Фотографтардан корккон АДЕЛЬ

«Туңгуюкка карай» («Rolling in the Deep») ыры учурда дүйнөлүк хитке айланып, атактуу ырчылардан тарта жөнөкөй музыка сүйүүчүлөргө чейин анын түп нускасына азыноолак кайрыктардан кошуп эле жаңы ыр жараткандар көбөйдү. Демек, чынында, мактоого татыктуу ыр. Алдыда ушул ырдын аткаруучусу, автору Адель тууралуу баян.

Толук аты-жөнү – Адель Лори Блу Эдкинс
Туулган жылы –
1988-жыл, 5-май
Туулган жери –
Тоттенхем, Лондон
Өлкөсү –
Англия
Кесиби –
Ырчы
Ойногон аспаптары –
Гитара, фортепиано
Жанры –
Поп, соул, инди-поп, жаз
Сыйлыктары – Америка музыкалык сыйлыгынын «Жылдын артисти», «Мыкты сүрөтчү», наамдары (2011), «Мыкты поп-рок ырчы», «Мыкты поп-рок альбом» («Туңгуюкка карай» («Rolling in the Deep») ыры үчүн (2012) жана башка

МЕКТЕПТЕН БАШТАЛГАН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
Адель – учурда 24 жашта экенине карабай, Англиянын шоу-бизнесинде өз ордун таап, тез арада атактуулуктун туу чокусун багынта алды. Аделдин музыкага болгон сүйүүсү бала чагында, мектеп курагында эле ойгонгон. Бирок келечекте бул багытта карьера жасоо анын оюна келген эмес. Болгону, эртеден кечке чейин ырдап жүрүп, акыры ушул чөйрөнүн адамы экенин түшүнүп, ырсыз жашоо кечире албасына көзү жетет. «Атак алып келген шаарым» Hometown Glory») ырын мектептеги бир кечеде аткаргандан кийин аны досу интернет порталга жүктөп салат.
Мына ушундан тарта ага белгилүү продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуштар түшө баштайт. 2007-жылы 19 жашында анын алгачкы «Тротуардагы куугун» Chasing Pavements») ыр жыйнагы жарык көрөт. Ошондон баштап ыр ышкыбоздорунун катарын толуктап келет.

«ЫРЫМДЫ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН СҮЙҮҮМӨ АРНАГАМ»
2011-жылдын 24-январында ырчынын кезектеги «21» деп аталган ыр жыйнагынын бет ачары болуп өткөн. Андагы «Туңгуюкка карай» Rolling in the Deep») менен «Сендей бирөө» Someone Like You») чыгармалары британиялык чарттардын сап башын ээлеп, хит-параддарда бир канча убакыт 1-орундан түшпөй калган. Аталган эки ыр өз мекенинде эле эмес, Ирландия, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Швейцария, Австрия, Бельгияда да хит болуп, Аделге болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келди. «1964-жылдан бери мындай көрсөткүчкө ээ болгондор «Битлз» тобунан башка бир дагы музыкалык командада, жадакалса жеке ырчылардын арасында да катталган эмес. Бул Аделди дагы бир тепкичке жогорулатса, Англия үчүн эң чоң сыймык жаратты» дешет ыр дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү. Анан да Аделдин «Туңгуюкка карай» чыгармасы чынында эле элдин сүймөнчүлүгүнө татып, популярдуу болуп жатканын мындан билиңиз, учурда дүйнө жүзү боюнча түп нускадан сырткаркы версияларынын саны жүздөп саналат.
Адель бул ыры тууралуу: «Ырымды жетпей калган сүйүүмө арнагам. Чоң махабатка кабылып, ал адам үчүн өмүрүмдү берүүгө даяр болгон күндөрүм дагы деле көз алдымда. Ал таза, тунук сүйүү болчу. Анда мен 21 жашта элем. Ал сүйүүнү сактай албай калганбыз. Бул үчүн ушул кезге чейин өкүнөм»,- деп эскергени бар.

«САХНАДАН БИРОТОЛО КЕТЕМ»
Салтанаттуу кечелердин биринде папараццичилер Аделдин нике шакек тагынып жүргөнүн байкап калышат. Мындай жаңылыктын жабык бойдон калбасы айдан ачык эмеспи, заматта желдей тарап, ырчынын жашыруун турмушка чыкканы тууралуу сөздөр айтыла баштайт. Журналисттердин «турмушка чыктыңызбы, колуңузду кармаган бактылуу мырза ким?» деген суроолоруна Адель «бул маалымат калп» деп жооп узатып келген.
Бирок дайыма элдин көңүл чордонунда жүрүүдөн чарчаганбы, айтор, күндөрдүн биринде өзүнүн расмий сайтына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: «Ооба, мен турмуш жолуна аттандым. Сүйүктүүмдүн аты – Саймон Конески. Дагы бир жагымдуу жаңылыгым менен бөлүшкүм келет. Биз наристе күтүп жатабыз. Албетте, өтө толкунданып турган кезибиз. Сиздерден сураныч, биздин жеке жашоого болгон укугубузду сыйлап, тынчыбызды албагыла. Сахнадан биротоло кетем. Урматым менен Адель». Мындай кабар, албетте, ырчынын фанаттарын дүрбөлөңгө салбай койгон эмес. 2012-жылдын 12-октябрында аман-эсен көз жарып, уулдуу болду. Бир аз тыныгуу алган соң учурда негедир Аделдин баягы сөзүнүн бири жок, кайрадан чыгармачылык менен алпуруша баштады.

АДЕЛЬ МОДЕЛЬЕР БОЛОТ
«Vogue» журналынын редактору Анна Винтур журналдын негизги бетине эч качан толук айымдар чыкпасын баса белгилеп келген. Жылдызы жанып, ийгиликке чулганып турган Адель эл алдына чыга келгенде Анна бул оюнан кайтып, бир нече жолу ага журналдын жүзү болуп беришин өтүнүп кайрылган. Буга түшүнбөй калган журналисттер суроо узатканда Анна: «Vogue» ийгиликтүү адамдар үчүн иштейт. Адель азыр дал ошондой кырдаалда»,- деп жооп узаткан. Ошондон тарта Адель аталган басылма менен тыгыз иш алып барат. Мындан улам «Burberry» мода үйүнүн директору Кристофер Бейлинин да кызыгуусу артканбы, толук айымдар үчүн кийимдер топтомун чыгаруу максатында Аделге иштешүү, модель катары өзүн сынап көрүү сунушу менен кайрылган. Ырчы кыз муну жылмаюу менен кабыл алган. Жакын арада толук айымдар үчүн кийимдер коллекциясын чыгарып, модельер да болууну пландап жаткан учуру.

«ТОЛУКТУГУМДУ СТЕРЕОТИП КАТАРЫ ЭСЕПТЕБЕЙМ»
(Европалык басылмалардын бирине берген интервьюсунан)

– Адель, сен элдин адамысың, күйөрмандарың ырларыңды сүйүп угушат. Мындай жашоо сага жагып жатабы?
– Ооба, бирок мен жылдыз оорусуна кабылуудан корком. Анан да фотографтардын алдында ары кыйшайып, бери кыйшайып сүрөткө түшкөндү жаман көрөм.

– Фотографтын алдында турганда сенин толуктугуң ыңгайсыздык жаратат окшойт, ээ?
– Эмне үчүн толуктугумду стереотип катары кабыл алышым керек? Менимче, чыныгы таланттуу адам өңү, кийген кийими менен таанылбайт болуш керек.

– Өзүңө убакыт табылабы?
– Биринчи ыр жыйнагым жарык көрүп, атактуулуктан башым айланып турганда чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеткем. Азыр андай эмес, убакыт табылат.

– Музыка сырларын дагы терең өздөштүрөсүңбү?
– Адам канча окуса дагы, кесибинин сырын түшүнүп бүтө албайт. Билим алуу – түбөлүктүү процесс. Ушул тармакка өмүрүмдү арнагандан кийин аягына чейин чыгышым керек.

Асель Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ott
2012-12-03 21:18:16
There's a fire starting in my heart,
Reaching a fever pitch and it's bringing me out the dark...
0
sultan.kg
2012-12-03 23:09:17
Rolling in the Deep деген ыры жеке мага жаккан жок!
-1
Vacant
2012-12-04 11:18:57
Супер , "Someone like you " деген " Сендей болгон бироо " орусча " Такого как ты " деп которулат. Газетага басылып чыгардан мурда еч ким текшербейби??
0
admin_AGAT
2012-12-04 11:34:57
Vacant, чоң рахмат!
Катачылык кеткен. Түзөтүлдү!
0
altinim
2012-12-04 19:11:56
эн жакшы коргон ырчым айрыкча " Set Fire To The Rain " деген ырын суйуп угам
0
Rostov-on-Don
2012-12-09 23:27:57
Бул ырын Аида Николайчук да жакшы ырдап чыккан.
0
Jamaksana8988
2012-12-10 05:17:34
Just she is SUPER . I heard her first time when I was in New - Jersey ...and New -York... Still I love it...
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан