Министрдин иш бөлмөсү. Маңдайымда 30 жылдык үй-бүлөлүк тарыхы бар, ынтымактуу, үлгүлүү жубайлар. Бири-бирине болгон сый-урматы, жагымдуу, жумшак мамилеси жана жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгү сүйүү менен ыраазычылык сезимдери сырттан байкалып тургансыйт. Ырчы, обончу, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов жубайы Чынара Сатыбалдиева менен «Жан шерик» рубрикабыздын бүгүнкү коноктору.
– Бүгүн сиздер менен жалаң гана үй-бүлө жаатында сүйлөшсөк деп турам. Кепти үй-бүлө курган алгачкы күндөн баштасак.
Ибрагим Жунусов: – Үй-бүлө жолуна аттанган учурда менин жакшы эле популярдуу болуп турган учурум эле. «Алтын апа», «Чынара», «Сүйүү баяны», «Сүйүү ишеними» деген ырларым элге сиңип калган кез. Бирок анда үйлөнүүгө даяр эмес элем. Төрт бир туугандын үчөө студент, жалгыз гана апам мугалим болуп иштеп акча табат. Үйүм жок, иштеген ишим жок. Өзүм үчүнчү, Чынара болсо экинчи курста окуйт. Алгачкы 4 жылда батирлеп жашап жүрдүк. Нанга акчабыз жок, ачка калган күндөрүбүз болгон. Азыр аны балдарыбызга айтсак, таң калышат.
– Чынара эже, турмушка чыгып жатканда ушундай кыйынчылыктардын болорун күттүңүз беле?
– Биз Ибрагим экөөбүз бир тойдо таанышып калганбыз. Ал жөн гана «мимолётный» таанышуу болчу. Бирок андан көп өтпөй ошол ырчы жигит жөнүндө жакшы пикирлерди, мактоолорду уга баштадым. Экөөбүз бир окуу жайда окучубуз, кийин дагы бир ирет жолугушуп калдык. Жылдызыбыз келишип, 2 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Мен жашаган жатаканага каттай берип тажаганынан кийин бөлмө алып көчүп келип алган. Ошентип жүрүп баш кошконбуз.
И.Ж.: – Ал кезде жатаканадагы балдар менен Чынараны талашып далай жолу мушташтым. Сыртынан жактырып жүргөндөр келип «экинчи биздин жатаканага келбегин» дешет, «эмнеге келбешим керек?» деп мен чыгам. Айтор, биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү элдин баары билчү. Кээде бизди көргөндө студенттер бөлмөлөрүндө «Чынара» деген ырымды жаңыртып, үнүн катуу чыгарып бизди карап калышар эле.
Ч.С.: – Кыскасы, кимге, кандай үй-бүлөгө чыгып жатканымды алдын ала жакшы эле билгем. Турмуштун сыноолоруна деле даяр болчумун.
И.Ж.: – Чындыгында, биздин үй-бүлөгө караганда Чынаранын ата-энеси ал кезде жакшы турушчу. Мен апамдан, Чынара дагы ата-энесинен 2-3 айча жардам алып турдук. Анан уялат экенсиң да. Үй-бүлө болгон соң өзүм багышым керек деп аракет кыласың. Апамдын менден башка Бишкекте дагы эки студент баласы бар дегендей.
Кандай гана жумуштарда иштебедим? Жаңы үйлөнгөн кезде бир өзбектин үйүндө батирде турчубуз. Акысын төлөчү күндү бир аптага жылдырып беришин өтүнүп үйүндөгү бүт жумушун аткарчубуз. Короосун шыпырып, таштандыларын тазалап дегендей. Вагондордон көмүр түшүрүп иштечүмүн. Ал маалда тойлордо ырчыларга акча беришчү эмес. Тойго чакырат, барып ырдайсың, акырында кадимки чүпүрөк түйүнчөккө нан-пан түйүп колуңа карматып узатып коёт. Ошого сүйүнүп жөнөйсүң.
Анан да анда элге бөтөлкө сатуу уят иш болчу. Мен ага карабай үйдөгү болгон бөтөлкөлөрдү кыя өтчү эмесмин. Ошол жерге отура калып, ичин жууп-тазалап, алпарып сатып, андан алган 10 тыйынга жарым бөлкө нан алчумун. Ал кезде Оштогу ашканаларда жарым порциялап тамак сатылчу эмес. Бир порцияны 50 тыйынга сатып алып Чынара экөөбүз бөлүп жеп алчубуз. Жарытып жакшы, жарашыктуу кийим деле кийчү эмеспиз. Анан кыздуу болуп калдык. Андан бетер кыйналдык. Балалуу үй-бүлөгө батир да табылбайт экен. Айтор, биз көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Буюрса, азыр эми анын баарын жеңдик деп ойлойм.
– Чынара эже, Ибрагим агайдын бул кептеринен кийин мындай кыйынчылыкты жеңүү сизге канчалык оор болгонун уга кетпесек болбос.
– Чындыгында эле абдан оор болгон. Бирок адам баласы кандай гана кыйынчылыкка туш келбесин, баары бир моюн сунууга аргасыз экен да. Ибрагим жакшы жашоого умтулуп, колунан келгенинин баарын кылды. Үй-бүлө багам деп көмүр жүктөп, бөтөлкө сатканга чейин барды. Аны көрүп туруп эмне демек элем? Ыраазы гана болосуң. Ошол кезде эле экөөбүздүн «али алдыда бийиктиктерди багынтабыз» деген тилектерибиз бар болчу.
– Ошол күндөрдү эстеп, балдарыңыздарга сабак катары айтып турасыздарбы?
И.Ж.: – Ооба, кээде урушуп калабыз, «силер биз көргөн күндү көргөн жоксуңар да» деп. Бирок кайра артынан «ошондой кыйынчылык күндөрдү балдарым көрбөсө экен» деп тиленесиң.
– Чынара эже, жолдошуңуз бир кезде популярдуу ырчы болду. Ырчылардын күйөрмандары көп болчу эле...
– Ооба, күйөрмандары болду. Аша чаап, үй-бүлө ынтымагына доо кетиргени болгон жок. Ошонусуна кубанам. Эл адамы болуп, популярдуулугу артып турганда ушак кептер да ээрчийт экен. Андайда мага Ибрагим жөнүндө ушак айтып келген адамдын өзүн кайра башка ойго салып узатып койчумун. Ушак сөзгө караганда жолдошума болгон ишенимим бийигирээк болду. Азыр деле интернеттеги сын-пикирлер, ушак кептерди угуп калам, андайга маани деле бербейм.
И.Ж.: – «Сен жөнүндө эл арасында сөз болсо, сен популярдуусуң, а сөз болбосо, анда сени эч ким тааныбайт» деген сөз бар эмеспи. Сөз боло берет экен.
– Үй-бүлөдө кызгануу сезимдери кимиңиздерде күчтүүрөөк?
И.Ж.: – Жаш кезде мен кызганчаак элем, кийинчерээк Чынара кызганчаагыраак болуп калды окшойт (күлүп).
Ч.С.: – Жаш кезде Ибрагим аябай кызганчаак болчу. Ар бир кадамымды көзөмөлдөп турар эле. «Жумуштан саат баланчада чыксаң, мынчада үйгө келесиң» деп. Айтылган убакыттан 10 мүнөт кечигип калсаң, «кайда жүрдүң?» деп ошол үчүн деле уруша кетчүбүз. Азыр мен үйдө отургандыктан, «кайда бардың, качан келесиң?» деп сурайм да. Антип сурап калсам эле Ибрагим «кызганып жатасың» деп калат. Ишинин көптүгүн жакшы түшүнөм, андыктан көп деле кызгана бербейм. Кызганбайм го деп эле ойлойм.
– Үй-бүлөдө анда-санда боло турчу пикир келишпестиктерди кантип жеңесиздер?
И.Ж.: – Андайда абалга жараша бирөөбүзгө артка кадам таштаганга туура келет. Кээде мен, кээде Чынара. Бири-бирибиздин пикирибизди угуп, токтоолук, түшүнүүчүлүк менен кандай гана маселе болбосун жеңүүгө болот. Мисалы, бизде балдарга болгон мамиле, таалим-тарбия жаатында деле пикир келишпестиктер болуп кетчү. Бир нерсеге ачууланып катуу айтып койсоң, жубайың чыгат, «катуу айттың, абайлап, акырын деле түшүндүрсөң болмок» деп. Анан унчукпай койсоң дагы чыгат да, «айтсаң боло балага» депчи. Кыскасы, үй-бүлө болгон соң андай-мындай болуп турат.
– Чынара эже, жолдошуңуздан кандай белектерди алып турасыз?
– Мурда салт катары жыл сайын туулган күнүмдө алтын зер буюм белек кылчу. Азыр белек берүүгө шылтоо болуп калса, «эмне алып берейин?» деп алдын ала өзүмдөн сурайт. Көбүнчө үйгө керектүү буюмдардан алдыртам. Айтпай туруп сюрприз кыла элек (күлүп). Бирок бул романтик, а мен реалистмин.
– Атактуунун жубайы болуу сиз үчүн...
– Башында абдан эле оор болду. Качан да болсо Ибрагимдин көлөкөсүндө болдум. Бир жакка барсам, элдин мага болгон мамилеси жөн эле Чынарага эмес, Ибрагимдин жубайына. Андай мага жакпай, жеке адам катары көрүнгүм келчү. Ал үчүн менде деле мүмкүнчүлүк менен потенциал бар болчу. Бирок акыры үй-бүлө, бала-чака деп жүрүп Ибрагим Жунусовдун жубайы болуп кала берүүгө көндүм окшойт (күлүп).
– Экөөңүздөрдүн тең эсиңиздерде түбөлүккө калган бактылуу күн?
Ч.С.: – Үйлөнгөн күнүбүздү, ар бир балабыздын төрөлгөн күнүн айтат элем. Анан, албетте, балдарыбыз аман-соо, ден соолугубуз чың, төрт көзүбүз түгөл дегендей, ар бир эле күнүбүз бактылуу.
И.Ж.: – Ооба, экөөбүздүн баш кошконубуз бактылуу жашоонун башталышы болду да. Үлпөт тоюбузда да кызыктуу бир окуя болгон. Башта айтып кетпедимби, студент болгондуктан, материалдык жактан кыйналып турган күндөр. Никеге туруу үчүн ЗАГСка барууга нике шакегибиз жок. Алалы десек акча тартыш. Анан кошуналарыбыздын шакектерин бир күнгө сурап алып тагынганбыз. Колдорубузга чоң болгондуктан, аны Чынара жоготуп алып, кийин төлөп кутулганыбыз эстен кетпейт.
Окууга тапшырардан мурун бир жыл көчө шыпырып иштедим, мени «ушинтип калдың» деп мазактап күлгөн классташтарым болгон. «Болгон тагдырыбыз, жашообуз ушул беле?» деп апамдын ыйлап отурган күндөрү эсимде. Мени «үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси жок» деп чанган кыздар болгон. Бирок ал кезде эле көкүрөгүмдө тилегим, максатым бар болчу. Ошого үмүт артып жашаар элем. Кийимим бүтүн, үстүмдө үйүм бар, тамагым жетиштүү жашап калганыма 10-15 жылдын гана жүзү болду. Эми мени сындагандар мен асмандан түшө калгандай сөз айтышат. А чындыгында, көп кыйынчылыктын артында гана мен ушул күнгө жетип отурам.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg