ААЛАМ СУЛУУСУ АНАРА

Балдар, бүгүн бизге конокко Улукбек кызы Анара аттуу 10 жаштагы ажарлуу кыз келип отурат. Ал бир нече сулуулар сынагына катышып жеңүүчү аталып, Кыргызстандын атын чет өлкөлөргө таанытып келет. Келгиле, Анара менен жакындан таанышалы.

– Анара, канча жашыңдан бери сулуулар сынагына катышып келе жатасың?
– 7 жашымда агам моделдер мектебине киргизген. Ал жакта окуп жүрүп сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштадым. Алгач Бишкектеги «Жаш сулуу-2011» сынагына катышып, баш байгеге ээ болгом. Андан кийин Молдовада өткөн «Ааламдын кичинекей сулуусу, жаңы өспүрүм жылдыз» деген сынакка катышып келдим. Ал жактан да баш байгенин ээси болдум. Жакында Казакстанда өткөн «Ак көгүчкөн» фестивалына катышып,
I даражадагы лауреат болдум.

– Сулуулар сынактарына катышып жүрүп сабакты унутуп калган жоксуңбу?
– Жо-ок. Мектепте жалаң «5» деген баага окуйм. Келечекте дарыгер болгум келет. Ал үчүн абдан жакшы окуш керек. Мага кыргыз, англис тилдери жана математика өзгөчө жагат.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Китеп окуйм, бийлейм. Бийлегенди абдан жакшы көрөм. Телевизордон бийчилердин бийлегенин көрүп эле үйрөнүп алам. Учурда ата-энемдин жардамы менен февраль айында АКШнын Майами шаарында болуучу «Дүйнөнүн кичинекей сулуусу» сынагына даярданып жатам.

– Анда сага ийгилик каалап, мындан ары да жакшы оку демекчибиз.
– Рахмат!

 Кыстарылган видео 
Кыргыздан чыккан ааламдын кичинекей сулуусу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ouma
2012-12-03 14:05:18
Ийгилик жащ периште..!
+2
nnn
2012-12-03 16:17:34
Тилегине жет жаш сулуу!Аябай татынакай экенсин
+2
maksimus
2012-12-03 18:15:17
Jakwy,yimanduu kyz bolup chonoi e.
0
maksimus
2012-12-03 18:15:17
Jakwy,yimanduu kyz bolup chonoi e.
+2
Begim8678
2012-12-05 15:41:15
Оркунун осо берсин! Эми АКшга барганда да гран-прини женип кел! Омурун узун, бактылуу болсун! Тилегине жет!
0
gumi94
2012-12-05 17:08:19
suluu kyz eken chyndygynda! Tilegine jet! Allahym iyman, akyl, den-sooluk, bakyt, iygilik iroolosun!
0
Aidaiko
2012-12-07 17:18:55
baarynanda birin4i saga YIMAN tileimin... azamatsyn iigilik saga
0
Jamaksana8988
2012-12-09 02:31:51
Allahum koldosun men da eldin sozuno koshulam en negizgisi uyman anan sabur kaalaym ...oshondo baaru bolot.
0
shirin27
2012-12-10 01:05:37
Den sooluk anan iyman bersin . Jaratkan tuura adal joldo tarbiya alishina jardam bersin. Zaman deybiz zaman emes ele elderibizdin kobu iymandan ketip kaldik kuday sakta ushul bizdin muundaribizga jaratkan iyman iyman Jana sabirduuluk bersin
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан