– Бул окуя төмөндөгүчө болгон. Өзүм жогорку окуу жайдын студентимин. 1-курсту аяктагандан кийин жайкы каникулда айылга бардым. Айылга баргандан тарта мектеп кезинде «кыз-жигит болуп алалы» деп сөз айтып жүргөн менден бир жаш улуу айылдаш жигит мени алам деп артымдан чуркай баштады. Ал жигит мага жакпагандыктан, баш тартып, «тийбейм» деген элем.
Ошентип жүрүп июль айынын ортосунда кеч кирип калганда үйгө келиптир. Телефон чалып жалдыраганынан макул деп жолугушуу үчүн сыртка чыктым. Машинасы менен жүргөн экен. Отуруп сөзүн угайын дегиче болбой эле «мага тийбесең, сага бирди көрсөтөм» деп машинаны айдап жөнөдү. Ичимдик ичип алганга кызуу экен. Ээн талаага алып барды да, күч колдонуп зордуктап салды. Олбурлуу немеге каршылык көрсөтө албай, ыйлаган бойдон кала бердим. Кылгылыкты кылган соң «мага тиесиңби эми?» деди. Айла жок «макул» дедим...
Бир жумадан кийин тиги жигит «мени кечир, зордуктаганым үчүн. Сени аялдыкка ала албайм, милицияга айтпа. Канча акча сурасаң берейин. Кыздыкты медициналык жол менен калыбына келтирип аласың да» деп телефон чалды. Мен «макул эмесмин» десем, ал Орусияга кетип калды. Кийин телефонун таап чалсам, «билгениңди кыл, эми эч нерсе кыла албайсың. Зордуктады деп далилдей албайсың, убакыт өтүп кетти» дейт. Учурда мен жөнүндө «бузулган кыз» деген ушактардын айтылып жатканын угуп жатам. Зордуктаган жигит да «элдин баарына жаям» деп коркутуп жатат.
Менин атам жок, апам Орусияда иштеп жүрөт. Айылда таенемдер менен турам. Эми сурайын дегеним, кантип тиги жигитти сотко берип, айыбын тарттыра алам? Кылган күнөөсүн мойну менен тартышын каалайм.
Канышай, 20 жашта, Ош шаары.
– Жигитти кылган иши үчүн жоопко тартып, жазасын тарттырсаңыз болот. Бирок ал үчүн сиз тийиштүү далилдерди чогултушуңуз абзел. Мисалы, «мени кечир, зордуктаганым үчүн. Мен сени аялдыкка ала албайм, милицияга айтпа. Канча акча сурасаң берейин. Кыздыкты медициналык жол менен калыбына келтирип аласың да» деп жигиттин айткан сөздөрүн сизден башка да уккан адамдар (күбөлөр) болсо, көрсөтмөлөрүн чогултуңуз. Телефон аркылуу кабарлашып коркутуп жаткан учурда сөздөрдү диктофонго жаздырып, СМС жазса номерди жана текстти сактап коюңуз. Мунун баары далил катары колдонулат. Андан соң укук коргоо органдарына (милицияга) кайрылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 128, 129-беренелерине ылайык зордуктоо, уятсыздык менен сиздин ар-намысыңызды жана кадыр-баркыңызды атайылап кемсинткендиги үчүн бул жигитке карата кылмыш ишин козготсоңуз болот.
Суроолорго «Абдрахманов и Ко» юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген диллемага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» жана «Психологдун кеңеши» рубрикаларыбыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg