ҮЙ КАЛЕМПИРИ – ТАТЫМАЛ ЖАНА ДАРЫ

УРУГУ ЖАНА БУТАКЧАСЫ АРКЫЛУУ КӨБӨЙӨТ
Кооздук үчүн өстүрүлүүчү кичинекей калемпирдин мекени – Борбордук жана Түштүк Америка, Чыгыш Азия. Мындай үйдө өстүрүлүүчү калемпирдин илимий аталышы капсикум же бир жылдык паприка. «Капсикум» сөзү гректердин «капто» – «чагуу, тиштөө» деген сөзүнөн алынган. Көптөгөн өлкөлөрдө аны татымал да, дары катары да колдонушат. Калемпирдин абдан ачуу сорттору эл оозунда «бомба», «атом» деп аталат. Анткени аны жегенде оозуңду куйкалап кетет дешет.
Сортуна жараша формалары түрдүү, ошондой эле мөмөлөрү кызыл, кызыл-сары, сары, ачык сыя, кочкул кызыл болот. Бөлмө калемпири күн тийип турган, аба алмашып туруучу орунду сүйөт. Жайында балконго же бак ичине, күн нуру түз тийбеген жерге чыгарып койсо болот. Адатта, май айында гүлдөп баштайт да, жай бою гүлдөөсүн улантып, мөмө ала берет. Андыктан гүлү менен кошо бир убакта эле мөмөлөрүн да көрүүгө мүмкүн. Ысыкта сууну көп талап кылып, күздө, кышта сууну аз ичишет. Мөмөлөрү кызыл-тазыл болуп суктандыргандыктан, кичине балдар аны жеп албоосуна көз салуу зарыл. Ал ачуу экендигин түшүндүрүү кажет.
Мөмөсү жана бутакчасы аркылуу көбөйөт. Мөмөсү бышканда уругун кара топурак салынган жалпак идишке сээп, үстүн айнек менен жаап койсо, 2-3 аптада өсүп чыгат.
Татымал үчүн кургатканда, аны кадимкидей эле жипке тизип, илип коюшат. Болжол менен 7 күндө кургайт.

МУУН ООРУЛАРЫНА ДАРЫ
Көп кылымдар мурункудай эле азыр деле илим үй калемпиринин дарылык касиетин изилдеп келет. Анда Е, С витамини башкы орунду ээлейт. Бирок дарылык касиетти калемпирдеги капсаицин заты берет. Бул зат бактерияга, уулуу заттарга каршы касиетке ээ. Майя индейлери капсикумду ооруну басуучу, ангинаны, жөтөлдү айыктыруучу дары катары колдонушкан. Ошондой эле астманы жана дем алуу жолдорунун ооруларын жок кылуу үчүн дары чөптөрдүн топтомуна кошушкан.
Учурда үй калемпири дүйнөнүн бардык бурчунда өстүрүл­гөн­дүк­төн, көп элде аны дарылык максатта колдонушат. Мисалы, рак оорусунун алдын алуу үчүн, ошондой эле рактын кээ бир түрүн айыктырууда. Кытай элдик медицинасында нервди тынчтандыруучу, ичтейди ачуучу каражат катары пайдаланышат. Фармацевтикада үй калемпири калемпир пластырын жана калемпир кошулган дары майды даярдоо үчүн керектелет.
Спиртке же аракка салынган ачытмасын ичсе ичтейди ачып, дененин сыртынан сыйпаса ысытуучу, суукту чыгаруучу касиетке ээ.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
saya4ka
2012-11-27 10:02:47
менин апам мурда ушундай калемпир тикчу. Жакшынакай болуп, терезеде турчу. Келгендер абдан суктанаар эле. Бирок, аябай ачуу!
0
veneraaalieva
2012-12-05 10:59:13
Бул калемпирдин дары экендигин билген эмес экенмин менин да ушундай калемпирим бар сары, кызыл болуп бышат
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан