– Жубайым экөөбүз балалуу болууну каалайбыз. Бирок, кошулуу аялыма оорутууну жаратып келе жаткандыктан, бизде калыптагыдай секс жок. Ошондуктан, биз үй шартында жасалма жол менен бойго бүтүрүүгө болобу деп сурайлы дедик эле. Айдемир, Кант.
– Үйдө жасалма уруктандыруу ыкмасын жүргүзүүгө болбойт. Ал эми аялыңыз төшөктө оорутууга кабылса, анда гинекологго, болбосо сексологго кайрылуусу зарыл. Эгер оорутуу жыныс мүчөлөрдүн чоң-кичине айырмасынан болуп жатса, анда ылайыктуу позаларды караштыруу сунушталат. Антсе да атайын дарыгерлерге кайрылып, текшерилүү кажет экендигин унутпаңыз.
“АЛИГИМДИ” ӨЗ АЛДЫМЧА КАНТИП ДАРЫЛАЙ АЛАМ?
– Менин жашым 23тө. 4 жылдан бери онанизм менен алектенем. “Алигимдин” башы көптөн бери кызарып, түп жагы азыраак көгүш тартып келүүдө. Мындан тышкары жыныс мүчөмдүн башында тырмап алгандагыдай издер да бар. Эми мен канткенде өз алдымча “алигимдин” башын айыктырып, терисинин өңүн оңдой алам? Алик, Карабалта.
– Сыягы, сиз баланопоститке – жыныс мүчөнүн сезгенүүсүнө чалдыккан окшойсуз. Баланопостит түрдүү себептерден улам пайда болот. Эгер аялзаты менен жыныстык катнашта болсоңуз, анда инфекция жуктуруп алган же албаганыңызды билүү үчүн анализ тапшырууңуз керек. Эгер жыныстык катнашта болбосоңуз, анда оору кант диабетинен же жыныстык органды таза алып жүрбөгөндөн улам келип чыгуусу мүмкүн. Ошондуктан, так диагнозун билүү жана дарылануу үчүн тезинен дарыгерге кайрылууңуз зарыл.