АЙДООЧУНУН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАН МАИ КЫЗМАТКЕРИ

Азыр көпчүлүк элдин МАИ кызматкерлерине карата көз карашы терс экендиги жашыруун эмес. Бирок ошол МАИ кызматкерлери керектүү учурда жардам берүүдөн качпастыгына ынандык.

«УУЛУМДУН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАН ЖИГИТКЕ ЫРААЗЫМЫН!»
Редакциябызга Кайыргүл Саадаева аттуу айым кайрылып, уулунун өмүрүн сактап калган жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерине ыраазычылыгын билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү болжол менен 16:30да балам Асхат машина айдап келе жатып жолдон тайып, жолдун жээгиндеги талдарды сүзгөн экен. Бактыга жараша, бир МАИ кызматкери келип, уулумду сүйрөп тышка алып чыгып, өзүнүн кызматтык унаасы менен ооруканага жеткириптир. Кийин сураштырып, ал жигиттин атын билдик. Аты-жөнү Кайрат Нурбеков экен. Уулумдун өмүрүн сактап калган Кайратка жолугуп, ыраазычылыгыбызды айттык. Ага өмүр бою карызмын. Кудай ушул жигитке узун өмүр берсин!

«МЕН ӨЗ МИЛДЕТИМДИ АТКАРДЫМ»
Андан кийин биз жогоруда аты аталган каарманыбызды таптык. Ал Аламүдүн РИИБинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери Кайрат Нурбеков экен. Анын жасаган жакшы иши тууралуу өз оозунан уккубуз келди.
– 13-ноябрь күнү болжол менен 16:30да Лебединовка айылында жол эрежесин бузган айдоочуларды текшерип турганбыз. Эреже бузган бир айдоочуну токтотсок, ал Аламүдүн районундагы Восток деген айыл тарапта бир машина тайып, жол жээгиндеги сайга түшүп кеткенин айтты. Мен ошол замат окуя болгон жерге бардым. Барсам, топтошкон эл жаңыдан күйүп баштаган Мерседес үлгүсүндөгү машинаны жарданып карап турушат. Арасында телефонуна тартып жаткандары да болду. Ичиндеги жаш жигит чыга албай калыптыр. Көрсө, машинасынын эшиктери блокировкага түшүп калган экен. Анан арткы терезесинин сынган жеринен кирип баланы алып чыгып, өзүмдүн кызматтык унаама салып ооруканага алып жөнөдүм. Аңгыча алдымдан «Тез жардам» кызматы чыкты эле, ошого салып бердим.
Айдоочу 18 жаштагы Асхат деген жигит экен. Менин оюмча, өзүмө тиешелүү милдетти аткардым.

Каарманыбыздын сөзүн укканда бали дегиң келет. Ар дайым арабызда ушундай эл үчүн кызматын аябаган азаматтарыбыз көп болсун!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айдоочунун өмүрүн сактап калган МАИ кызматкери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Jamaksana8988
2012-12-05 06:46:29
Dostor CRASH degen kino barda oshonu korgulo oshondo bilesiner men emne jonundo aytkum kele jatkanun ...
0
Jamaksana8988
2012-12-05 06:48:46
Ozu bizde oto kop jol kursuktary albette emne sebepten oshol MAI lerdin shalaku parahorlukunan PRAVA algan jash ospurumdorgo akchaga satushat anan alar ech nerseni bilbeyt jol erejesi boyuncha ...
0
Jamaksana8988
2012-12-05 06:53:07
Biz otkondo agama Mashina alduk anan emne boldu desener dostor ... Agama PRAVAnu satup alup berdik andan son 1 ay otup otpoy ele bir Mashina nu suzup aldu emnelekten albette Oshol bashchular jol MAI leri PRAVAnu satkanduktan I agam ech nerseni bilbegendikten , eger okup bashyn achutup baarun bilip PRAVAnu alganda baarun bilip mundaylarga kop uchurabayt bolchu bizdin jashtar...
0
PRAVDA.KG
2012-12-09 00:11:09
Jamaksana8988, мен сага тушуно албадым. Биринчиден праваны ГАИлер бербейт, экинчиден сатат деп эле ала бериш керекпи. Эгер чындан эле агана праваны сатып берген болсонор, биринчи силерди жоопко тартыш керек, пара берип, жалган документ жасатканынар учун.
0
turidiablo
2012-12-05 19:46:03
моледец кайрат. Гаини жамандайбыз бирок алар жок болсо жолдо хаус болуп кетмек, кырсыктар да коп болмок.
0
Askar.96kg
2012-12-06 10:18:12
Ооба, МАИ кызматкерлеринин таза иштегендери да бар, Кайрат байкеге окшогон
0
admin_AGAT
2012-12-06 16:58:12
kaiurka - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Эрежелерге көңүл бөлсөңөр.
0
realliver
2012-12-06 17:54:37
Кайрат Азаматсын. Бул Кайрат деген бала жакшы адам гана эмес, ырды да оло тытат. Гулжигит Сатибековдун ырдаганын келтирет да
0
aza150691
2012-12-06 20:57:27
МАИчи да халтура болсо уруп калайын деген ойдо жетип барса керек эле да ))))))))
0
realliver
2012-12-06 21:07:32
Аза150691 "кыйраттын"
0
aizuma
2012-12-07 22:18:51
Кайратка окшогон эр азаматтар кобуроок болсо!
0
alika.li
2012-12-07 23:55:33
aza150691 менин жолдошум МАИ кызматкери болуп "иштеген"мен бул кызматтагы адамдардын психологиясын жакшы билем,булар эн жонокой кыргыздын жигиттери.Бир кумалак-бир карын майды чиритет демекчи,арасында ар кандай адамдар болот экен.Менин жолдошум да Оштогу окуяларга катышып,ким билет канча адамдын жанын сактап калды.Ошондо да жакшы соз уккан эмес,оз каалосу менен иштен кетип калган.Адамды каралаш оной,бирок ойлонуп-анан ойунду айтып жур.
0
admin_media
2012-12-08 12:24:20
taalai.ru,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Jamaksana8988
2012-12-09 00:23:29
PRAVDA.KG bir ele biz emes anu Kyrgyzstan boyuncha baaru satup alat je kordunbu biroo jarumdu barup okup prava algan adamdu . Biri birine tonkoshot al bunun ishi emes al anun ishi deship .anda kgtan boyuncha baarun sotoshuna tuura kelet bash bolup seni.:::)))
0
asanov.chyngyz
2012-12-09 17:15:57
Кыштын кунундо айдоочуларга айтарым абайлап журсонор.Кудай сактасын элибизде жакшы наакыл соз бар кырсык каш кабактын ортосунда ошондуктан дегеле кыргыз элим бодо кырсыктан алыс болойлу.Кайратка окшош эр азаматтар коп коп болсун!!!
0
zvezda...
2012-12-09 20:29:48
Азаматсын Кайрат!Албетте озундун жумушун аткаргандыгын,анан да ар бир эле адам баласынын милдетин аткарыпсын!Ал эми туура эмес комменттерге конул болбой эле кой,бизде кыргыздар жакшылык жасаган адамды мактап,ыраазычылыгын билдиргендин ордуна туура эмес жагын чукулап чыгып,кемчилигин созсуз айтканды жакшы корушот да кобу(((
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан