ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27.
Бул ирет Өкмөт алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна байланыштуу суроого орун бердик.

«МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА ООРУКАНАДА КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР?»
– Балам быйыл 5 жашка чыкты, 2-топтогу майып. Төрөттө травма алгандыктан, бат-баттан ооруп турат. Башыбыз бейтапканалардан чыкпайт. Ооруканада жатып калса, диагнозунан өйдө палатасына, төшөк-жуурканына, шприц менен пахтасына дейре акча төлөйбүз. Врачтар рецепт жазарда таанышынын дарыканасына жолдошот же өздөрү түрдүү дары-дармек сатуучу компанияларга кирип алып, өз продуктысын сунушташат. Ооруканада кайсы дары жардам катары берилерин көбүбүз билбейбиз. Сурай келсең деле, «андай жок» деп кутулушат.

Мэри Абыкеева, Чүй облусу

– Мамлекеттик кепилдик программасына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдардын дарылануусу бекер. Бейтапкана болобу же ооруканабы, ар биринде кепилдиктер боюнча кеңири маалымат жазылган стенддер илинген. Жакында аларга көбүрөөк көңүл бурулушу үчүн кайрадан жасатып чыкмай болуп жатабыз. Кандайдыр бир маселелер жаралса, ошол оорукананын жетекчисине кайрылуу керек. Эгерде чечилбесе, анда биздин фондго кайрылууга болот. Бизге кайсы ооруканада конкреттүү кандай маселелер орун алып жаткандыгын айтып берүүсү зарыл. Андан кийин гана биз чара көрүүгө даярбыз.

Суроого Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу программасын ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Мамашева жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан