Талант Анарбаев:«ДУҢКУЙГАН БАЛА БОЛГОНДУКТАН, КЫЗДАР МЕНИ КАРАЧУ ЭМЕС»

Жаныбек, Абдылдалар устаттарым деген менен өзүн «Куудулдардын президенти» атаган куудул Талант Анарбаевдин балалык кези көпчүлүккө кызык болсо керек. Анда белгилүү куудулдун бала кезиндеги «пирожки базарына» чогуу барып, «тоок сүйүүлөрүнө» күбө болуп келели.

«АТАМДЫН АРЫЗЫ МЕНЕН ЭРКЕК БОЛУП ТӨРӨЛГӨМ»
– Мен 1978-жылы 11-сентябрда Кара-Суу районунун Талдык айылында таңкы саат 4төн 4 мүнөт өткөндө атамдын арызы боюнча эркек болуп төрөлгөм. Атам менен апам «таланттуу бала болсун» деген ниет менен атымды Талант коюшуптур. Төрт жашка толгонумда атам экөөбүз дуэт менен декламация айтчу экенбиз:
Атам: – Уулум, кулунум!
Мен: – Ата, болбоңуз капа,Чектирбейм жапа.
Атам: – Беремин бата,- деп. Ал менин эсимде жок, атам айтып калат.
Беш жашымда атам мага «Манас» жаттатты. Ошентип, 5-6-класска чейин «Манас» айтып жүрдүм. 1988-жыл болсо керек эле, Ошко кытайлык кыргыздар келип калды. Аларды тосуп алуу аземи Алай районунун кире беришинде өтмөк болуп, атам мени «Манас» айтасың» деп алып барды. Кызыл калпакты кийип алып «Манас» айткан бою кичинекей мага боордошторубуз таңыркашып, белектеринин баарын эле берип коюшкан.

«МАНАС АКЕ, БОРОНЧУЛАР АКЫМДЫ БЕРБЕЙ КОЮШЧУ»
– Жаш кезимден эле бир нерселерди туурай берген адатым бар. Суур, тоок, ит, айтор, көзүмө эмне көрүнсө, ошонун баарын туурачумун.
Дөөлөт Мадымаевдин «Чалкан чабам» деген сатирасын жаттап алып, «Манасты» таштап коюп, ошол сатираны көпкө чейин ойнодум. Кийин элдер «жаңысы жокпу?» дей башташты. Ошол кезде Манас Бердибеков мени куудулдардын сынагынан көрүп, Бишкекке алып кетти.
Союз таркап, элде бир аз кыйынчылык болуп, жүгөрү нан жеп калган учур эле. Мен да аябай кыйналдым. Манас аке, Борончулар менен чогуу жүрдүм, концерт бүткөндөн кийин алар мага карабай, акымды деле бербей таштап кетип калышчу. Жашоо кыйындап, бир күнү ошол кезде мага көп жардам берген Калыс деген эже «пирожки бышырып, семичке кууруп сатсаң, жакшы пайда табасың» деп калды. Ошентип, өзүм пирожки бышырып, семичке кууруп, «Турбаза» базарында сатып күн көрө баштадым. Кээде мен куудул болбосом, бир бизнесмен болуп чыкмакмын деп калам. Пирожки сатып жүрүп, 16 жашымда чоң сахнаны аттагам.

«9-КЛАССКА ЧЕЙИН ЭЛЕ ОКУГАМ»
– Сахнага чыгам деп жүрүп 9-класска чейин эле окугам. Ошого чейин шоктуктун планын жакшы эле толтурдум окшойт. Мугалимдер башкаларга «Талантка окшобой...» деп мени мисал келтиришчү. Бир жолу чогуу окуган балдарды кептер кармайбыз деп эки кабат мектептин чатырына ээрчитип чыктым. Күнгө күйүп, саргайып кеткен журналдар бар экен, эмне кылып ширеңке жандыра койгонубузду билбейм, араң турган журналдар күйүп кетти. Коркконубуздан баарыбыз тең качып кетиптирбиз. Ким өрттөгөнүн эч ким билбей калган. Эгер муну азыр агай-эжелерим окушса, «ээ, кайран» дешсе керек.
Директорубуз аяш атам болчу, кылмыштын баарын мен баштасам да, анчалык таяк жебейт элем. Бирок бир жолу анын муштумуна да кабылгам.
Бир күнү экинчи кабаттагы химия кабинетине кирип, балдарга пробиркаларды карматып «заара толтургула» деп койдум. 5-6 пробирка даяр болгон соң аларды парталардын астына тизип койдук. Ал кабинеттин астында директордун иш бөлмөсү жайгашканын ойлонбоптурмун. Бир убакта идиштерди кулатып алдык. Баягы зааранын баары жайылып эле жатып калды. Полдун тешиги бар экен, астыңкы кабинеттеги үстөлдүн үстүнө тамчылаптыр. Ошондо директор аяш атамдан катуу токмок жегеним эсимден кетпейт.

«ҮЙДӨ 4 ЭРКЕК КАТАР БОЛГОНДУКТАН, КӨП МУШТАШЧУБУЗ»
– Атам тартипке өтө бекем. Биз алты бир тууганбыз. Эки кыз, төрт уул. Эркек балдар удаа болгондуктан, атамдан жашынып алып мушташчубуз. Эгер атам билип калса, баарыбызды тизип алып сабачу. Ошондо да ага-инилеримди сабатып коюп, мен кутулуп кетчүмүн. Атамдын бир тууган агасынын Урмат Анарбаев деген баласы мени менен бир класста окучу. Байкуш момун бала эле, менин күнөөлөрүм үчүн мектепте токмок жеген учурлары көп болду. Жыйналышта «тартип бузган Анарбаев, чык ортого!» дегенде Урматты түртүп чыгарып коём. Агай жини келип «берки Анарбаев, чык!» десе да, жашынып алып, издетип жатып араң чыгар элем.
Бир күнү кабинеттерибиздин бирине жаңы парда илинди. Кнопка менен ачылып жабылат экен. Ойноп жатып парданын жибин үзүп алдым. Эжекебиз келип суракка ала баштады. Мен ордумдан туруп «кабинет караңгы болуп кеткенинен парданы ачып жатсам, Урмат келип жаба турган кнопканы баса койду эле жип үзүлүп кетти» десем, эжеке Урматтын сөзүн укпай эле аны сабаган. Токмок жесем да, мага тийишкен баланы үйүнө чейин барып уруп келген күндөрүм да болгон.

«ТООК СҮЙҮҮЛӨР КӨП БОЛГОН»
– Классымдан эле бир топ кыз жакчу. Өзүмдөн чоң кыздарды да сүйө бермей адатым эле. Чоң класстагы кыздардын көкүрөгүн кармап качкан күндөрүм азыр да эсимде. Ошондой тоок сүйүүлөр көп болгон.
Шок, анан тандырдай дуңкуйган бала болгондуктан, кыздар мени карачу эмес. Бирок кийин минтип мыкты жигит болуп чыкканымда «Талантка эле тийип албай...» деген кыздар көп болду.

Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
bek007
2012-12-03 15:35:20
Талант байке Чаткалга даагы концерт лоюп келинизчи жаз чыкса...........
0
jhanibek
2012-12-04 00:29:57
bek007,талант байкен жаны базарлыктардан таяк жеп клген чаткалга барбас болуп
0
ouma
2012-12-06 15:10:03
jhanibek, ;жаман мактаныпсын го жакшы иш кылгансып.! Колхоз болсонор ошону кыласынар да. колунардан башка эч нерсе келбесе.!? колхоз.!?)))
+5
bektursun2010
2012-12-03 15:42:52
талантынызга талант кошулсун байке
0
amalia
2012-12-03 19:05:48
Azamatsyz Talant BAIKE ISHINGIZGE IIGILIK!!!
0
stt
2012-12-04 03:21:08
barakelde
0
Alima96
2012-12-04 12:52:14
Iygilik!
0
manas1987
2012-12-08 18:27:25
чыныгы талантту адам бат-баттан концерт койсонуз жакшы болот эле.
0
Rostov-on-Don
2012-12-09 23:00:03
Мага да жагат ишинизге ийгилик!
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан