УУЛ КААЛАЙСЫЗБЫ ЖЕ КЫЗБЫ?

Келечектеги баланын жынысын аныктоо үчүн бойго бүтүрүү эрежелери жана жолдору боюнча ар кандай талаш-тартыш ойлор айтылат. Чындыгында, уулдуу же кыздуу болгусу келген үй-бүлөлөр четинен чыгат. Ошондуктан алар үчүн бул маселе абдан маанилүү. Баланын жынысын пландоодо эмнелерди эске алуу керек? Сурообузга №3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жогорку категориядагы урогинекологу, дерматовенерологу Калдарбек Бахтакунов жооп бермекчи.


УУЛ БАЛАНЫН БОЙГО БҮТҮШҮ ЭРКЕКТЕН КӨЗ КАРАНДЫ
Баланын жынысын пландаштыруунун бир жолу – овуляцияны эсептеп, белгиленген убакытта гана төшөк оюну менен алектенүү. Овуляция бул – уруктанууга даяр, жетилген жумуртка клеткаларынын иштелип чыгуу процесси. Адатта 28 күндүк айыз циклинин 14-17-күндөрү жумуртка клеткалары баарынан көп иштелип чыгат.
Уул баланын бойго бүтүшү эркектен көз каранды. Анткени аял менен эркек бир жуптан хромосомаларды алып жүрөт. Аялда эки Х, ал эми эркекте Х жана Y хромосомалары болот. Х хромосомалуу сперматозоиддер кызды, Ү болсо эркек баланы бойго бүтүрүүгө шарт түзөт. Эгер кыздуу болууну кааласаңыз, жумуртка клеткаларынын жетилишине 3-4 күн калганда жыныстык катнашка баруу керек. Эмнеге овуляцияга 3-4 күн калганда кошулган учурда кыз төрөлөт? Себеби эркектин сперматозоиддеринин ичиндеги Х хромосомалары Ү хромосомаларына караганда кыймылдуу келип, көпкө жашашат. Тескерисинче, Ү хромосомаларынын алдыга жылуу ылдамдыгы жай жана өмүрү кыска болгону менен, алар жетилген жумуртка клеткаларынын сырткы катмарын эритип жиберүүчү касиетке ээ. Ошондуктан уулдуу болууну каалагандар овуляциянын ортосунда кошулушса, эркек баланын төрөлүшү жогору болот.
Овуляция ыкмасы башкаларга караганда бир топ ынанымдуу, ошол эле убакта татаал ыкма. Адашып калбоо үчүн айыз циклин таблица түрүндө такай кагазга түшүрүп, белгилей жүргөнүңүз туура.

КАНДЫН ЖАҢЫЛАНУУСУ
Баланын жы­нысы ата-энесинин канынан да көз каранды. Башкача айтканда, аял менен эркектин кимисинин каны "жашыраак" болсо, демек, бойго бүтүү учурунда ошонун каны күчтүүлүк кылат. Баланын кайсы жыныста болорун билгиңиз келсе, өзүңүздүн жашыңызды үчкө бөлүңүз (анткени аялдардын каны ар үч жылда жаңыланып турат), жолдошуңуздун жашын төрткө бөлүңүз (эркектердин каны ар төрт жылда бир жаңыланат). Мисалы, сиз 24 жаштасыз дейли. 24:3=8. Жолдошуңуз 27 жашта. 27:4=6,75. Калдык канчалык аз болсо, кан ошончолук жаңы. Эгер болочок эненин каны жаңы болсо – кыз, болочок атанын каны жаңы болсо – эркек бала бойго бүтөт.
Бирок бул ыкманы колдонордо көп кан жоготкон (төрөт, операция, аборт) же донор катары кан тапшырган учурларды эске алуу керек. Эгер сизде мындай учур болсо, жаш курагыңызды эмес, ошол күндөн берки жылды эсептейсиз.

ДИЕТА
Эң кеңири тараган ыкмалардын бири: кальций жана магнийге каныккан азыктарды канчалык көп жесеңиз, кыз төрөгөнгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот. Андыктан кыздуу болгуңуз келсе, сүт азыктарын, шоколад, кофени көбүрөөк колдонуңуз. Атүгүл күйөөңүз менен кошо бул калориялуу азыктарга бойго бүтүрүүдөн үч ай алдын ала диетага отуруңуз. Тескерисинче, эркек балалуу болууну кыялданып жүргөн болсоңуз, натрий менен калийге бай эт, колбаса, туздалган бадыраңга басым жасап, сүт азыктарын чектеп колдонуңуз. Мындан сырткары ашкабактын данын кургатып, бир аз кууруп чагып жесеңиз, күч-кубат берет. Ошондой эле грек жаңгагынын маңызын балга аралаштырып, 1 аш кашыктан 4 маал жеп туруу эркек балалуу болгонго жакшы түрткү берет.

ТӨШӨК МАСЕЛЕСИ
Эркек канчалык төшөк оюну менен көп алектенсе, өзүнө тукум калтыруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Мунун негизги сыры мында: урология-андрологияда “жыныстык катнаш канчалык көп болсо, ошончолук ага кайра-кайра тартып турат” деген тыянак бар. Бул деген эркектин организминде иштелип чыккан тестостерон гормонунун деңгээлине жараша болот. Сизде “эмнеге бат-баттан жыныстык катнашка барган эркекте бул гормон көп болот?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул гормондун көп пайызы эркектин без, жумуртка клеткаларынан иштелип чыгат. Анын тийиштүү деңгээлде иштелип чыгышы гипофиздин алдыңкы бөлүгүнөн чыккан ЛГ (лютеиндик гормон) жана ФСГ (фолликуланын өсүүсүн камсыздоочу гормон) гормондоруна байланыштуу болот. Эркек төшөккө көп барбаса, тестостерон гормонунун иштелип чыгышы басаңдап, төшөктө алсыз болуп, аялы кыз төрөй берет.
Жок, кыздуу болом десеңиз, боюңузга түйүлдүктү бүтүрүүдөн 10 ай мурун жолдошуңуздун моюнуна кара жумуштун баарын жүктөп, спорт клубга жазылууга үндөңүз. Кыздуу болуу тилегин ишке ашырууда бир жарым айдан кем эмес төшөк оюну жок жашашыңыз керек. Эсиңизде болсун, кумарлуу өбүшүүлөр да эрежени бузуп коюшу мүмкүн.

КЫТАЙ КАЛЕНДАРЫ
Айрым түгөйлөр кытай жана япон календарына ишенишет. Бул ыкма аялдын жашын, айын жана бойго бүтүрүүгө болжолдонгон айды кошууга негизделген. Мисалы, сиздин жашыңыз 25те, июнь айында төрөлгөнсүз дейли, февраль айында боюңузга бүтүрүүнү пландаштырып жатасыз. Демек, 25+6+2=33. Суммасы 33 деген так сан болду. Демек, сиздер тогуз айдан кийин кичинекей эркек баланын ата-энеси болосуздар. Эгер чыккан сумма жуп сан болсо, анда кыз төрөлөт.

CӨЗ СОҢУНДА
Жогорудагы бардык айтылган жолдор толук аныктама эмес. Эркек баланы же кызды бойго бүтүрүү үчүн кепилдик бере албайт. Болгону, бул жолдор жардам берчү, көпчүлүк учурда ийгиликтүү ишке ашчу фактылар. Бардык нерсе бир Кудайдын каалоосу менен экендигин унутпаш керек.
Ошондой эле түгөйлөр балалуу болгонго чейин жок дегенде 3 ай мурун сөзсүз дарыгерге кайрылуулары шарт. Дарыгер сөзсүз мурунку бардык жыныстык жана башка ооруларды карап текшерип, анализдерди алып, анан балалуу болууну сунуштайт. Бардык шарттар жана милдеттер текшерилип, бардыгы нормада болгон учурда гана бойго бүтүрүүнү пландоо туура.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
БАЛАЛУУ БОЛУУНУ АЛДЫН АЛА ПЛАНДАШТЫРАСЫЗБЫ?

Марс Эсенаманов, фермер, Талас облусу:
– Үч эркек балам бар. Биринчи уулубуздан кийин кыздуу болсок дегенбиз. Кудайдын буйругу экен, кийинкилерибиз да уул болду. Эми 2-3 жыл эс алып, анан кыздуу болууну пландаштыруудабыз.

Айнура Калмурзаева, банк кызматкери, Жалал-Абад облусу:
– Бала – ата-эне үчүн белек, артында калчу туяк. Өз канымдан жаралчу баланы атайын пландабайм деле. Уулбу, кызбы, мен үчүн мааниге ээ эмес. Кудайдын бизге бергенине нааразы болбойбуз.

Нурлан Кубаталиев, айдоочу, Ысык-Көл облусу:
– Ата болуу – эркек үчүн чоң жоопкерчилик. Андыктан балалуу болууну пландап гана койбостон, бир бала болобу же онбу, бардыгына бирдей кам көрүп, татыктуу тарбия берүүнү да ойлонуу зарыл.

Гүлназ Айжигитова, эсепчи, Баткен облусу:
– Учурда жолдошум экөөбүз балалуу болууну пландаштыруудабыз. Өзүм жалгыз кыз болгондугума байланыштуу 2 кыз, 2 уулдуу болсом дейм. Анан да тун балам уул болсо экен деп жатам.

Жаныш Чымбаев, уста, Нарын облусу:
– Албетте, алдын ала пландаштырабыз. Учурда бир уулум бар. Жубайым 2 уул, 2 кыздуу болсок дейт. Кудайдын бергени деп эле көп балалуу боло бербеш керек. Баланы тапкандан кийин, аны багууну да билиш зарыл.

Уулкан Бекназарова, соодагер, Чүй облусу:
– Үч уулум бар. Жолдошум экөөбүз кыздуу болууну каалап, эсептетип пландаганбыз. Учурда кош бойлуумун. УЗИге түшсөм, эркек дешти. Бирок бул аппарат деле жаңылат экен. Балким, кыз болуп калар деген үмүт менен күтүүдөбүз.

Наргиза Курманалиева, мугалим, Ош облусу:
– Эми бардык нерсе Кудайдан да. Бала берем десе берет дегендей... Канчалаган адамдар пландап, бирок балалуу боло албай жүрүшөт.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уул каалайсызбы же кызбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
koky85
2012-11-28 17:26:46
катаа эсептелиптирго 24:3=6 эместа.24:6=8 го и
0
admin_AGAT
2012-11-28 18:37:13
koky85, катачылык кеткен, түзөтүлдү. Рахмат!
0
kalbek87
2013-11-29 20:36:18
урук жетилгенге чейин дегенине тушунбодум да
0
Gul_gulum
2019-03-30 15:33:47
koky85, кай жеринде катачылык
0
rozka
2012-11-28 18:27:39
менин 1 уул 1 кызым бар дагы торойт элем боюмда болбой жатат эки баламдын омурун тилеп ушунусуна шугур деп отурам
0
jiku_83
2012-11-29 03:09:58
менин да бир уулум жана бир кызым бар, кудайга чексиз шугур!
0
muslimkg
2012-11-29 07:58:35
Аллахка коп,коп шугурлор болсон кыз болобу уулбу шугур кылыш керек
0
egemberdievagulbara
2012-11-29 10:24:04
Биздеда 2уулубуз бар 3унчусу кыз болсун деп тилеп жатам жараткандан
0
aelinaaa
2012-11-29 17:28:00
Пайдалуу кенештер экен чон рахмат.Не болсо да уулбу же кызбы акыл эси,узун омуру,ден соолугу менен берсин.
+1
erali
2012-11-29 22:15:13
Жубайым экообуздун 1 уул,3 кызыбыз бар.Уулубузга шерик болот бекен деп ойлоп калабыз.Аллахым ой ти легибизди кабыл кыла кор.
0
aziko04
2012-11-29 23:13:35
Мен да бала кутуп жаткан кезим, 7айлык болуп калды, жогорудагы айтылган календарь менен эсептеп корсом, экоондо тен кыз деп чыкты. Мен эркек бала кутуп жаттым эле. эми Алланын айтканы болот да. торогондон кийин айта силерге, календарь туурабы же туура эмеспи!
0
SatiNur
2012-11-30 14:27:21
эгиздерди да пландаса болот болду бекен Суперчилер
0
mamatov.1982
2012-12-01 11:17:14
Даарыгерлерге да ишенбей калдым, ар кимиси ар кандай тушундурмо беришет, негизи кудайдын бергени да.
0
Husein09
2012-12-01 19:21:46
Мен Аллахка кандай перзент берсе ошого шугур кылам азыркы убакта эгиз уулдарым бир кызым бар баарын билуучу Алла,Алладан сурасанар баары жакшы болот
+4
ramis_kg
2013-02-23 22:47:50
Ар ким ар кандай тилейт тилеген тилегинерди кудайым берсин
0
ramawka28
2013-02-24 02:38:58
кыз уул деп тандабаш керек кудайымдын бергени...менин кызым бареми уулду болсом деп кудайымдан тилеп журом
0
mikka85
2013-06-20 01:46:11
бир уулум бар кыздуу болгум келет
0
mary_kg
2017-01-15 13:09:02
Бойго буткону канча убакта билинет?
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан