Заман өзгөргөн сайын адам баласынын модага болгон талаптары өзгөрүп келет. Акыркы жылдары андрогин моделдердин күнү тууп жаткан мезгил. Алгач андрогин модель деген ким ошону айталы. Ал деген кыздын да, эркектин да кийимдерин подиумга кийип чыккан модель мырзалар. Бизде да мындай модель бар экен. Ал – Асан Бердибаев.
– Салам, Асан, куш келипсиң редакциябызга. Айтсаң, моделдик карьераңды канча жашыңдан баштагансың?
– Жакшы, рахмат. Моделдик карьерамды 13 жашымда Кытай жергесинде баштагам. Учурда 19 жаштамын. 6 жылдык моделдик карьерамда Кытайдын Гуанчжоу, Пекин, Кореянын Сеул, Чонжу, Казакстандын Алматы, Астана шаарларында модель болуп иштеп жүрдүм. Жалпысынан айтканда, бүт Азиянын подиумдары менин бут алдымда калды.
– Чет өлкөлүк моделдик агенттиктер менен биздин моделдик агенттиктердин айырмасы чоң болсо керек?
– Албетте, чоң. Мен чет өлкөдөгү подиумдарды басып келген адам катары айтсам, кыргызстандык дизайнерлер, моделдик агенттиктер жумушуна олуттуу карашпайт. Кээ бирлери акча табыш үчүн иштешсе, айрымдарына атак керек. Кыргызстанда мода менен алектенген адамдарга кайрылат элем, моделдерге ыңгайлуу подиум коюп бергилечи?! Чет өлкөдө подиум атайын ламинаттан коюлат, ал эми бизде андай койгонго шарт жок. Дагы бир чоң айырмачылыгы – бизде моделдердин гонорары да аз. Чынын айтсам, Кыргызстанда мода дүйнөсү өнүгө элек. Бирок өнүктүрсөк эмнеге болбосун, башкалардан эмнебиз кем? Мисалы, биздикиндей кооз жерди эч бир жерден таппайсың, эли карапайым, меймандос, сый-урмат эмне экенин билишет. Ал эми чет өлкөдө кичине аты таанылып калса эле дос-тууганын чанып кетишет, жылдыз оорусу күч.
– Өзүң Кыргызстанда чоңоюп-өскөнсүңбү?
– Кыргызстанда төрөлгөнмүн. Бирок ата-энемдин жумушуна байланыштуу чет өлкөдө көп жыл жашап калдык. Апамдын улуту – кыргыз. Кесиби дизайнер болгондуктан, менин модель болушума себепкер. Атамдын кесиби – архитектор, апасы – орус, атасы – корей. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Улуу агам жана эжем чет өлкөдө жашашат. Түгөйүм Үсөн – дизайнер. Мен подиумга Үсөндүн коллекцияларын кийип чыгам. 3 жыл Ошто, 3 жыл Бишкекте жашагам. Ошондуктан Кыргызстанды Ошко, Чүйгө, Нарынга бөлгүм келбейт. Бардык жер мен үчүн мекен, ыйык жер.
– Сен андрогин модель экенсиң, биздин окурмандарга бул түшүнүктү кененирээк айта кетсең...
– Мунун эч кандай коркунучтуу жери жок. Андрогин деп подиумга кыздын кийимин да, эркектин кийимин да бирдей кийип чыккан моделдерди айтышат. Андрогин өзгөчө акыркы эки жылда Азияда модага айланды. Эң башкысы, трансвеститтер менен андрогиндерди алмаштырбаш керек. Бул менин жөн гана подиумдагы образым, күнүмдүк жашоодо чачымды байлап алып кадимки эркектей эле жүрөм, мындайча айтканда, «натуралмын». Сүйлөшкөн кызым да бар. Мектеп курагымда үч жыл бир кыздын артынан чуркап жүргөм. Кореяда иштеп жүргөндө параметрим андрогин моделдердикине туура келерин угуп өзүм таң калгам. Учурда параметрим – 88-58-88, андрогин модель болуп иштегениме 1 жыл 4 ай болду . Бүгүнкү күндө дүйнөлүк андрогин моделдердин арасында мен 58-орунда турам. Кыргызстанда алгачкы жана №1-андрогин модель менмин.
– Жөнөкөй моделдерге караганда андрогин моделдер көп акча алат болуш керек?
– Кореядан келгенден кийин репутациям көтөрүлдүбү, айтор, азыр моделдердин эң жогорку А+ категориясына кирем. Кыргызстанда кадимки модель болуп подиумга чыкканыма 1000 сомдон өйдө, ал эми андрогин болуп чыксам 2500 сомдон алам. Түштүк Кореяда болсо кадимки модель болуп чыкканыма 250 доллардан жогору, андрогин болуп чыксам 650 доллардан алчумун. Декабрда кайра Кореяга кетип жатам. Анткени 5 жылдык келишимим бар. Бирок түгөйүм Үсөн, актриса Айжан Акылбекова үчөөбүз уюштурган мусулман кийимдеринин көргөзмөсүн жаз айында элге көрсөтүү үчүн сөзсүз келип кетем.
– Көчөдө басып жүргөндө сөөмөй кезеп көрсөткөндөр болдубу? Дегеним, чач өстүрүп, өң-келбетке кам көрүү бизде мырзалар үчүн жат көрүнүш эмеспи.
– Көчөдө кээ бирлер таң калып, кызбы же эркекпи деп эки саат карагыча мен машинага отуруп кетип калам. Терс кабыл алгандарды деле байкабадым, көпчүлүгү түшүнбөгөн бойдон эле калышат. Ал эми айрымдар атайын келип сүрөткө түшүп кетишет. Маршруттук таксиде орун бошотуп бергендер да болгон. Жакында өмүрүмдө биринчи жолу кыргыздардын тоюна барбадымбы, ал жакта сүйлөшкөн кызым менен отурсам, «кыздар, алгыла» деп экөөбүзгө салат салып берип жатпайбы. Бирок сүйүктүүм баарын түшүнүү менен кабыл алат.
– Өзүңө эркектин образы жакынбы же кыздынбы?
– Албетте, эркектики. Кореяда жүргөндө «кашыңды тер» дешкенде «жок» деп болбой койгом. Анткени табигый сулуулуктун жактоочусумун. Мисалы, кыргыз кыздары мага нукура сулуулугу менен жагат, Кореяда кыздардын 70 пайызы пластикалык операция жасатышат. Мен подиумда жана камеранын алдында гана андрогин моделмин. Менин дарегиме Замира Молдошева «трансвестит» деген сыяктуу терс пикирлерин айтканын бирөөлөрдөн угуп калдым. Ал айымды мен дизайнер да, стилист да деп эсептебейм. Анткени анын дизайнер эмес экенин баары билишет. Андыктан анын коллекция чыгарганга укугу жок. Мейли, мени кемсинтеби, эмне кылат, мен анын сөздөрүн этибарга деле албайм.
ДҮЙНӨДӨГҮ АТАКТУУ АНДРОГИН МОДЕЛДЕР
Дүйнөдө эң атактуу андрогин моделдердин сап башында австралиялык Андрей Пежич турат. Мода индустриясында фурор жараткан андрогин модель Андрей Пежичтин популярдуулугун ушундан билиңиз, аны Англия ханышасы Елизавета II чайлашууга чакырган. Мындан сырткары «FHM» журналынын версиясы боюнча «Планетанын эң сексуалдуу айымдары» деген тизменин ичине кирген. Бирок аталган журнал кийинчерээк моделдин эркек экенин эске алып, тизмеден алып, Андрейден кечирим сурашкан.
Уникалдуу андрогин модель Леа Ти жынысын алмаштырганга чейин аты Леандро Церезо болчу. Бразилияда чоңойгон Леа моделдик бизнесте алгачкы жынысын алмаштырган транссексуал. 2010-жылы аны дизайнер Рикордо Тиши байкап калып, андрогин модель катары кабыл алган. Леандрого кыздын образы жагып калганбы, айтор, ал биротоло кыз болууну чечип, моделдик бизнеске баш-оту менен кирип кетет.
Дагы бир атактуу дүйнөлүк андрогин модель – италиялык Роджер Гарт. Бул мырза андрогин моделдердин баштоочусу катары белгилүү. Роджер Италиянын фэшн-индустриясынын тарыхында эң көп акы төлөнгөн топ-модель. Ал «Кельвин Кляйн», «Прада», «Версаче», «Кристиан Диор», «Масатомо» сыяктуу бренддер менен иштешкен. Учурда кинолорго тартылып, актёрлук карьера жасоо менен алек.
Лунара Бекиева
star@super.kg