМ КИЧИНЕ ЭЛЕ ЫЙЛАП КОЁМ»
Самат Эркинбек уулу («Ак-Өргө City»), «Супер күлкү жаратуучу» наамына талапкер:
– Мен, чынында, былтыр катышып, утпай калганымдан быйыл наамга көрсөтүлбөйм го деп ойлогом. Орусияда гастролдо жүрсөм, тааныштар сүйүнчүлөп калышты. Силердин сайтыңарга кирип карасам, 5-орунда экенмин. «Менде «шанс» жок турбайбы» деп койгом. Мына 2-3 күн мурун карасам, биринчиликке чыгып кетиптирмин. Өзүм интернетке анча жакын болбогондуктан, сырттан эле көзөмөлдөп жатам. Эгер жеңсем кубанычым менен бөлүшөм, жеңбей калсам кичине эле ыйлап коём.
«НААМГА КӨРСӨТҮЛГӨНҮМДҮ РЕЖИССЁР АЙТТЫ»
Марал Койчукараева («Ээнсиреген үй» тасмасында Аселдин ролунда), «Супер актриса» наамына талапкер:
– Эң биринчи бул наамга көрсөтүлүп жатканымды мага Нурбек байке (тасманын режиссёру Нурбек Эген) айткан. Ал «www.super.kg сайтында сени «Супер актриса» наамына көрсөтүптүр, добуш берүү жүрүп жатат» деди. Андан сырткары тааныштарым да айтып калышты. Атаандаштарымдан Кымбат Асизова актрисалыкка окугандыгына байланыштуу ошол утуп кетсе керек деп жатам. Кантсе да актрисалык жаатта билими бар эмеспи. Өзүм экзамендерим менен алаксып, көп кирише албасам да күйөрман болуп, мага добуш бергендерге рахмат айтам.
«КАТЫШУУЧУЛАРГА ИЙГИЛИК, ӨЗҮМӨ ЖЕҢИШ КААЛАЙМ»
Гүлжигит Калыков,«Супер ырчы мырза» наамына талапкер:
– Бул деген элдин тандоосу, андыктан «Жылдын супери» наамына көрсөтүлгөнүм мен үчүн жагымдуу. Былтыр «Евразия жылдызы» аталышым да чоң себеп болду окшойт. Эл бааласа, бизге чоң стимул болот. Эгер Кудай буюруп жеңип калсам, концертте да күйөрмандардын ишеничин актап, өзүмдү жакшы көрсөткөнгө аракеттенем. Сынакка кимдер катышып жатса, анын баары татыктуу, баары мага атаандаш. Андыктан бардык катышуучуларга ийгилик, өзүмө болсо жеңиш каалайм!