«КҮЙӨӨМДҮ ТАНДАСАМБЫ ЖЕ?..»

– Турмуш курганыма 6 жыл болгондо үй-бүлөдө чырлар көбөйүп, күйөөм экөөбүз ажырашуу маселесин козгогон элек. Себеби күйөөм үй-бүлөнү бакпай, бизге көңүл бөлбөй калган. Ошентип кыйналып жүргөн убакта мен башка бир мырза менен таанышып, мамиле түздүм. Анткени мени колдоор эч ким жок, мээримди да, жардамды да башкалардан күтүп калган кезим эле. Ошентип, ал таанышым мага моралдык да, материалдык да жардам берип жүрдү. Бирок күйөөм экөөбүз биротоло ажырашпадык. Учурда күйөөм оңолуп, жашоого көз карашы аз да болсо өзгөргөн. Бирок экинчи адамым менен дагы деле мамилемди үзбөй келатам. Андыктан көөдөнүмдү эки анжы ой кыйнап келет. Келечекте кимиси менен бир болсом?
Күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Жашым 38ге келип калды. Балдарга карап күйөөм менен калайын дейм, бирок көңүлдөшүмдүн мага кылган жакшылыктарын эстеп, аны да кыйып кете албай жүрөм. Кимисин тандасам? Кеп-кеңешиңиздерди берүүңүздөрдү суранам.

Эркайым, Бишкек шаары.

Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берет:
– Сиздин алдыңызда чоң тандоо турат. Сиз үчүн кимиси биринчи орунда? Күйөөңүзбү же жардам берип жүргөн адамыңызбы?
Күйөөңүз учурда оңолуп калса, демек, ал адам менен муздап калган мамилени кайра жандантууга аракет кылып көрүү керек. Анткени ал кандай болгон күндө да балдарыңыздын атасы. Балдарга өз ата-энесинин мээрими керек. Андыктан күйөөңүздүн да келечек жашоо үчүн орду чоң экенин билиңиз.
Ал эми экинчи адамыңыз боюнча төмөнкү суроого жооп издеңиз. Ал адам сиз үчүн ким? Балким, кыйналып жүргөндө жардам бергендиги үчүн ага карыздармын деп мамилени үзө албай жүргөндүрсүз? Бул туура эмес. Себеби жардам берүү убактылуу гана нерсе. Бирөө жардам берсе, аны Кудай жиберди деп түшүнүшүбүз керек да, ал адамга ыраазычылык билдирип, көңүлүн алып коюу жетиштүү. Эгер ушул суроону өзүңүзгө берип, чын эле жардам берип жүргөндүгү үчүн мамилени үзө албай жүрөм десеңиз, мында эч кандай сүйүү жок. Болгону, анын алдында карыздармын деп сезесиз. Эгер чын эле бул нерселер үчүн эмес, чындап сүйөм десеңиз, анда ошол адамыңызды тандасаңыз адашпайсыз. Себеби адам каалоосуна карап бүгүн тандап, ал тандоосу менен келечегин түзөт.
Эми барактын эки жагына экөөнүн атын жазыңыз да, алгач алардын жакшы сапаттарын жазып чыгыңыз. Андан кийин жаман жактарын жазыңыз. Эми эсептеп көрүңүз. Кимисинин жакшы сапаттары көп да, кимисиники аз. Кимисинин жаман жактары көп жана кимисиники аз? Бул математикалык эреже да сиз үчүн чоң жардам берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
alimyrza93
2013-02-03 14:12:04
антип ал эжени жаман корсотпогуло элге raia кечиресиз адам керчилуукту болуп жазсаныз эч нерсениз кемип же ашып кетпейт. Эже сиз балдарынызды ойлонуз биринчиден анан озунузду ар кандай вариантар бар жашоо бир эле жолго барып чектелбейт мисал учун дарактын.канча мучосу бар бири курап.баратса башка жагы дагы бар
0
zarifa_love
2013-02-22 19:23:31
бул тагдыр да эжеке.ыйманыныз бекем болсо ар кандай эркекти жолго салсаныз болот.бирок балдарыныз учун куйоонузду танданыз демекмин.
0
kuba1985
2013-04-09 20:07:52
сени ойнош кылган неме , дагы бироону бир куну ойнош кылып алат ко.
0
NES1380
2013-04-18 12:29:11
Ойноштун оюуну жаман дегендей, Ойношунуз туболук болуп бербейт, аны менен жашасаныз тошоктун ысыгы кетип калган учурда дагы бир ойношту табат.Ошондо уйдо жок, же чуйдо жок болуп отурасыз. Андан коро акылыныз барда оз куйоонуздон отру жок. Анткени анын канынан жаралган балдарыныздын атасы да.
0
moskva
2013-05-28 20:56:20
Эри каралашпаса эле ойнош тапканына там берем .анысы да даяр экен да .тооба кылдым балдарын ойлосо андай ишке барбаса керек эле .
0
bek7631
2013-06-01 03:15:07
Өзун эле ойлоп башын оорутпай балдарын дагы ойлобойбу,башка бирөө өз атасындай болмок беле(оңолуп деле калыптыр),жаш кыз эмес экен.
0
aitu94
2013-06-09 02:20:38
Акылыныз жок екен бодоно оз атын озу чакырат болуп, елге емнеге жарыя салдыныз жашоо сиздики го. Канча деген адамдар окуду.
-1
Shekerbek
2013-06-10 14:41:17
Ойношко ишенип 2 баланы тируулой жетим кылган жакшыбы?
0
asyl85
2013-06-17 23:51:07
эсиниз барда этегинизди жабыныз
0
mikka85
2013-06-20 01:30:34
психолог го караганда коментарий жазган колдонуучулар жакшы кенештерин бериптир!
+2
Shura87
2013-06-29 21:25:16
сизге эч кандай математиканын да кереги жок. Эсиниз барда этегиниз жабыныз
0
askat-90
2013-07-18 03:21:14
балдарынызды ойлонуз.туура эмеско жардам берди эле деп жолдошунузду таштап басып кеткен.балдарынызды оз атасынан ажыратпаныз балдарынызды ойлосонуз.же ойношунуз балдарынызданда артыкпы???!!!
0
WICHOLDING
2014-02-01 23:34:54
сен уже тандап койупсун тозокту
0
Adiko..91
2014-11-25 09:46:59
Siz kata kylyptyrsyz sebebi jubailar jowoodogu kyiyn4ylyktardy birge jeniw kerek jawoo uwunda ak4a bailyk jakwy mamile bul ubaktyluu ar bir adam ozunun iwin buturuw u4un baardyk nerseni ubaktyluu jasap beriwi mumkun eje
0
ekaterina
2015-01-07 02:23:55
Бир кун келип жолдошум билип калат деген ой болбойт экенда макул билбеседа балдарын коздорун кантип карап журот
0
№ 526, 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан