– Эгиз балдарым бар. Бала бакчага барышчу. Бир күнү бала бакчада бирөөсүнүн дене табы көтөрүлүп, калтырап-карышып ооруп, «Тез жардам» чакырышыптыр. Ооруканада 10 күн жатып, айыгып чыкты. Анан бала бакчанын башчысы «алып келбесин баласын, оорулуу экен» дептир. Атүгүл экинчи баламды да чыгарып салды. «Неврологдон медициналык аныктама алып кел» деди. Мен Жалдагы ооруканадан аныктама деле алып бардым. Болбой койду. Ызы-чуу кылып жатып бир баламды (оорубаганын) кайра киргиздим. Эми экинчи баламды кайда алып барарымды билбейм. Же бала бакча башчысы менин баламдын ордуна башканы киргизип, акча алып алганбы, билбейм. Эми кимге кайрылып бул маселени чечсем болот?
Бегайым, 27 жашта, Сокулук.
– Бул маселени чечүү үчүн алгач КРнын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылыңыз. Эгер министрликтин берген жообу сизди канааттандырбаса, анда тийиштүү документтерди чогултуп, доо арызыңыз менен сотко кайрылсаңыз болот.
Суроолорго «Абдрахманов и Ко» юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген диллемага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» жана «Психологдун кеңеши» рубрикаларыбыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.