«КОНЦЕРТТИН БАШЫНДА МЕН ЖӨНҮНДӨ ЖЕТИ МҮНӨТТҮК ВИДЕОСЮЖЕТ КӨРСӨТҮЛӨТ»

– Мирбек, жеке концерт берүү идеясы сенде качан пайда болду?
– Негизи, мен «Сени гана» ырым популярдуулуктун туу чокусуна чыгып турган кезде эле концертимди берсем болот эле. Бирок, 4-5 ырым менен концерт койгондон уялгам. Ошондуктан, сентябрь айында беребиз деген планыбыз кышында эле жаралган. Чындыгында, ушул концертке кыштан бери даярданып келебиз.

– Ушунчадан бери даярданып жатканыңарга караганда концерт өзгөчө­рөөк өтсө керек?
– Башкалардан өзгөчөлүгү, концерттин башында мен жөнүндө жети мүнөттүк видеосюжет көрсөтүлөт. Ал сюжетте менин кичине кезимде ырдагандарым, апамдын жана башка жакын адамдарымдын мен жөнүн­дөгү ойлору, кыскасы, мен жөнүн­дөгү маалыматтар камтылган. Сахнанын эки четине орнотулган чоң экрандан ошол сюжет көрсөтүл­гөндөн кийин гана концерт башталат.

– Концертке өзүңдүн кандай даярдыктарың бар?
– Жеке концертиме мен он эки ыр менен чыгам. Алардын экөө англис тилиндеги ырлар. Аларды гитара менен жандуу үн менен ырдайм. Калган ону өзүмдүн ырларым. Алардын ичинде Ильяз Абдразаков менен, мурунку «Санат» тобу менен аткарган дуэттерим бар. Учурда бий топтору менен кызуу даярданып жатам. Мени колдоп бир эмес, төрт бий тобу концертиме катышат. Биз продюсерим экөө­бүз менин сахнага кийип чыгуучу формаларыма жана сахнанын жасалышына көп көңүл буруп жатабыз. Мисалы, сахнанын эки четине жасалма арстанды коюп, ортосунан мен чыгам. Же болбосо төрт жолу сахнага чыксам, төрт түрдүү стилде кийинип чыгам. Кыскасы, ал жагы элге жагаарына толук ишенип жатам.

– Эмнеси болсо да биринчи концертиң эмеспи. Жүрөксүү, толкундоо сезимдери да болбой койбосо керек.
– Андай сезимдер болбой койбойт экен. Концерт үчүн көп санааркап жатам. Эл келеби, келбей калабы деп да көп ойлоном.

– Концертке демөөрчүлөрүңөр барбы?
– Жок, баарын өзүбүз уюштуруп жатабыз. Сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен концерт уюштуруунун бир топ түйшүгү бар экен. Бардык жагына жалгыз Канат байке экөөбүз чуркап жүрөбүз. Акча жетпей калгандыктан, аранжировка жаздыруучу аппаратурамды да сатып жибердим.

– Концерттен түшкөн акчаңды эмнеге жумшайын деп турасың?
– Концерттен пайда түшсө дароо эле жаңы, сапаттуу аппаратура сатып алам деген пландарым бар. Анан калганын дагы көрө жатарбыз. Мага негизгиси акча эмес, концертим өз деңгээлинде өтүп, элди ыраазы кыла алсам болду.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан